№1210
“Жабыла көтөргөн жүк жеңил” демекчи, биздин бул жолку каармандар кыргыз элинин кайрымдуулугуна ишеним артып турган учур. Өспүрүм кызы Азалия кымбат баадагы операцияга муктаж. Кененирээк төмөндөн окуй аласыздар.
“Кызыл так – анар, өзү кетет дешкен”
– Аты-жөнүм Харуми Алымбаева, учурда 38 жаштамын. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында иштейм. Жолдошум – журналист. 3 кызыбыз бар, улуусу Азалия 12 жашта. Ушул кызыбыздын этап-этабы менен жасалчу операциясына каражат топтоону улантууга аргасызбыз. Азалия төрөлгөндө врачтар “ымыркайда патология жок” дешти. Бирок 2 аптадан кийин кызымдын сол бетинде кызыл так пайда болду. Педиатрга көрсөтсөк, ал так гемангиома (анар) экенин, өзү кетип каларын айтты. 4 ай болгондо ошол такты кармап көрүп, ысып турарын сездик. Тынчсызданып жеке клиниканын педиатрына алып барсак, оозунун ичинен бери текшерип, ал дагы “гемангиома, өзү кетип калат” деди. Ошентип өзү кетет деп күтүп жүрүп, кызыбыз 1ге чыгып калды. Тынчсызданып балдар ооруканасынын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө алып барсак, алар деле ушундай сөздү айтышты. Азалия 3 жашка чыкканда кызарган так моюн жагына чейин жайылып бараткандай сезилди. Чочулап №3 балдар ооруканасына алып барсак, алар Кыргызстанда балдардын кан тамыр хирургу жоктугун, кызарган жерине тийбей байкоого алып туруубузду айтышты.
“Азап кызымдын тишин сууруткандан кийин башталды”
– Кызыбыз 6га чыкканда сол жаагындагы азуу тиши шалкылдап түшкөнү калды. Мен жумушка барышым керек болуп, апамдан (кайненеме) Азалияны тиш доктурга алып барып, тишин суурутуп келүүсүн сурандым. Тиш дарыгери “тиштин тамыры жакшы өспөй калыптыр” деп тишти жулганда кан фонтандай атып, канды токтото албай коюптур. Кан көп кеткенден кызым эс-учун жоготот. Тиш доктур “Тез жардам” келгиче кан аткан жерди бармагы менен басып турат, андан кийин кызымды Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып баргыча жулунган тиштин ордун бармагы менен басып барат. Ал жакта операциялык блок бошобой 3 саат күтүшөт. Операция жасашып, канды токтотушат. Кызым жандандыруу бөлүмүндө 1 сутка жатты. Врачтардан кан токтобогонунун себебин сурасак, “сол жаагынын ички бетинде жаңы өсүндү бар окшойт” дешти. Кызым жакшы болгондо онкологиялык борборго которушту. Ал жактан өсүндү бар деген жерден биопсия алып, шишик барбы, жокпу текшертебиз деп калышты. Биз шишик бар экенинен шекшип, макул болгон жокпуз.
“Киста бар деп операция жасашты”
– 2019-жылы кызыбызды Москвадагы онкологиялык клиникага алып бардык. Ооруканада 3 күн жаткырып, биопсия алышты. 10 күндөн кийин шишиктин жоктугун, кызыбыздын диагнозу “артериовеноздук мальформация” экендигин угузушту. Биз ал кезде бул эмне болгон дарт экенин билген эмеспиз. Онкологиядан бизди Пирогов атындагы медициналык-хирургиялык борборго жиберишти. Ал жактан жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн врачтары текшерип көрүшүп, "6 айдан кийин келгиле, эмболизация операциясын жасайбыз" деп узатышты.
2020-жылы Москвага баралы деп жатканыбызда ковид пандемиясы башталып, барбай калдык. Бирок 2021-жылдын жайына чейин кызыбызды компьютердик томографияга 3 ирет тарттырып, анын жыйынтыгын Москвага жиберип, эмне өзгөрүүлөр болуп жатканын сурап турдук.
2021-жылдын жайында кызымдын бетинин кызарганы күчөп, тамак жегенде жаагы ооруй турган болду. Декабрда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайра алып бардык. Врач “ооруган жаагынын ич жагында киста бар” деди. Кызыбыздын диагнозун айтсак, сөзүбүздү укпады. Операцияга алып кирип кетишти да, бат эле чыгып “ооруган жерин ачсак кан агып, токтобой койду. Эптеп токтотуп, кайра жаап салдык” дешти.
“Ылдыйкы жаагын алып, ордуна протез коюшту”
– Кызыбызды кайра компьютердик томографияга түшүрүп, жыйынтыгын Москвага жибердик. Алар артериовеноздук мальформация дартынын айынан кызыбыздын сол жаагынын сөөгү тешилип калганын, ошого төмөнкү жаагын алып, ордуна протез жаак коюу керектигин айтышты.
2022-жылдын январында Москвага жөнөдүк. Ага чейин киста бар деп ачкан жеринен улам кан кетип, токтобой азап чегип жатканбыз. Учакта да ошол абал кайталанып, кызым ооруканага оор абалда жетти. Операция 7 саатка созулду. Артериовеноздук мальформация болгон жерине эмболизация жасашты. Башкача айтканда, кан тамырдын ичине атайын суюктук куюшту. Мындайда кан тамырдын ошол жери бүтөлүп, кан башка жак менен ага баштайт экен. Андан тышкары ылдыйкы сол жаагын алып салып, ордуна титан протез жаак коюшту. 2 күн реанимацияда жатты кызым, 3 аптадан кийин үйгө кайттык. 6 айдан кийин эмболизация операциясынын 2-этабына келесиңер дешти.
“Ээги тешилип, суюктук агып жүрдү”
– 2022-жылы март айында кызымдын ээгинин чекиттей жери тешилип, ал жерден суюктук тамчылап ага баштады. Балдар ооруканасына алып барсак, ал жерди сыртынан ачып тазалашты. Бирок апрелде ошол жери кайра ачылып, суюктук кайра тамчылай баштады. 2 ай бою күндө ошол жерин тазалатканга врачка алып барып жүрдүк. Июнда Москвадан операциянын 2-этабын жасаттык. Ээгиндеги тешикти да ачып тазалашты. 2 аптадан кийин үйгө чыгарышты. Тешик жери толук бүтөлбөптүр, кайрадан суюктук ага баштады. 2023-жылы январда Түркияга бардык. Операцияда протез жаакты алып, ал жерге бутунан сөөк алып ошону жаактын ордуна коюшту. Көрсө, мурун коюлган протез жаак чоңураак экен, ошондуктан оозун ача албай калыптыр. Ээгиндеги тешик жерди бүтөштү. Ошондон кийин кызым тамакты өзү жей баштады.
“Германиядан операция жасатуубуз керек”
– 2023-жылы декабрда жаагынын кызарганы оң жаагына да жайыла баштады. Түркиядагы клиникага кайра байланышсак, алар Германияга алып барууну сунушташты. Германиядагы балдардын кан тамыр хирургу менен сүйлөшсөк гана ал кызыбыздын оорусу тууралуу толук маалымат берди. Аталган дартта артерия жана вена кан тамырлары тубаса чокмороктошуп калып, кан туура эмес агат экен. Кан тамырлар өсүп, оорутуп, бир нерсе болсо кан агуу башталып, токтотуу өтө оор болорун айтты.
Эми Германиядан эмболизация операциясынын кийинки этабын жасатуу керек болууда. Чокмороктошуп калган кан тамырларга этап-этабы менен операция жасалууга тийиш. Учурда тишинин бүйлөсүнүн бир жеринен улам кан агып, кыйынчылык менен токтотуп жатабыз. Операцияга 21 миң евро керек экен. Андан тышкары барып-келишибизге, ооруканада жатканыбызга, дары-дармектерге акча керек. Буга чейинки операцияларга каражатты элден чогултуп жаткан элек, мында да элге кайрылууга туура келүүдө. Азалиянын ооруган жеринде кан тамырлар жарылып, өмүрүнө коркунуч келбеши үчүн чуркоого, секирүүгө, жаракат алууга болбойт. Азалия мээримдүү, жашоону сүйгөн, эч бир адамдын көңүлүн оорутпаган боорукер, жароокер кыз. Чоңойгондо визажист болгусу келет. Бийик максаттары бар кызыбыздын айыгып кетишине кол сунууңуздарды өтүнөбүз.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
О!деньги: 0502444154
Мбанк: 0553303916
Оптима банк: 4169 5853 5365 5375
Сом боюнча эсеп: 118000003046639
Доллар боюнча эсеп: 118000003046649
Рубль боюнча эсеп: 1180000030466694
Евро боюнча эсеп: 1180000030466593
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |