№1210
Актёр, кинорежиссёр Бакыт Осмонканов мурда көбүнчө комедиялык тасмаларды тартып келсе, акыркы учурда драма жанрына ыктады. Бул тобокелдикпи же табигый өсүшпү? Бүгүн биз Бакыт мырза менен чыгармачылыктын баскычтары тууралуу сүйлөшөбүз. Анын айтымында, кээде эң терең драма – мурдагы күлкүнүн уландысы болушу мүмкүн.
– Кандайсыз, Бакыт мырза? Жакында “Кыял” деген тасмаңыз жарык көрдү. Мурун сиздин комедиялык тасмалардан күлүп чыккандар бул жолу “ыйлап чыктык” дешти. Жанрды өзгөртүү – сиздин көз карашыңыздын өзгөрүшүбү?
– Жакшы, рахмат! Ооба, көп жылдан бери комедия жанрындагы тасмаларды тартып келе жатам. Бирок буга чейин деле драма жанрында “Ата” деген тасма тартканбыз. Ага дагы жылуу пикирлер айтылган. Негизи чыгармачылыкта дайыма изденүү болушу керек, ошол изденүүнүн натыйжасында драма жанрында тасма тарттык. Бирок бул комедиядан кеттик деген сөз эмес, болгону бир аз “перезагрузка” болдук. Комедия тартып жүрүп көп тажрыйба топтодук, ошондуктан дагы деле бул жаатта элдин көңүлүн ачканга аракет кыла беребиз.
– КВНден элге таанылгандардын көбү кино тармагына кетти, арасында сиз дагы. Бул мыйзам ченемдүү эле нерсеби?
– Муну мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айта албайм, ар ким өзүнүн каалаганы, табити, жолу менен кетти деп ойлойм. КВН – бул ар кимдин өз чыгармачылыгы, орусча айтканда, самодеятельность, бирок ушунун аркасынан көптөгөн балдар, кыздар чыныгы кесибин таба алышты деп ойлойм.
– Мисалы, сизди тасма талаасына кайсы жагдай алып келди? Атактуу болууну эңсөөбү, акча табуу максатыбы же башка факторбу?
– Мени тасма талаасына балалык кыялдарым, максаттарым алып келди. Атактуулукка болгон кызыгуу деле эмес, акча үчүн да эмес, чыгармачылыкка, киного болгон сүйүү алып келди десем жарашат. Бирок биздин учурубузда кино тармагы анча өнүккөн эмес эле, ошондуктан университетте башка кесипке окууга туура келген. Бирок кыял деген ушундай нерсе тура, баары бир кайсы бир күнү ишке аша турган касиети бар экенине ынандым. Ушул тармактан өзүмдү таптым десем болот. Азыркы учурда кыргыз киносунун өнүгүү этабы жүрүүдө. Бул сүйүнө турган көрүнүш.
– Азыркы учурда киного, кино тармагына хейт көптөй сезилет, эмне себептен деп ойлойсуз?
– Хейт – учурда дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп жаткан бир ыкма. Кыргыз киносунда эле эмес, бүткүл дүйнөдө социалдык тармактарды карасаңыз хейт бар. Арасында кесипкөй сынчысы да, “диван эксперттери” да бар, бул тармакты жакшы билбегендер деле сын айтып жатышпайбы. Менимче, бул жаман деле нерсе эмес, ойлончу деле маселе эмес. Кыргыз киносуна келсек, бул тармак жаңыдан өсүп келе жатат. Алгачкы кадамдарын жасап жатат. Албетте, бул жерде “Кыргыз керемети” тууралуу айткан жокмун. Орто жолдогу узак тыныгуудан кийинки кинону айтып жатам. Ошондуктан хейтти туура кабыл алуу керек деп ойлойм, арасында чын эле ойлоно турган нерселер да болот.
– Эмнеге дээрлик бардык тасмаларыңызга актёр Жеңиш Майрамбек уулун башкы ролго тарта бересиз? Андан башка актёрлор жакпайбы?
– Себеби Жеңиш экөөбүз өзүбүздүн студиянын жетекчилерибиз. Бирок Жеңиш тартылбаган кинолор деле көп. Мисалы, “Такебай”, “Ата”, казактардын “Родной” деген киносун тарттык. Бул жерде айтып кетчү нерсе бар, Жеңиштин актёрдук чеберчилиги абдан өзгөчө, образды мыкты деңгээлде ачып бере алат. Эң башкы себеби ошол.
– Сиз үчүн актёрдогу эң баалуу сапат – эмоционалдык тереңдикпи же техникалык жөндөмдүн күчтүүлүгүбү?
– Мен үчүн бул экөө тең маанилүү факторлор. Эмоционалдык тереңдиги жок актёр, канчалык чебер болбосун образды максималдуу түрдө ачып бере албайт. Жүрөгү менен берилбеген, ошол тереңдикти сезип, түшүнбөгөн адам канча чебер болсо да элге жеткире ойной албайт, ийгилик багындырышы кыйын. Тескерисинче, чеберчилиги жок болсо да актёр аксап калат. Ошондуктан бул экөө актёрго куштун эки канатындай керек сапат дейт элем.
– Кино – бул жеңил иш эмес, бардык эле режиссёрлор тасма аркылуу тереңде жаткан бир ойду элге жеткиргиси келет болуш керек. Сизде кандай?
– Туура, мен дагы тасмалар аркылуу терең ойду бергим келет. Мисалы, “Кыял” тасмасында көп философиялык ойлор камтылды. Бирок мен драмалык эле эмес, комедиялык тасмаларда деле бир ойду жеткиргим келет. Көкүрөгү көрөгөч адамдар тасмада эмне дегим келгенин сезишет. Аны сезбегендер жөн эле күлүп кетип калышат.
– Сиз эң көп ката кетирген кайсы тасмаңыз болду? Ал каталардан кандай сабак алдыңыз?
– “Напарниктер” тасмасы – бул мен режиссёрлук кылган биринчи тасмам. Ушунда аябагандай көп ката кетиргенбиз. Техникалык жактан, актёрлуктан, сценарийден, айтор, бир топ мүчүлүштүктөр бар. Бирок ал элге жаккан ийгиликтүү тасма болду. Аталган тасмадан кийин режиссёрлукта көп нерсени түшүндүм. Антейин десем, ар бир кино тарткан сайын кичине болсо да каталарымды байкап калам. Биз дагы деле профессионал боло элекпиз, үйрөнчүкпүз деп ойлойм. Бирок акырындап ошол жогорку тепкичке багыт алып келе жатабыз.
– Тарыхый тасма тартсаңыз кайсы доорго басым жасайт элеңиз?
– Тарыхый тасма тартууга али кудуретим жете элек деп ойлойм. Андай жанрдагы тасмага жоопкерчилик алганга даяр эмесмин азырынча. Азырынча деп баса белгилеп жатам, мүмкүн, келечекте тартып калармын.
– Жеке жашооңузда баары жакшыбы? Балдарыңыз чоңоюп жатышабы?
– Кудайга шүгүр, жеке жашоомдо баары жакшы. Балдар чоңоюп калышты.
– Акыркы жылдары кескин арыктап кеткениңиз тууралуу комментарий жазгандар бар экен...
– Сиз окуган комментарийлерди мага да көп жазышат (күлүп). Жооп берип жатып тажап да кеттим. Мен тез арада арыктаганым үчүн элге кызык көрүндү окшойт. Баары жакшы, ден соолук жайында. Биз эми жашарбайбыз да, ошого 5-6 жылдан бери диета кармап, спорт менен машыгып келе жатам.
– Инсан катары бактылуусузбу? Кыялдарыңыздын канчасына жеттиңиз?
– Ооба, Кудайга шүгүр, бактылуумун. Балдарым, келинчегим бар. Апам жанымда. Сүйгөн жумушум, досторум бар, өлкөбүз тынч, элибиз аман-эсен. Кыялдарымдын эң негизгисине жеттим – ата болдум. Ал эми чыгармачылык жаатта кыялдарыма жетүү али алдыда.
– Маегиңизге рахмат! Ийгилик каалайбыз.
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |