№1210
Түрк киночуларынан кезектеги сериал тартууланды – “Жер алды” деген. Алгачкы серияларын көргөндөр бул долбоор популярдуу “Чукур” сериалына атаандаш болушу мүмкүн дешүүдө. Өч алуу, түрмө, картель, криминал, атышуу, мушташуу деген темаларды жактырсаңыз, бул сериалга кош келиңиз. А биз долбоор тууралуу кененирээк маалымат берели.
Тарткан өлкө: Түркия
Чыккан жылы: 2026-жыл, 28-январь
Жанры: криминалдык драма, мелодрама
Режиссёру: Мурат Өзтүрк
Сценаристтери: Өзденер Бахадир, Шашмаз Ражи, Ялчин Сонер
Башкы ролдордо: Дениз Жан Акташ, Деврим Өзкан, Ураз Кайгыларолу жана башка
Чиеленишкен сюжет
Ооба, түрк тасмаларында жеңил сюжет жок. Андыктан чиеленген сюжетке даяр болуңуз.
Жейлан (актриса Деврим Өзкан) ресторанда сүйгөн мырзасы Хайдар Али (актёр Дениз Жан Акташ) менен романтикалык кечте отурат. Кыз мырзам колумду сурайт деп ичинен күтүп отурган, чынында эле Хайдар Али анын колун сурайт, бирок бир шарт менен... Хайдар Алиге дагы убакыт керек экен, чет өлкөдө бүтүрүп келчү иштери чыгыптыр. Жигит менен коштошуп Жейлан кетери менен ресторанда атышуу башталат. Аны баштаган азыр эле романтикада отурган Хайдар Али. Убагында жигиттин үй-бүлөсүн аёосуз өлтүргөн адам да дал ошол ресторанда эле. Жакындары үчүн адилеттүүлүк каалаган Хайдар эркиндикте жүргөн кылмышкерди атат. Атышууну уккан Жейлан кайтып келип, жарадар болот да, Хайдардын киши өлтүргөнүнө күбө болот.
Түрмөгө түшкөндөн кийин Хайдарга полиция иштешүү сунушун айтат, ал үчүн түрмөдөгү мөөнөтү кыскартылмак. Камакта ал Түркиядагы ири криминалдык картелдин башчысы Бозкурт Ханоглу (актёр Ураз Кайгыларолу) менен таанышат. Таанышмак турсун анын оң колуна айланат. Кызыгы, Хайдар өлтүргөн адам Бозкурттун (кыскартылган аты Бозо) тууганы болуп чыгат. Бозо эркиндикке биринчи кетип, 3 жыл гана абакта отурган Хайдар анын артынан чыгат. Бозонун үйүнө барганда анын аялы менен таанышат, аялы ким экен дебейсизби? Бозо “өмүрүм” деп эркелеткен аял – Жейлан экен. Айла жок эми. Окуя андан ары да чиеленишет, Хайдарды өлтүрөбүз деп келген туугандарына Бозо “жок” деген жоопту айтат. Хайдар өз кезегинде Бозону өлүмдөн сактап калат. Ал кызматы үчүн ыраазычылык иретинде Ханоглулардын үй-бүлөсүнө кошул деп, Бозо карындашы Султанды Хайдарга турмушка узатмак болот. Башыңыз айланып калган жокпу, окурман? Сериалды көрсөңүз, түшүнөсүз.
Чындык
Сериалдын сюжети чыныгы болуп өткөн окуялардын негизинде тартылганы криминалдан кабары жок түрктөрдү таң калтырган. Сериалда чагылдырылган “Көлөкө” аттуу картель же криминалдык топ дейбизби, чынында эле бар. Тасмада болгону каармандардын ысымдары гана алмашылган дешет тартуучу топ. Муну укканда чындап сериалды көргүң келет, түрктөрдүн сахна артындагы, карапайымдарга сезилбеген “көлөкөдөгү” жашоосун.
Баш каармандар
Сериалда негизги үч каарман бар: Хайдар Али, Жейлан жана Бозо. Аларды ишке ашыргандар Дениз Жан Акташ, Деврим Өзкан, Ураз Кайгыларолу. Үчөө тең мурда-кийин тасмалардан чыгып жүргөн, бири азыраак, бири көбүрөөк дегендей.
Ураз Кайгыларолу
Үчилтиктин арасынан чет жерлерге да таанымал актёр Ураз Кайгыларолу. Харизмасы күпүлдөгөн бул актёрду биз “Үч куруш”, “Мени кат”, “Актриса” жана башка сериалдардан көрүп келгенбиз. Бул ирет ал мафиози Бозонун ролун аткарды, өзүнө жарашты бейм. Образын жакшы ачуу үчүн Ураз мырза кылмыштуу чөйрөдөгү лидерлердин психологиясын, алардын өмүр баянын окуп, изилдеген. Анын оозунан чыккан “өмүрүм” сөзү көп өлкөгө хит болду.
Деврим Өзкан
“Рамо”, “Көк үңкүр”, “Сен менин мекенимсиң” сыяктуу долбоорлорго катышкан Деврим Өзкан “Жер алды” сериалында эки оттун ортосунда калган Жейландын ролунда. Башкаларга караганда актриса бул сериалга тартылуусу менен сүйүнбөй тургандардын катарында болсо керек. Анткени тасманын бет ачарынан кийин ал интернет желесинде буллингге кабылган. Анын дарегине хейт жазгандар ушунчалык көп болгондуктан, актриса интернеттеги социалдык баракчаларын өчүрүүгө мажбур болгон. Анын үстүнө тасма талаасында башкы каармандардын бири менен Девримдин ортосунда конфликт чыккан деген имиштер да тараган.
Дениз Жан Акташ
Хайдар Алинин ролунда актёр Дениз Жан Акташ болду. Буга чейин актёр баш каармандардын (“Чексиз сүйүү”, “Сүйүү ыйлаганга мажбур кылат”, “Менин менеджериме чалыңыз”) ролунда болгону менен, “жарк” этип жылдызы жана элек болчу. Ошол жылдызын жандырган “Жер алды” сериалы болушу мүмкүн. Анткени долбоордо анын актёрдук чеберчилиги өскөнүн айтып колдогондор көп болууда. Актёр өзү да бул ролго аябай даярданганын айтат. Ал күнүнө бир нече сааттап курал кармоо, атышуу техникасын, мушташуу, күрөшүү ыкмаларын үйрөнгөнгө убакыт бөлгөн.
“Жер алды” (түркчөсү “Yeralti”) сериалынын сценарийи мындан бир нече жыл мурун эле жазылып, даяр турган. Бирок продюсердик топ алгач “Чексиз сүйүү” сериалын тартууну чечишкен. Анда да башкы ролду Дениз Жан Акташ аткарат. 2 сезон тартылып, көрөрманга тартуулангандан кийин, 3-сезонго келгенде продюсердик топ ойлонуп, кайра “Жер алдын” тартууну туура көрүшкөн. Экинчисинде туура ойлонушкан окшойт, анткени “Жер алды” алгачкы серияларынан эле жогорку рейтингди багынта алды. “Чексиз сүйүү” андай көрсөткүчкө жеткен эмес.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |