САПАРБЕК КАПИТАН МЕНЕН ЯПОНИЯГА САЯКАТ

№1210

Өзүн Сапарбек капитан деп тааныштырган Сапарбек Ошурахунов – соцтармактарда активдүү блог алып барган мекендешибиз. Бул кызыктуу инсан менен ал билген Япония тууралуу маектештик. Кызыгы, 30 жылдан бери Японияда жашаса да “Совет адамы” бойдон калыптыр. “Буга Совет доорунда мекенге кызмат кылам деп ант бергеним да себеп” дейт каарманыбыз. 

 

Сапарбек капитан жылдарда...

Туулган жылы – 1960-жыл, 27-июль

Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району

1977-1980-жылдары Фрунзедеги Политехникалык институтту бүтүргөн

1980-1982-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн

1983-1987-жылдары СССР ИИМинин милицияга даярдоочу орто кесиптик мектебин бүтүргөн

1987-1994-жылдары Биринчи Май РИИБинде участкалык инспектордон тарта бөлүмдүн башчысынын орун басары кызматына чейин көтөрүлүп, капитан чинин алган

1995-жылдан ушул күнгө чейин Япониянын Киото шаарында жашайт

Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

“Трайбализмдин айынан кызматтан кеткем”

– 1994-жылдары Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө комитетинде жетекчинин орун басары болуп турганымда трайбализм башталып, ордумду бошотуп берүүгө туура келди. Бир жыл эч кандай жумушу, кирешеси жок отуруп калдык. Ошол жылы Япониянын Билим берүү министрлиги биринчи жолу СССРдин жарандарына стажировкага жол ачып, жубайымды Москва аркылуу Японияга окууга жибердим. Ошентип Киото университетине аспирант катары барып калды. 1995-жылы 25-мартта Япониянын Киото шаарына балдарымды жеткиргенче мен дагы барып калгам.

 

“Жашоо образы, технологиясы өзүнө тартты”

– Алгач Япониядагы жашоо образы өзүнө тартты, анткени ал жакта кварталдар, район-шаарлары так эле Совет мезгилиндегидей экен. Азыр да буларда квартал башчысы бар, таштандыларга жооптуулар, эртең менен балдарды мектепке узаткан жооптуулар болуп бекитилебиз. Ай сайын бул иштер кийинки үйгө өткөрүлөт. Ошондой эле мени автомобилист катары техникалары, камера, видеомагнитофондору жана автобус, метролорунун жүрүшү кызыктырды. Японияда коомдук транспорттор мүнөт, секунду менен жүрөт, 3 секундга кечигүү алар үчүн кечирилгис нерсе.

Тил билбегендиктен башында дудук-дүлөйдөй эле жүрдүм. Баргандан кийин алардын тазалыгына, тартибине аябай таң калдым, чаң да жок. Качан жумушка орношконумдан кийин япон тилин аз-аздан үйрөнүп баштагам. Азыр деле япон тилин, иероглифтерди үйрөнүп жатам, анткени грамматикасы башкача, жаңы сөздөр көбөйдү. Ленин айткандай, “окуу, окуу жана окуунун” үстүндөмүн.

 

“Катуу жер титирөөдө алааматты баштан өткөрдүк”

– Япон эли мага аябай жакын, туугандай болуп калды. Буга 2011-жылы Японияда 9 баллдык жер титирөөнүн болушу, натыйжада “Фукусима” АЭСинин жарылышы да себеп болду. Анда Япониядагы бардык чет өлкөлүктөрдү эвакуациялоо жүрүп, Кыргызстандан да гуманитардык жардам катары таза суу ташыган чартердик учак келип, кайра 93 кыргызстандыкты алып кетти. Ал убакта Японияда окуган кыргыз студенттери жөнөкөй үй-бүлөдөн эмес эле. Алар кетип, биз калып калдык. Ошондо япондор менен чогуу башыбыздан алааматты өткөрдүк. Ушул күндөрү бизди япондор өз үйүнө кабыл алды. Анткени япондор чет өлкөлүктөрдү канча жыл жашабасын өзүнүн коомуна эч качан кошпойт, үйүнө киргизбейт. Бизге эшигин ачышты, мындай учур чанда гана болушу мүмкүн.

Ал эми мүнөзүнө келсек, адамгерчиликтүү, патриоттор. Бала бакчадан эле мекенди, улутун сүйүүгө үйрөтүшөт. Ашыкча тактык менен жүргөнү кээде жакпай кетет, анткени ар бир секундду санашат. Ошондой эле ашыкча иштерман, а биз болсо жай отуруп эс алганды, ушакташып сүйлөшкөндү жакшы көрөбүз да.

 

“Өздөрүнөн чыккан гана унааларды айдашат”

– Ковидден кийин Японияга туристтер агылып келе башташты. Анткени эң таза, стерилизацияланган өлкө. Кайсы жакка барба бекер даараткана, кайсы тамактануучу жайга кирбе бекер суу, чай алсаң болот. Кооз жайлары, тарыхый архитектурасы, маданияты менен да туристтерди тартып турат. Патриот болгондуктан япондор өзүнөн чыккан гана унааларды айдашат. Заводдор буюртма боюнча жаш куракка, аял-эркектерге карап унааларды моделдештирип да жасап беришет. Жашы өтүп калгандар Тойота Краунду жактырышат. Албетте, байлыгын, статусун көргөзгүсү келгендер Европанын машиналарын айдашат.

 

“Мектепте 12 жыл окушат”

– Японияда балага билим берүү жана тарбия мен билгендерден эң жакшысы деп ойлойм. Анткени дүйнөлүк билим берүү системинин алдынкы усулдарын өзүнө сиңирген. Балдар мектепте 12 жыл окушат, 6 жаштан окуп, 6-класска чейин эркиндикке басым жасалат, форма кийишпейт. Бардык сабактар ушул жылдары кирет да, 6-классты бүтүп жатканда окуучу кызыгууларына карап окуу багытын тандай алат. Орто класс 3 жылга созулат, 9-классты бүтөрдө кийинки жогорку класска көчүү үчүн мамлекеттик экзамен тапшырышат. Өтпөй калса, жеке мектептерге акча төлөп окуйт. Ушундай эле жогорку классты бүтүп жатканда университетке бекер окуу үчүн экзамен тапшырышат. Ар бир мектептин өзүнүн гимни, желек, формалары бар. Балдарым да 12 жылдык мектепти бүтүп, мамлекеттик университеттерде билим алышты. Бул үчүн кубанам.

 

“7 сантиметрден узун бычак алып жүрсөң кармаласың”

– Башка өлкөлөрдөгүдөй эле кылмыштуулук бар. Айрыкча азыр телефон чалып алдап, акча алгандар көбөйдү. Үй тоногондор, унаа айдап качкандар бар, ур-токмок фактылары катталат. Бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан аз. Японияда 7 сантиметрден узун бычакты жаныңда алып жүрүүгө болбойт, жоопкерчиликке тартыласың. Анткени 7 сантиметрден ашкан бычак сайганда жүрөккө жетет деп эсептелет.

 

“Жаштардын тазалыкты сактабаганы өкүндүрөт”

– Кыргызстанга келип-кетип жүрөм, өлкөнүн өнүгүп жаткан жактарын байкап сүйүнөм. Бирок жаштардын тазалыкты сактабаганы абдан өкүндүрөт. Андай окуяларды сабак болсун деген максатта баракчамдан да бөлүшүп жатам. Анан бизде айдоочулук маданият төмөн, жол эрежелерин сактай беришпейт, рулда пипилдеткендер, урушкандар... Японияда тыптынч, сөзсүз аралыкты сактап айдашат. Ошондуктан жол кырсыктары аз.

 

“Жубайым экөөбүз саякаттоону чечтик”

– Пенсия курагына жетип калгандыктан ден соолугубуз мүмкүнчүлүк берип жатканда жубайым экөөбүз жер кыдырууну чечтик. Өзбекстан, Орусия, Корея, Кыргызстан сыяктуу көз карандысыз көп өлкөлөрдү кыдырдык. Эми Европага барсак деп жатабыз. Мени көбү япон болуп калсаң керек деп калышат, Совет доорунда мекенге кызмат кылууга ант бергендиктен “Совет адамы” бойдон кала берем.

 

• Япондор көзгө тике карап сүйлөшүшпөйт, көзгө тике караган адамдарды ачуулуу адам катары кабылдашат.

• Капиталисттик өлкө болгондуктан жумуш акысы саатына карап эсептелет. Болжолдуу бир саатка 7-8 доллар төлөнөт.

• Японияда британ-англис тили деген сыяктуу япон-англис тили бар. Кадимки англис тилинен айырмаланат, чет элдиктер түшүнө беришпейт.

• Жумушта сөзсүз түрдө күлүп жүрүү керек, ооруйсуңбу, кандайдыр бир маселе болуп жатабы, баары үйүңдө калууга тийиш.

 

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо