№1211
Орозодо маанайыңыз, ден соолугуңуз жана иш процесси бузулбасын десеңиз, соор тамагын ичүү маанилүү. Анткени организм күн бою керектүү азык-заттар менен камсыздалышы керек. Белок жана углевод, ошондой эле витаминдерди да камтыган рецепттерди сизге сунуштайбыз.
СОУСТАГЫ ТООК ЭТИ ЖАНА ШПИНАТ
Даярдоо убактысы – 15 мүнөт
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Тооктун төш эти – 250-300 грамм
Шпинат – 1 боо
Пияз – жарым баш
Коюу сүт (20%) – 130-150 грамм
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Туз, паприка – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин канчалык кичирээк туурасак, ошончолук бат бышат. Пияз майда тууралат.
2. Көмөч казанга май куюп, ысыганда пиязды 2-3 мүнөт кууруп, тоок этин салабыз. Аралаштырганча 5-7 мүнөт кууруйбуз. Туз, паприка салабыз. Шпинатты кол менен 3-4кө бөлүп салып аралаштырабыз да, коюу сүттү куюп аралаштырабыз. Сүт бат эле коюуланып чыгат. Ошол кезде оттон чыгарып, тарелкаларга салып узата бериңиз.
ТООК ЭТИНЕН ШАУРМА
Даярдоо мөөнөтү – 10 мүнөт
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Тоо эти – 150 грамм
Быштактуу сыр – 80 грамм
Салат жалбырагы – 4 даана
Помидор – 1 даана
Лаваш камыры – 2 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин жука туурап, көмөч казанга бир аз май куюп, этти эки тарабынан кызартып чыгарабыз. Туз себелегенди унутпаңыз.
2. Лавашка быштактуу сырды сүйкөп, салат жалбырагын коёбуз. Үстүнө тоок этин жана помидор кесимдерин коюп оройбуз. Ток кармаган шаурмабыз даяр!
БЫШТАК ЖАНА БАНАНДАН БОТКО
Даярдоо мөөнөтү – 5 мүнөт
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Банан – 1 даана
Быштак (5-9%) – 100 грамм
Грек жангагы – 40 грамм
Каймак (20%) – 80 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
Бананды чарчы туурап, ага быштакты, кумшекерди салабыз. Грек жаңгагын да майдалап салып, каймак менен аралаштырабыз. Боткобуз даяр!
Орозоңуз кабыл болсун!
КИНОА МЕНЕН БОУЛ
Даярдоо убактысы – 15-20 мүнөт
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Киноа же күрүч – 100 грамм
Авокадо же бадыран – 1 даана
Жумуртка – 2 даана
Консерваланган жүгөрү жана буурчак – 2 аш кашыктан
Каймак май – 50 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Соорго турганда даярдап отурбайм десеңиз, жатарда 15 мүнөт коротуп даярдап коюуну сунуштайм.
1. Киноаны сууга туз татытып 10-15 мүнөт кайнатабыз да, суусун сарыктырып төгөбүз. Суу калбашы керек. Киноа өзүнөн 3 эсе чоңоёт, ошого карап керектүү өлчөм алсаңыз болот. Киноанын ордуна күрүч, гречка колдонуңуз. Аларды таза жууп, өз өлчөмүндө кайнак суу куюп, туз татытып кайнаган соң 10-15 мүнөт жай отто демдеп бышырабыз.
2. Киноа же күрүч, гречканы оттон чыгарган сон каймак май салып аралаштырабыз да, тарелкаларга салабыз.
3. Жумуртканы сууга же яичница катары бышырып, киноа салынган тарелкага жайгаштырабыз. Жанына бир аш кашыктан жүгөрү, буурчак салабыз.
4. Авокадо же бадыранды чарчы туурап, аны да тарелкага жайгаштырабыз. Боул даяр!
Боул – бул тамактын аталышы эмес, чуңкур идишти аташат. Ошондой идишке бири-бирине айкашкан азыктар салынып, ысык же муздак түрдө берилет.
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |