ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2-марттан 8-мартка чейин

№1210

КОЙ
(21.03–20.04)

Аптада жолуңуздан кезиккен маселелерден качканга аракет кылыңыз, көйгөй жаралчу учурларда сөздү башкага буруп, айтор, айлакер болуңуз. Антпесе маанайыңыз, өзүңүздү баалоо көрсөткүчү төмөн түшүп кетет. Романтика үчүн ылайыктуу апта, жактырган адамыңызга сезимдериңизди билдирсеңиз болот. Жумушта жаңы ачылыштар күтүлбөйт, баары өз ыргагы менен кетмекчи. Сиз үчүн абройлуу адам менен жолугуп, баалуу кеңеш алганга мүмкүнчүлүк жаралат.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Эмоционалдык абалыңыз ордуна келип, ички тынчтык абалын тапкандай болосуз. Мунун арты менен өзүңүздү жакшы сезип, жашоого жаңыча көз караш менен карашыңыз күтүлөт. Конокко чакыруу алышыңыз мүмкүн. Сиздин харизмаңызга суктанган адам пайда болот, бойдоктор андай адамды колдон чыгарбашы керек. Жумушта майда-чүйдө көйгөй жаралуусу мүмкүн, бирок аны чечүүгө убакыт табасыз. Жеке жашоодо токтоолук, адилеттүүлүк сапаттар талап кылынышы ыктымал.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жалпысынан апта сиз үчүн позитивдүү маанайда өтөт. Финансылык жактан чыгымга учурашыңыз мүмүн, бирок аны токтото албайсыз, баары керектүүдөй сезилет. Жумушта сизден активдүүлүк талап кылынат, андыктан буту-бутуңузга тийбей чуркап калышыңыз мүмкүн. Сезондук аллергия күч алат, алдын ала иммунитетти бекемдеп, дары-дармегиңизди камдап туруңуз. Бейшемби, ишемби күндөрү жакшы компаниянын курчоосунда убакыт өткөрүшүңүз күтүлөт. 

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Адамдар менен тил табыша билүү жөндөмүңүз кандай кырдаал болбосун сиздин пайдаңызга чечилүүгө алып келет. Жакындардын түйшүгүн өз моюнуңузга алып, баарына ыңгайлуу адам болгондон качыңыз. Мындан өз психикаңыз гана жабыркайт. Насыя, карыз деген иштерден алыс болуңуз. Бир аз күтө турсаңыз чөнтөгүңүзгө жагымдуу сюрприз болуп акча түшмөкчү. Романтикалык жаатта жаңы барак ачууга, жаңы кадамдарга даяр жана ачык болгонуңуз жакшы. 

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстандарды кызыктуу апта күтөт, мурда болбойт деген идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралат. Каржы булагыңыз көтөрүлүшү мүмкүн, колго тийгендин баарын коротуп салбай, келечекке инвестиция жасаганды үйрөнүңүз. Ички туюмуңузга ишенип кадам таштасаңыз жаңылбайсыз. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы ыктымал. Жеке жашоодо чынчыл болуңуз, түгөйүңүзгө шек саноого жол бербегенге аракет кылуу керек.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бийкечтер аптада өзүлөрүн түшүнүксүз абалда сезген учурлар көп болот. Же жоопсуз сүйүү, же күткөн акча колго тийбей калган учур, же дагы башка ыңгайсыздык бул абалга себеп болушу ыктымал. Жумушта алыңыз келбей, түшүнүксүз кырдаал жаралганда уялбай эле кесиптештердин жардамына кайрылыңыз. Кыска аралыкка болсо да сапарга чыгууңуз мүмкүн. Бул күндөрү короо-жайды оңдоп-түзөө пландарыңызды ишке ашырууга кирише берсеңиз болот.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Үйдө да, жумушта да сиздин катышууңуз керек болгон жагдайлар жаралып, эки жакка бөлүнө албай кыжалат болушуңуз мүмкүн. Мунун натыйжасында аптанын экинчи жарымынан баштап өзүңүздү чарчаңкы сезип, маанайыңыз жок болот. Бул учурда жакындардан жардам суроо керек. Балдарыңыз кичине болсо да ийгилиги менен кубантат. Бойдоктордо түгөй издөө жаатында жаңы дем ачылмакчы, ийгилик! Дем алышта жаратылыш коюнуна чыгып эс алганыңыз жакшы.  

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Стресс, депрессия дегендерди алыс кууңуз! Сиз күчтүүсүз. Финансылык абалды оңдоого болгон аракетти жумшоо керек болот. Артта калган адамдарга байланып, кайсы жерден ката кетти деп ойлоно бербей, жаңыларга эшик ачканыңыз жакшы. Баш, жүрөк оорулары тынчыңызды алышы ыктымал, ички жан дүйнөнү тынчтандыруу керек. Сизге карата бирөөлөрдүн айткан сын-пикирин терс кабыл албай, жакшылап анализдегенге аракет кылыңыз. Дем алыш күндөрү тынч өтмөкчү.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Бир аз финансылык кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бирок достор менен сапарга чыгууга, жакшы санаалаштар менен жолугууга эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Үйдөгүлөрдү кубантып белек тартуулайсыз, өзүңүзгө да белек бергендер чыгат. Негизи бул апта жаачылар үчүн үй-бүлөлүк атмосферада, жылуу маанайда өтүшү күтүлөт. Жумушта баары өз нугунда уланмакчы. Кээ бир кесиптештер менен түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн, аларды жөн гана “игнорго” салып койгон оң.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Көптөн бери ойлонуп, бирок кабыл албай коюшат го деген планыңызды ачыктаган оң, сизди түшүнгөндөр көп болот. Жумушта жаңы өнөктөш таап, ишиңиз илгери жылышы күтүлөт. Натыйжада каржылык тараптан да жакшы пайда табасыз. Бойдокторду көптөн бери жактырып, бирок сезимин айта албай жүргөн адамы биринчи кадам таштап таң калтырат. Базарга же дүкөнгө барып үйгө керектүү нерсе алышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү жагымдуу атмосферада өтөт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Суу куярлар үчүн ийгиликтүү апта болмокчу. Пландалган иштердин баарын өз убагында бүтүрүп сүйүнөсүз. Сизден карызга акча сурап келгендер болот, ишенимдүү адам болсо бериңиз, күмөн жараткандарга ачык эле “жок” деш керек. Өзүңүз тууралуу уккан ушактарды кулак сыртынан кетиргенге аракет кылыңыз. Болбосо ойлонуп, кыжалат боло берип психикалык жактан жабыр тартып каласыз. Дем алыш күндөрү үйдө жатпай, пайдалуу бир нерсе менен алек болгон жакшы.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Кесиптештердин жана бизнес өнөктөштөрдүн сунуштарын четке кагуу менен, сиз кымбат баалуу долбоорлорго жана керексиз сатып алууларга аралашуудан алыс болосуз. Бул аптада каржылык иштерди колго албай туруңуз, чоң чыгымга учурап калышыңыз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында көңүлдүү бир иш-чарага катышууңуз күтүлөт. Түгөйүңүзгө “өзү түшүнүп алат” деп жүрө бербей, сезимдерди ачык айткан жакшы, болбосо бакыт кушун учуруп жибересиз.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо