№1211
Уйгак – сабагынын учтарында жабышчаак тикени бар, жазы жалбырактуу өсүмдүк. Аталышы эмнеден келип чыккан? Уйгактын ден соолукка пайдасы кандай?
Чыныгы аталышы – “уй кулак”
Уйгак дегенде жабышчаак, тикендүү өсүмдүктү түшүнөбүз. Чындыгында анын аталышы тикенинен эмес, жалбырактарынан улам пайда болгон. Мисалы, ат кулак, козу кулак сыяктуу эле жаз келери менен жерден кылтыйып баш багып чыккан жалбырактарынын көлөмүнө жараша аталган. Биз билген уйгак сөзү “уй кулак” деген эки сөздөн келип чыккан. Жалбырактары далдайып уйдун кулагына окшош болгондуктан ушундай аталып жүргөн. Кийин кулак сөзүнүн “ул” тыбыштары түшүп айтылып, “уйгак” болуп кеткен.
Кызыл жүгүрүк илдетинде колдонулат
Уйгактын бийиктиги 60-150 сантиметрге чейин жетет. Дүйнөнүн бардык өлкөсүнө тараган жана 11 түрү бар. Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Тамырынын көрүнүшү ичке сабизге окшошуп кетет да, узундугу 60 сантиметрдин тегерегинде болот. Өсүмдүктүн курамында протеин, эфир майлары, пальмитин жана стеарин кислоталары, инулин полисахариди жана башкалар бар. Жалбырагы арак же спиртке ачытылып бөйрөк, кант диабети, өт баштыкчасы, ичеги жана муун ооруларында колдонулат. Жаңы үзүлгөн жалбырагынын кайнатмасын дене табын түшүрүүдө, кызыл жүгүрүк, мастопатияда жана жаранын эрте айыгышы үчүн пайдаланышат. Тамырынын ачытмасы кызыл жүгүрүк, подагра үчүн даба болуп эсептелет. Заара кубалоочу касиети да бар.
Майы чачты өстүрүүгө жакшы
Уйгактын майы тамырын иштетүү аркылуу алынып, дарыканаларда сатылат. Шампундардын курамына кошушат. Майы чачтын түшүүсүнүн, какачтын пайда болушунун алдын алып, өсүүсүн шарттап, түптөрүн бекемдейт. Андыктан маска жасоого болот, өзгөчө сынма, кургак чачтарга. Тырмакты бекемдеп, терини жумшарта турган да касиети бар. Кирпик, кашты майласа, ошондой эле кирпик боёочу туштарга тамчылатып куюп койсо, кирпик-каш жакшы өсөрү маалым.
Ашканада
Ашканада жаш уйгактын тамыры колдонулуп, аны айрым өлкөлөрдө маданий түрдө өстүрүшөт. Тамыры назик, таттуураак болот. Японияда уйгактын тамырына сабиз, дайкон жана башкаларды кошуп закуске жасашат. Италия, Бразилия, Португалия, Кореяда көбүнчө коюу, майлуу шорполорго кошушат. Англияда алкоголсуз кээ бир суусундуктарга тамырынын кайнатмасын кошушат. Сабагынан одуракай була алынып, андан товар орой турган кагаз жасалат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |