Креатинин деген эмне?

№1210

Элестетиңиз, организм чоң шаар, бөйрөктөр болсо анын тазалоочу объекттери. Креатинин – алардын ишинин жыйынтыгы. Эми суроо, эмне үчүн кандагы креатининдин өлчөмүн билүү маанилүү? Ушул боюнча айтып беребиз.

 

Булчуңдагы креатин затынын “күйүшүнөн” пайда болот

Креатинин – бул булчуңдардын жыйрылып иштөөсү үчүн аларды энергия менен жабдуучу креатин затынын “күйүшүнөн” улам пайда болуучу калдык. Креатинин организм тарабынан иштелип чыгып турат жана тамак-аш менен да кирет. Уй, кой, тоок, айтор, жаныбар, канаттуулардын этинде, балыктын курамында болот. Энергия алмашууда чоң роль ойнойт, булчуңдардын чоңоюшуна, адамдардын чыдамкай болушуна салым кошуп, ишке жөндөмдүүлүгүн арттырат. Спорттук БАДдарга да кошулат.

Креатининдин пайда болушу дайымкы нерсе, андыктан канга үзгүлтүксүз  кошулуп турат. Андай калдык убагында организмден чыгып турушу керек. Андай милдет бөйрөктөргө жүктөлгөн. Эгер бөйрөктөр соо болсо, алар канды жакшы чыпкалап, креатининди организмден чыгарып, кандагы анын өлчөмүн белгиленген деңгээлде кармап турат.

Андыктан кандагы, заарадагы креатининдин өлчөмү бөйрөктүн кандай иштеп жатканынан кабар берет. Бөйрөктүн ооруларында аны сыртка чыгаруусу төмөндөп, канда анын өлчөмү жогорулайт. Муну текшерилүүгө коңгуроо деп билишибиз керек. 

Өлчөмүнүн жогорулашынын 3 себеби

1. Бөйрөктүн ооруларына байланыштуу себептер. Бөйрөктөгү пайда болгон таштардан улам зааранын чыгышынын бузулушу, өнөкөт пиелонефрит, гломерулонефрит, кант диабетинен  келип чыккан нефропатия дарты, жогорку кан басым, жүрөк-кан тамыр оорулары бөйрөктүн иштөөсүн бузат, жыйынтыгында креатинин жогорулайт.

2. Бөйрөк ооруларына байланышпаган себептер. Булчуңдун чоңдугу (спортчу, бодибилдерде), текшерилүүнүн алдыңкы күнү оор жумуштарды жасагандык, булчуңдардагы чоң жаракат, тамак-ашка этти чектен көп колдонуу, урук чыктагыч простата безинин оорулары, бөйрөк-табарсыктан жаракат алуу, бөйрөк аркылуу өткөн кандын ылдамдыгынын төмөндөшү. Ошондой эле дененин кургап кетиши (мисалы, кусуу, сууну өтө аз ичүү, ич өтүүдөн), сепсис, жүрөктүн оорулары, канды көп жоготуу.

3. Айрым дарылардын терс таасири. Сезгенүүгө каршы айрым дарылар (ибупрофен, диклофенак), айрым антибиотиктер, химия терапиясында колдонулуучу кээ бир дары каражаттар да кандын курамындагы креатининдин өлчөмүнүн жогору болушун шарттайт.

Жогору болушунун белгилери

• Бат чарчоо, шалдыроо, көңүлдүн айлануусу, кусуу, тамакка табиттин жоголушу, энтигүү.

• Беттеги, денедеги, буттагы шишик. Айрыкча көздүн алды шишийт.

• Зааранын өлчөмүнүн азайышы же көбөйүп кетиши.

• Зааранын өңүнүн өзгөрүшү: түссүз болушу же тунук болбоосу.

• Кан басымдын жогорулашы.

Белгилери билинсе...

• Нефролог, уролог же терапевтке көрүнүп, заара, кандын анализин тапшыруу зарыл.

• Бөйрөктөрдү, урук чыктагыч безди, табарсыкты УЗИге тарттыруу кажет.

• Анализдердин жыйынтыгына карап врач оору барбы же жокпу айтат. Оору бар болсо дарылайт. Демек, креатининдин өлчөмүнүн жогорулашы оорудан кабар берет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо