№1211
Кээде адам өзүн жумушта, дос, туугандар арасында, алтургай үйүндө да ашыкча, керексиз сезип, дарегине дайыма сын угууну күтүп калат. “Бул психикалык оору” дейт психолог Мээрим Мураталиева. Андан кантип арылууга болорун төмөндө айтып беребиз.
Түртүндү болуу сезими...
Бейтааныш жерге барганда адам өзүн ыңгайсыз сезип, ичтен кыжалат боло түшөт. Ал барганда сүйлөшүп жаткандар токтоп, баары аны сынай карап, алтургай жактырбай жатышкандай сезилет. Андай учурда адам ал жерден эртерээк чыгып кеткиси келет. Эгер мындай учурлар абдан көп кайталансачы? Бул өзүнө ишенбестик, уяңдык же комплекспи? Жок, бул чөйрөдөн, коомдон өзүн ашыкча, кем, түртүндү, эч кимге керексиз сезүү синдрому.
Эски травмалардын кесепети...
Синдромдо адам анын келишине кубанган чөйрөдө, мисалы, туугандардын арасында да өзүн жат, ашыкча сезет. Баары анын артынан сөз кылып жатышкандай, сүйлөшсө да кичи пейилдик же аргасыздыктан сүйлөшүп жатышкандай сезилет. Айланасындагыларга салыштырмалуу өзүн акылсыз, кебетеси же кийими начар, сүйлөгөн сөзү да орунсуз деп кабыл алат. Бул адамдын түйүлдүк же бала кездеги психологиялык жаракаттарынан улам болот.
Синдромду эмнелер жаратат?
•Ичтен жээринди болуу. Бала түйүлдүк кезде апасынын аборт жасатуу же “ушул баланы төрөбөй койсом деле болмок” деген ойлорго кептелүүсү. Курсактагы бала төрөлгүчө апасынын эмоцияларын сезип, аны менен “азыктанып” жашайт. Жээринди болуп жатканын сезгенде мээсинде “менин эч кимге керегим жок” деген психологиялык жаракат пайда болот жана өмүр бою жашайт.
•Баланын мээримге тойбой калышы. Буга эне баласын эмчектен эрте чыгарып, бала багуучуга же жакындарына таштап иштеп кетүүсү, ата-эне ажырашкан соң баланын толук эмес үй-бүлөдө өсүшү таасирин тийгизет.
•Ата-эненин муздактыгы. Баланы уруп-урушуу, башка балдарга салыштырып сындай берүү, баланы четке түртүүсү, тыюулардын көптүгү.
•Буллинг. Бала физикалык жана психикалык басынтууга кабылат. Атасы же апасы жок экендиги, денесиндеги кемчилиги, коркоктугу жана башкалары үчүн мектепте келеке-шылдынга алынышы, зомбулукка кабылышы мүмкүн. Адатта аны топко кошо беришпейт. Балада өксүк, өзүн керексиз сезүү сезими күчөйт. Демек, ата-эне, мектеп тарабынан кетирилген кемчиликтер баланын бүтүндөй жашоосун бузуп коюшу ыктымал.
Ошондой эле...
Бала кезинде мээримге тойбогон бала эмоциясын сыртка чыгара албайт. Башкалардын кайгысын же кубанычын бөлүшө албайт. Демек, башкалар менен баарлашууда көйгөй жаралат. Көңүл сыртында өскөн бала эч кимге ишенбей чоңоёт. Анткени анда кичинесинен эле “ар бир адам өз көйгөйүн өзү чечиши керек” деген түшүнүк калыптанат. Жакын адамдарына да ишенбей, алардын жакшы ниет менен сунуштаган жардамынан баш тартат. Ашыкча тыюулар, урушуп, уруу, түртүндү болуу, улам сынга кабылуу, башка балдарга салыштырыла берүүнүн дагы бир жыйынтыгы – өзүн-өзү төмөн баалоо.
Кичинесинен эч кимден үмүт кылбай чонойгон бала кийин деле айланасындагыларга көп кайрылбайт. Өзү да убадасын аткарбайт. Мындан улам коомдон четтеп калат. Достору болбойт, айланасындагылар ага ишеним артышпайт. Башкалардын ою менен жашоо да убагында жетиштүү мээрим көрбөгөн адамга таандык сапат. Өз ою жок адам баарын башкалардын кеңеши менен жасап, башкаларга жагынып жашайт.
Кантип арылууга болот?
Балдар боюнча... Ата-эне баласын туура эмес тарбиялап жатканын байкаса, анда баланы аталган синдромдон куткаруу үчүн балдар психологуна алып барышы, баласы менен кошо өздөрү да атайын терапиядан өтүшү кажет. Анткени өзүнүн кемчилигин оңдобогон ата-эне баланы калыптагыдай тарбиялай албайт. Балага мамилени оңдоо, анын кызыкчылыктары, ою менен эсептешип, баланын ишеничине кире баштоо жана башкалар керек болот. Бул, албетте, узак убакытты талап кылат. Балага катуу мүнөздүү тарбиячы эмес, мээримдүү, колдоп, арка-жөлөк болгон ата-эне керектигин чоңдор билиши керек.
Чоңдор боюнча...
Психологдун жардамына кайрылуу керек. Адегенде эле сиз өзүнүздүн “жаман адам” эмес экениңизди аңдоонуз зарыл. Психолог же психотерапевттин жардамы менен сезимдеринизди талдап, сиздеги психологиялык травмалар качан, кантип пайда болгонун билүүңүз жана андан арылууңуз кажет.
Травмалардан арылууда өзүңүзгө жардам бериңиз
• Бирөө жаман сын айтса, “ага эмне жамандык кылдым эле?” деп өзүңүздөн сурап, жооп издеңиз. Сын туура эмес айтылды деп тапсаңыз, оюңузду ачык айтып, андан жакшы мамиле кылууну талап кылыңыз.
• Көпчүлүктүн алдында башкаларга кандай көрүнөм, чач жасалгам, кийимим жакшы элеби деп толкундана берүүнү таштаңыз. Андай жерде имараттын же бөлмөнүн жасалгасын, башкалардын кийимин караңыз. Ушинткенде мээниз маалыматтарды иштетүүгө өтүп, паникалык ойлор аз болот.
• Чоочун адамдардын арасында өзүңүздү жакшы сезбей жатканыңызды ачык айтсаңыз, алар туура кабыл алышат.
• Баарына жагууга аракет кылууну таштаңыз. Сиз баарына жагууга милдеттүү эмессиз.
• Синдром адамды бүкүрөйүп, колду айкалыштырып, “коркунуч” абалында отурууга жеткирет. Андыктан башты бийик көтөрүп, ийинди түздөңүз. Минткенде кортизол гормону азайып, өзүңүзгө ишеним келет.
• Баарлашып жаткан адамдын көзүнө тике караңыз жана башка.
Балада синдром жаралбашы үчүн...
Ата-эне дагы эмнелерди билиши зарыл? Мисалы, үйдө экинчи, үчүнчү бала төрөлгөндө улуусуна “эми сен чоңоюп калдың” деп сөз менен да, мамиле менен да билдирүүнүн кажети жок. Балдар бул сөздү “биз сени мындан ары жакшы көрбөйбүз, эми керегиң жок” дегендей эле кабыл алышат. Балаңыз менен көп ойноңуз, эмне жегиси, кандай кийим кийгиси келип жатканын сурап, анын каалоосу менен эсептешиңиз. Бала өзүнүн башкаларга керек экенин, анын ою, пикири да маанилүү экенин кичинесинен билип чоңоюшу керек.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |