ӨЛКӨДӨ ЭРКЕКТЕР 3,7 МИЛЛИОНГО ЖЕТТИ

№1210

Кыргызстанда эркектердин саны учурда 3,7 миллионду түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Бул сан жалпы калктын 49,5 пайызын түзөт. Маалыматка таянсак, эркектердин үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ошол эле учурда ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарынын тургуну болуп саналат.

Иштеген эркектердин орточо жашы – 39 жаш. Экономикада эмгектенгендердин арасында эң көп үлүштү 35-39 жаш курагындагы топ түзөт. Эркектер негизинен экономиканын базалык тармактарында эмгектенишет: курулуш, транспорт, кен казуу, энергетика жана башка. Демографиялык көрсөткүчтөр эркектердин үй-бүлөдөгү активдүү ролун да айгинелей турганы белгиленди. 2024-жылы 45 миң эркек никеге турса, алардын басымдуу бөлүгү 20-29 жаш курагында. Эркектердин биринчи никеге тургандагы орточо жашы 27,6 жашты, ал эми кайталап никеге тургандагы орточо жашы 39,6 жашты түзгөнү айтылат маалыматта.

Мамлекеттик башкаруу системинде да эркектердин үлүшү жогору. Мамлекеттик башкаруу органдарында иштегендердин 55,4 пайызы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегендердин 62,3 пайызы эркектер.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо