Дастан Бекешев: “Мектеп окуучуларынын формасын жеңилдетүү керек”        

№1210

Парламенттин 25-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп окуучуларынын формасы ыңгайсыз экенин айтып, аны өзгөртүүнү сунуштады. Депутат башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүүгө чакырат. 

– Биздин окуучулардын мектеп формасын карап көргүлө. Мен аны жаман деп айтпайм, бирок өтө эле ыңгайсыз. Мектепке барган балдарыңардан сурап көргүлө. Биз балдардан сурабай эле, алар үчүн чечип коёбуз да. Чет өлкөдөгү көпчүлүк мектептерде окуучулар биздикиндей форма кийишпейт. Мага аймактагы окуучулар жазып жатышат, мектеп формасы жайында дагы, кышында дагы ыңгайсыз деп. Мен мектеп формасын жоюп салалы деген жокмун, форма сөзсүз түрдө болуш керек. Бирок аны жеңилдетүү керек. Эмне үчүн окуучуларга футболка, кофта, жынсы кийип келүүгө болбойт? Эмне үчүн окуучу кыздар юбка кийүүгө милдеттүү? Кытайда окуучулар спорттук кийимдер менен келишет. Мен эми спорттук кийим сунуштабайм, бирок кэжуал стилинде кылсак болот,- деди депутат.

Кэжуал – ыңгайлуулукка басым жасалган стиль. Мисалы, жинсы шым, футболка, кеда. Же классикалык кийим менен спорттук кийимди айкалыштырып кийинүү десе да болот.  


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо