№1210
Бул баян – сахнадагы жаркыраган ырчынын эмес, ошол жарыкты жандырган апанын таржымалы. Көрүүчү кол чаап, күйөрман гүл сунганда, сахнанын артында алакан жайып бата берип турган бир жүрөк бар. Ал – апа! Бул жолу биз ырчы Айнура Салахидинованын апасы тууралуу баянын уктук.
“Апам мыкты тикмечи”
– Апамдын аты-жөнү – Динара Салахидинова. Атам менен апам союз убагында “Фрунзе” заводунда чогуу эмгектенип жүрүп таанышып, баш кошушкан экен. Кесиби – тикмечи. Ушул жаатта кесипкөй адис, колунан көөрү төгүлгөн уз, азыр деле иштеп келет. Үйдө төрт бир тууганбыз, эжем, мен, анан эки иним бар. Апам эжемди улуусу эмеспи, кичүүлөрүнө баш-көз болсун дедиби, бир аз катуураак кармады. Кичүү кыз болгондуктан мен абдан эрке чоңойдум. Апама ушуга чейин жөлөнөм, кандай абал болбосун мени куткарып кетет. Бишкекте тургандыктан бир ишим чыкса, балдарымды алып жетип барам (күлүп). Төрт балам тең апамдын жардамы менен чоңоюшту. Башкаларга ишенип балдарды таштай албайм, балдарым да таенесин жакшы көрүшөт, сагынып баргысы келип турушат.
“Балким, мен ырчы болмокмун” деп эжем тамашалап калат”
– Атам менен апам чыгармачылыкта менин продюсерим, костюмерим, демөөрчүм болуп, айтор, бардык тараптан колдоп келишти. Сахнага кийген көйнөктөрүмдүн баары апамдын тырмагынын алдынан чыккан. Ушунчалык көнүп калгам апамдын тиккен кийимдерине, башка жактан тиктирген кийимдеримди деле кайра апама оңдотуп кетем.
Эсимде, 2-классымда кошуна эжебиз сунуштап комуз ийримине барып калдым. Ошол учурда апам кичүү инимди төрөгөн, андыктан “ийримге Айнура барсын, Гүлнара чоңоюп калды, мага бала карашсын” деп мени жиберген эле. Эми ойлосом, чыгармачылыкка биринчи кадам таштаганыма апам көмөкчү болгон экен. Азыр эжем “балким, ошондо комузга мен барганда, ырчы болуп калмакмын” деп тамашалап калат.
Комуздун аркасынан ырчылыкка өттүм. Апам ар бир кадамымда колдоп турду, гастролго барамбы, концерт коёмбу, клип тартамбы, баарын колдочу. Эмнеге дегенде апам музыканы жакшы түшүнөт, өзү да жакшы ырдайт. Раматылык таенем жамакчы болгон экен, кыскасы, тай жагым өнөргө кызыкдар адамдар.
“Апабызга Вотсапптан сүйүү арнап турабыз”
– Союз кезиндеги ата-энелер жана союздан кийинки ата-энелер деп бөлүп карайм. Биздин учурда ата-энебиз бизди үзүлүп түшүп эркелетчү эмес. Муну баарыбыз эле билебиз. Азыркы ата-энелер балдарына сүйүүсүн билдиргенден коркушпайт, тартынышпайт. Өзүм деле балдарымды баса калып “мен сени жакшы көрөм, балам” деп өөп-жыттай берем.
Мыйзам ченемдүү көрүнүш болуш керек, бизге караганда балдарыбыз эркин. Мунун оң дагы, терс да жагы бар. Ал эми биз бир аз ата-энеден ыйбаа кылып турчу элек. Көп нерсеге батына алчу эмеспиз. Азыр вотсапп тайпалар бар болгону жакшы болду, ошол жакта бир туугандар апама жакшы сөздөрүбүздү арнап турабыз. Атамдын көзү өтүп кеткенине төрт жыл болду, кээде анын сүрөтүн бири-бирибизге жөнөтүп эстейбиз. Апам бир нерсе кылса ыраазычылык билдирип, “сени жакшы көрөм, апа” деп сүйүүбүздү ачык айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Негизи сезимдер ичте калбай сыртка чыгып, адамдарды жылытып турганы жакшы деп ойлойм.
“Энергиясын куру бекер чача бербейт”
– Апам “унчукпаган адам тоодой балээден кутулуптур” деп көп айтат. Өзү да сөзүн, энергиясын ары-бери максатсыз чача бербеген токтоо аял. Бирөө менен урушуп-талашканын такыр көрбөдүм. Анан жамактатып, макалдатып сүйлөйт. Мен кээде унчукпай коюш керек экенин апамдан үйрөндүм. Жолдошум менен жөн жерден урушуп кетпейли деп анча-мынча нерсени унчукпай өткөрүп жиберем. Апам мага жакшы кожойке болууну үйрөттү, тамак жасоо, үйдү кароо, күйөөгө мамиле, балага мамиле деген нерселердин баарын апамдан алдым десем болот. Пайдубал апамдыкы (күлүп), жакшы куйган, жакшы тарбия берген деп ойлойм. Балдарыма да ошол нерсени өткөрүп бергим келет.
“Аптанын бир күнүн майрамга айлантчу”
– Апам менен өткөргөн жакшы күндөр көп, бирок бир адаты эсимден кетпейт. Жума күндү апам балдарына майрам кылып берчү. Манты жасачу же ушул сыяктуу даамдарды түрлөп жасачу. Ошол убактарда жума күнү “Поле чудес” деген берүү болор эле. Баарыбыз ошону көрчүбүз. Кийин Индия киносун көрүп жүрдүк. Анткени эртеси дем алыш болгондуктан апам бул күнү телевизорду каалаганча көрүүгө уруксат берчү. Ал адат менин үйүмдө да бар, балдарыбызга жуманын бир күнүн майрамга айлантып, шаарга чыгып, киного алып барып келебиз.
Апам бизди уруп жазалачу эмес, мен да балдарым чектен чыгып баратса дагы кол көтөрбөйм. Бирок урушам, жазалайм дегендей. Эсимде, бир жолу сабактан келсем, апам эки инимди буттарына чыбык менен уруп жаткан экен. Инимдин бир кылыгы үчүн урушуп жатыптыр, эжем да бар. Анан кирип келсем “сен кайда жүрөсүң?” деп мени да бутума чаап жиберип жатпайбы (күлүп). Мени буга чейин бир да жолу чаап көргөн эмес эле да, аябай таарынгам. Азыр төрт бала менен өзүм деле нерв чыңалып кеткен учурлар болот.
Мурунку апалар, анын ичинде менин апам аябай токтоо болушкан экен деп калам. Азыр неберелери да удаа, апама баарын таштап кетсек, кабагым-кашым дебей баарын карайт. Ар бирине төккөн мээримине баа берем. Мен эс тартканы апам менен атам урушканын, пикир келишпестиктерин көрбөдүм. Балким, биз жок жерде андай нерселер болгонбу, билбейм. Бири-бирин абдан сыйлашчу, майрамдарда атам апама сүйүүсүн арнап ачык эле “апаңарды катуу сүйөм” деп айтчу.
“Кайненеден да жолдуумун”
– Апа дегенде өз апамды айтып, кайненемди айтпай кетсем болбойт го. Мен кайненеден да жолдуу болдум, азыр 80 жашка келип калды. “Балам, кызым” деп эле эркелетип батасын берип турат. Жылына эки жолу келип, колубузда жүрүп кетет. Мага кайненелик кылып “аның мындай, мунуң тигиндей” деген жок. Ал апама да чексиз ыраазымын. Апа тууралуу репертуарымда үч ырым бар. Бирине клип тартып, ага атам да түшкөн. Өзүм бала кезимде 8-мартта апама арнап ыр чыгарган элем. Баланын ийгилигине ата-эне биринчи кубанат экен. Атам “Супер-Инфо” гезитин калтырбай окучу, кичине жерине чыгып калсам да, үйгө алып келип катып койчу.
Жаным апа, мен кандай кылсам дагы сиздин эмгегиңизди актай албайм. Муну өзүм эне болгондо түшүндүм. Ден соолук, бакубат, дөөлөттүү карылык каалайм.
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |