№1210
Уйку – бул адамдын убагы менен табигый эс алуу абалы, нерв системин убактылуу токтотуп, булчуңдардын бошоосу, мээнин активдүүлүгүнүн төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Бул физикалык процесс адамдын организмин калыбына келтирүү, иммундук системди чыңдоо, күнү бою алган маалыматтарды иштеп чыгуу жана психоэмоционалдык абалды нормалдаштыруу үчүн абдан маанилүү. Анда эмесе баарыбызга керектүү уйку тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.
БИР НЕЧЕ ФАЗАДА УКТАЙБЫЗ
Ооба, адамдын уйку процесси бир нече фазада жүрөт. Жалпысынан жеңил уйку, терең (жай) уйку жана бат уйку деп бөлсөк болот.
Жеңил уйку фазасында адам жаңыдан уйкуга камынып жаткан болот. Көздөрү акырындап жумулуп, бирок нерв системи дале иштеп жаткандыктан кичине үн, добуш укса ойгонууга даяр мезгил.
Терең уйку – бул учурда булчуңдар бошоп, жүрөктүн кагуусу жайлайт, дененин температурасы төмөндөйт, организмде калыбына келүү, эс алуу, иммунитетти чыңдоо процесси жүрө баштайт. Жай уйку учурунда адам оңою менен ойгонбойт.
Бат уйку – терең уйкудан кийин адам ойгонууга камданып жаткан учур бат уйку болуп саналат. Бул учурда адам жаткан ордунан бат-баттан которулуп, чукуранып, мээ активдүү иштей баштайт, уйкунун дал ушул фазасында түш көрүү башталат. Айрымдардын булчуңдары жыйрылат, тырышып калышы мүмкүн. Бат уйкунун негизги кызматы – эс-тутумду жөнгө салуу, маалыматтарды иштеп чыгуу болуп саналат. Тагыраагы, бул учурда мээ маалыматтарды керектүү жана керексиз деп бөлүп, “фильтрлеп” чыгат.
КИМ КАНЧА УКТАШЫ КЕРЕК?
Жаңы төрөлгөн жана эмчектеги балдар күнүнө – 14-17 саат укташы керек.
1 жаштан 5 жашка чейинки балдар – 12 саат (күндүзгү уйкуну кошкондо);
Өспүрүм куракка чейинкилер – 9-11 саат;
Өспүрүмдөр – 8-10 саат;
Чоңдор – 7-9 саат;
65 жаштан улуу курактагыларга – 6-7 саат уктоо жетиштүү. Изилдөөлөргө ылайык, адам жашоосунун үчтөн бир бөлүгүн уктап өткөрөт.
УКТАП ЖАТКАНДА КАНЧА УБАКЫТ ТҮШ КӨРӨБҮЗ?
Уктап жатканда түш көрүү да кызыктуу процесс. Кээде түш көрүп баштап, ортодо ойгонуп, кайра уктап баягы түшүңдү улантып кете бересиң. Мунун баарына көп убакыт кеткендей сезилет. Бирок түшкө көп убакыт кетпейт экен. Окумуштуулардын изилдөөсүндө эң узак түш ашып кетсе 30 секунддан 3-5 мүнөткө гана созулат. Ал эми көп түш көрдүм деген ой биздин мээбизде гана сакталат. Бир түндө адам бир нече ирет түш көрүшү мүмкүн. Бирок ойгонгондон 15 мүнөткө жетпей түштүн 80-90 пайызы унутулуп калат. Коркунучтуу же өтө кубанычтуу түштөр гана эсте көпкө сакталышы мүмкүн. Анткени бул учурда нерв клеткалары дүүлүгүп, белги мээге тез жетет.
УЙКУСУЗ КАНЧА УБАКЫТ ЖАШАСА БОЛОТ?
Адам уйкусу канбай же такыр уйку жок (илимий тилде уйку депривациясы) канча жашайт? Эң узак убакыт уктабай жүрүп “Гиннесстин рекорддор китебине” алгачкы жолу 1963-жылы 17 жаштагы Рэнди Гарднер кирген. Ал жалпысынан 264 саат (11 сутка) уктаган эмес. Анын рекордун 2007-жылы британиялык Тони Райту жаңылап, 274 саат уктаган эмес. Бирок бул рекорддордон кийин дарыгерлер мынча убакыт уйкусуз жүрүүгө тыюу салышкан. Анткени организмди “колдоо” максатында глюкоза ашыкча иштелип чыгып, адам дароо кант диабетинин 2-тиби менен ооруйт, андан сырткары мээге, нерв системине олуттуу доо кетет. Андан организм толук калыбына келет деген ишеним жок дешет дарыгерлер.
УЙКУ АДАМДЫН ОРГАНИЗМИНДЕ КАНДАЙ КЫЗМАТ АТКАРАТ?
* Зат алмашууну калыпта кармайт. Толук кандуу тынч уйку учурунда организм жаңыланып, гормоналдык фон калыпка келет, натыйжада зат алмашуу процесси жакшы жүрөт.
* Калыбына келүү жана эс алуу. Жай уйку учурунда адам физикалык жактан да, моралдык жактан да эс алат, ткандар калыбына келет, чыңалган булчуңдар, нерв клеткалары бошойт, жазылат.
* Мээ “тазаланат”. Активдүү глимфатикалык систем уйку учурунда мээден ашыкча токсиндерди, ашыкча маалыматтарды жана керексиз нерселерди чыгарат. Башкача айтканда, мээде “детокс” процесси жүрөт.
* Эс-тутумду калыпка келтирет. Бир күн бою алынган маалыматтар тез уйку учурунда иштелип чыгат, керектүүлөрү сакталат.
* Нерв системи корголот. Уйку нейрондорду ДНКнын бузулушунан жана клеткалык стресстен коргоого жардам берет.
УЙКУ ГИГИЕНАСЫ
Уйку гигиенасын да сактоо керек. Кантип?
1. Мелотонин – негизги уйку гормону болуп саналат. Ал күн кирип, күүгүм түшкөндөн баштап активдешет. Бөлмөнүн ичи эч кандай жарыгы (телевизор, телефон, лампочка, светильник жана башка жарык берүүчү каражаттар) жок кезде толук кандуу ишке киришет. Андыктан уктаган бөлмөдө түнкүсүн капкараңгы болушун көзөмөлдөңүз.
2. Организм уйкуга акырындык менен даярданат. Андыктан уйкуга 2-3 саат калганда физикалык активдүүлүктү азайтып, гаджеттерден алыстап, нерв клеткаларын дүүлүктүрүүчү эмоциялардан (коркуу, сүйүнүү, толкундануу, санааркоо жана башка) алыс болуу керек.
3. Уйкуда биологиялык ритм сакталышы керек. Тагыраагы, күндө бир маалда жатып, бир маалда турганды адатка айлантыңыз, дем алыш күндөр, эмгек өргүүсү дегендерге карабай. Организм кайсы маалда эс аларын билиши керек.
4. Адам салкын бөлмөдө жакшы уктайт. Андыктан уктоочу бөлмөнүн температурасы +18ден ашпасын. Андан сырткары жатарда терезелерди ачып таза аба киргизгенди унутпаңыз.
5. Уктаар алдында алкоголь, тамеки, кофеин колдонбоо керек.
6. Жаткан төшөгүңүз, жаздык, керебет, баары сизге ыңгайлуу болсун. Шейшептерди бат-баттан алмаштырып турууну унутпаңыз.
Уйку тууралуу кыскача
* Эмнеге адам уктап жатып коңурук тартат? Негизги себептери: ашыкча салмак, жаш курактык өзгөрүүлөр, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки чегүү, ЛОР патологиясы (полиптер, аденоиддер), мурундун түзүлүшүндөгү кыйшаюу же башка сезгенүүлөр жана туура эмес абалда уктоо кирет.
* Жашаган жери деңиз деңгээлинен бийикте жайгашкандар (4000 метрден жогору) көбүнчө уйкусуздук менен жабыркашат. Бул кычкылтектин деңгээлинин төмөн болушунан улам.
* Жер жүзүндөгү 15 пайыз адам уктап жатып баскан “лунатик” болушат.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |