АБАКТАГЫ АКЫН КЫЙНООГО КАБЫЛГАНЫН АЙТЫП ЧЫКТЫ

№1211

Абакта жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын жактоочусу Нурбек Токтакуновго кат аркылуу кабарлады. Анын катын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жарыялады.

Акын абакка барган Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө түрмөдөгү мыйзам бузуулар жана жетекчиликтин коррупциялык иштери жөнүндө айтып бергенден кийин басым башталганын белгилейт. Аскат Жетиген “түрмө кызматкерлери абакты жылытууга бөлүнгөн көмүрдү өздөрүнүн эс алуусу үчүн мончого жагып, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаратышып, 2000 сом акча алып жатышканын” жазат катта.

– Чындыкты айтууга аракет кылгандар катаал сабоого, ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүүгө, жалгыз кармоочу жайга камакка алынып, оор жумуштарды аткарууга мажбурланышат. Алар туткундарды өздөрү каалагандай кыйнашат. Ошондуктан соттолгондор комиссия келгенде “баары жакшы” деп айтууга аргасыз,- дейт акын.

Белгилей кетсек, Аскат Жетиген 2024-жылдын 20-мартында кармалган. Ал “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган. Сот аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо