№1211
Каарманыбыз көпчүлүккө ырчы катары таанылган. Азыркы учурда коуч, психология жана адам таануу илимдерин изилдеп келаткан айым Бактыгүл Бадыева. Атактуу инсандын ийгилик сыры, аялдык бакыт, өзүн табуунун кызыктуу жолу жана чыныгы эркиндик тууралуу баарлаштык. Инсандык өнүгүү, коомдук сын-пикир, жан дүйнө бейпилдиги боюнча да кызыктуу ойлорду айтты.
– Бактыгүл айым, акыркы жылдары өзгөрдүңүз. Бул өзгөрүүнүн башаты кайдан, эмнеден башталды?
– Адам таптакыр башкача болуп өзгөрбөйт. Мен мурунку эле Бактыгүлмүн, болгону ичимдеги коркууларды жеңдим, кээ бир сапаттарым өзгөрдү десем болот. Анткени жашоом жакшы жакка өзгөрсүн десен, өзүн өзгөрүшүн керек.
– Азыркы Бактыгүл менен мындан 10 жыл мурдагы Бактыгүлдүн айырмасы эмнеде?
– Жогоруда айткандай, абдан чоң деле айырма жок. Он жыл мурун мен башкача элем, балким, көбүрөөк эмоцияга алдырчумун, элдин оюна көбүрөөк маани берчүмүн. Азыр болсо сабырдуумун. Жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Бирок ичимдеги ошол шайыр, кыялкеч кыз дагы деле жашайт.
– Коуч катары көп айымдарга дем берип келесиз. А сизге дем берип, колдоп тургандар ким?
– Биринчиден, Кудай. Кудай деген куру калбайт эмеспи. Жакындарым. Апам, кайнене-кайнатам өзүмдүн ата-энемдей эле болуп калышты. Жолдошум, Кудайга шүгүр, дайыма мени колдоп келет. Анан кыздарым – тирегим, алардын ар бир жылуу сөзү күч-кубат берет. Өзгөчө алардын “сиз дүйнөдөгү эн жакшы апасыз” деген сөздөрү мен үчүн бардык нерседен кымбат десем болот.
– Коом аялды дайыма сулуу, идеалдуу көргүсү келет. Сиздин оюңузча, аялдын чыныгы сулуулугу эмнеде?
– Менин оюмча, аялдын чыныгы сулуулугу анын ички дүйнөсүнүн сулуулугунда. Бирок сиз айткандай, коомдо айымдарга тагылган күтүүлөр көп, өзгөчө эл көзүндө жүргөн айымдарга. Көпчүлүк, анын ичинде мырзалар бизден идеалдуулукту күтүшөт, бирок баарыбыз эле идеалдуу эмеспиз. Анткени адам болгон соң айрым кемчиликтер да болот.
– Эркиндик – бул сиз көп колдонгон сөздөрдүн бири экен. Эмне үчүн дал ушул сөз сизге жакын?
– Менин түшүнүгүмдө эркиндик – бул эң биринчи кезекте көз карандысыздык. Башкалардын оюнан, коомдогу статусунан жана материалдык байлыктан көз каранды болбогондо гана адам чыныгы эркиндикке жетет. Алтургай өлүмдөн коркпоо да эркиндиктин бир бөлүгү, анткени коркуу сезими адамды байлап салат.
Чыныгы эркиндик – бул жашоодогу бардык нерсеге (байлыкка, кызматка, жадакалса жакындарына) ашыкча байланбоо. Качан гана биз “бул нерселердин баары убактылуу жана Кудай тарабынан берилген” деп кабыл алганыбызда жүрөгүбүздү тынчтык уялап, адамдарга болгон мамилебизде терең урмат-сый жана сүйүү пайда болот. Эркин болуу – бул жөн гана жашоо жана бул дүйнөдө чыныгы адам бойдон калуу.
– Сахнанын, атактуулуктун таасири күчтүү дешет. Өзүңүздү убактылуу болсо да “жоготуп” койгон учур болду беле?
– Негизи кичинекей кезимде барчылыкты да, жокчулукту да көрүп өскөндүктөн атактуулук мага эч кандай таасир деле эткен жок. Башкача айтканда, “жылдыз оорусу” менен ооруган жокмун деп айта алам.
– Сын-пикир, мактоо, тынымсыз талкуу... Булардан өткөн же өтүп жаткан адамдын артында кандай аял жашайт?
– Тынымсыз талкуулардын артында өзүн тапкан, ички эркиндикке жеткен жана жүрөгүндө тынчтык орногон аял жашайт. Албетте, жаш кезде элдин терс пикиринен улам кадимкидей ыйлаган күндөр болгон. Бирок убакыттын өтүшү жана терең билимдин негизинде, мейли, ал психология болобу же адамдын өтмүшүн түшүндүргөн илимдер болобу, бүгүнкү күндө башкалардын оюна көз каранды эмес деңгээлге жеттим. Азыр сын айткан адамдын сөзүнөн эле анын ички абалы кандай экенин түшүнөм: бактылуу адам башканын ийгилигине сүйүнүп, жакшы сөз жазат, ал эми ичинде негативи көп адам гана жаман сөз таратат. Ошондуктан азыр мага эч кандай сөз таасир этпейт. Мен болгону эл адамы жана блогер катары аудиторияма туура багыт берип, кээде адамдын мээсине жеткирүү, жүрөгүн ойготуу үчүн катуураак айтуудан да тартынбайм. Кыскасы, бул талкуулардын артында Кудайдын колдоосу жана билимдин жардамы менен өз эркиндигин тапкан сабырдуу инсан турат.
– Эгер азыркы Бактыгүл мындан 10 жыл мурдагы Бактыгүлгө жолукса, ага эмне деп кеңеш айтмак?
– Мындан 10 жыл мурдагы өзүмө жолуксам, “Баары жакшы болот!” деп кеңеш айтмакмын. Бул сөз менин бала кезден берки негизги урааным. Чынында, өткөн ишке эч качан өкүнбөйм. Бул позициямды мурун да айтып келгем, муну гезиттеги маектерде мурдагы жоопторум да тастыктайт. Өткөндү өзгөртүү мүмкүн эмес, ошондуктан өткөн ишке кайгыруунун кажети жок. Эң башкысы, каталарды келечекте кайталабоого аракет кылуу.
Мен өз тагдырыма, басып өткөн жолума жана азыркы жашоомо абдан ыраазымын. Бул дүйнөгө кайрадан жаралсам, эч нерсени өзгөртпөстөн дал ушул жашоомду кайра тандамакмын.
– Эне катары сиз кандайсыз? Катуу же жумшак?
– Бул суроону балдарымдан сураш керек го. Бирок жагдайга жараша ар кандай болууга туура келет, кээде жумшак, кээде катуу. Алар, албетте, “сиз биз үчүн дүйнөдө эң жакшысыз” деп келишет, мен дагы ошого татыктуу болууга аракет кылып келем. Негизи балдарды тарбиялоодон мурда өзүбүздү тарбиялаш керек, а балдарга сүйүү бериш керек.
– Кандай учурларда өзүңүздү ырчы, блогер же коуч эмес, жөн гана аял сезесиз?
– Үйдө болгонумда. Үйдө коуч да, ырчы да эмесмин. Үйдө мен – жармын, үйдө мен – энемин. Ошол маалда өзүмдү жөн гана аял катары сезем. Түрлөп тамак жасаганды, үй-бүлөмө кам көргөндү жакшы көрөм. Андай учурда мен коомдук ишмер эмес, жөн гана аялмын.
– Эне катары балдарыңызга көп айткан насаатыңыз...
– Балдарыма эң көп айткан сөзүм – “мен силерди жакшы көрөм” жана “силерге ишенем” деген сөздөр. Анткени бала үчүн эненин колдоосу, эненин ишеничи аябай маанилүү. Анан ар дайым “чынчыл болгула, адамгерчиликтүү болгула” деп айтам. "Кандай гана кырдаал болбосун өзүңөрдүн жан үнүңөрдү уккула, өзүңөргө ишенгиле" деп кеңеш берем. Биздин мамилебиз абдан жакын, ошондуктан аларга ар дайым ачык болуп, колдоп турууга аракет кылам.
– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем!
Асел Нурбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |