№1211
Дүйнөлүк хит ырларды кыргызча которуп ырдаган кавер аткаруучу Актилек Асатиллаев (Akti312) менен тааныштырабыз. Жаш талант фортепиано, гитара жана аккордеондо ойнойт. Элге кавер ырдоо аркылуу аздыр-көптүр таанылууга жетишти. Аудиториясынын бир бөлүгү кыргыздар болсо, калганы чет өлкөлүктөр.
КАНДАЙ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ӨСТҮ?
– Абдан мээримдүү үй-бүлөдө чоңойдум. Байкем, иним жана үч эжем бар. Үй-бүлөмдүн колдоосу дайыма күчтүү. Досторум да ар дайым жанымда. Алардын ишеними мени алдыга сүрөйт, дем берет. Азыр кавер аткаруучумун. Өзүмдүн “Супер герой”, “Искра” жана “Сүйөм деп алдаба” аттуу автордук ырларым бар.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАЧАН КЫЗЫГЫП КАЛГАН?
– Кичинекей кезимде эле ырчы болууну кыялданчумун. Бала бакчада хордо алдыңкы катарда туруп ырдап калчумун. Ошондо эле музыкага болгон сүйүүм ойгонгон экен.
МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПКЕ КИМ КИРГИЗГЕН?
– Бир тууган Айдай эжемдин демилгеси менен музыкалык мектепке киргем. Эжем ата-энеме “музыкалык мектепке берели” деп сунуш киргизген. Ошентип №4 балдар искусство мектебинде 5-классымдан тартып окуп калгам.
КАЙСЫ МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРДА ОЙНОЙ АЛАТ?
– Музыкалык мектепте фортепиано жана аккордеон бөлүмүндө окугам. Ал жерде окууну кызыл диплом менен ийгиликтүү аяктагам. Максатым – чыгармачылыкта ийгиликке жетүү болчу.
КАЙСЫ АТАКТУУЛАРДЫ КУМИР ТУТАТ?
– Кичинемден сахнадагы атактуу инсандарга кызыгып чоңойдум. Айрыкча Мирбек Атабеков, Нурлан Насип жана башка агаларымдын эмгеги мени шыктандырып турчу. “Мен да элге кызмат кылган чыгармачыл инсан болсом” деп кыялданчумун. Социалдык тармактагы баракчама катталган, комментарий жана жеке катка да жакшы тилектерин жазган белгилүү ырчылар бар. Абдан кубанам, мен суктанган инсандар менен сүйлөшүп калганыма.
КАЙСЫ ДҮЙНӨЛҮК ЫРЧЫ МЕНЕН ДУЭТ АТКАРГЫСЫ КЕЛЕТ?
– Akon, Bruno Mars, James Brown.
БАШКА КАНДАЙ БИЛИМИ БАР?
– IT тармагына кызыгып, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине (Политех) окууга тапшыргам. Учурда программалоо багытында билим алып жатам. Максатым – күндүз кесиптик иш, кечинде чыгармачылык менен алектенүү.
5 ЖЫЛДАН КИЙИНКИ ӨЗҮН КАНДАЙ ЭЛЕСТЕТЕТ?
– Кыргызстандын эң алдыңкы ырчыларынын бири болом деп элестетем.
ЭМНЕ ҮЧҮН “Akti312” КАЙМАНА АТЫ?
– Көптөр мени казак улутунан деп ойлошчу. Ошондон улам “Akti312” деп жаздым. 312 – бул Бишкектин коду. Жөн гана сан эмес, мааниси бар. Борборубуздун ар бир көчөсүндө тарых, ар бир жылында келечек бар. Бишкек гүлдөсө, кыргыздын келечеги бекемделет.
ДҮЙНӨЛҮК ХИТТЕРДИ КЫРГЫЗЧАГА КОТОРУУ ИДЕЯСЫ КАНТИП ЖАРАЛГАН?
– 12 жашымда дүйнөлүк хиттерге кызыгып, эргүү алып жүрдүм. Музыкалык мектепти бүткөн соң кавер аткара баштадым. Алгач орусча ырлар менен эксперимент жасап көрдүм. Социалдык тармактарга аткарган чыгармаларымды жүктөдүм. Орусия, Казакстан жана башка коңшу өлкөлөрдөн көрүүчүлөр көбөйдү. Эмгектеримди интернет тармагына былтыр киргизип баштагам.
ДҮЙНӨЛҮК ЫРЛАРДЫ ТАНДООДО ЭМНЕСИНЕ КӨҢҮЛ БУРАТ?
– Маанисине жана биздин менталитетке жарашыгына. Албетте, кыргызчага которууда тексттин түпкү маанисин сактайм. Апам ыр жазат. Көпчүлүк бөлүгүн апам оңдоп жазып берет. Апамдын ар бир акыл-насааты – ийгилигимдин башаты.
АВТОРДУК УКУК МАСЕЛЕСИНЕН КОРКПОЙБУ?
– Коркпойм. Анткени кавер тартканда автордун аты-жөнүн сөзсүз белгилеп келем да.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ҮЧҮН ИШТЕЙБИ ЖЕ СОЦТАРМАКТАГЫ КӨРҮҮЛӨР ҮЧҮНБҮ?
– Чыгармачылык үчүн иштейм. Мен үчүн убактылуу кызыкчылык эмес, келечек маанилүү. Ошондуктан ырларга этият мамиле жасайм. Тилектерим аябай көп.
АТААНДАШТЫККА КӨЗ КАРАШЫ КАНДАЙ?
– Атаандаштык мени токтотпойт, тескерисинче, стимул берет. Азыр жаш ырчылар арасында атаандаштык бар. Тартип жана дисциплина – ийгиликке жетүүнүн негизги фактору. Чыгармачылыкта эң чоң коркунучум – өзүмдү жоготуп алуу.
ЖАҢЫ ЫРЫН АДЕГЕНДЕ ҮЙ-БҮЛӨСҮ УГАБЫ?
– Үй-бүлөмө алдын ала угузбайм. Чынын айтсам, толкунданам, бир аз уялам. Ыр Инстаграмга чыккан соң гана угушат. Үй-бүлөмдүн пикири мен үчүн баарынан кымбат.
ПРОДЮСЕРИ БАРБЫ?
– Азырынча өз алдымча аракет кылып жатам. Бизде жакшы продюсерлер жоктой сезилет.
ЭЛГЕ ТААНЫЛА БАШТАГАНЫНА ОЮ КАНДАЙ?
– Азырынча атактуумун деп айтууга эрте. Элге бир аз таанылып калдым. Элдин сүйүүсү жана сахнанын касиети үнүмө ишенимди берди. Келечекке жакшы жол ачты.
КАЙСЫ ТИЛДЕГИ ЫРЛАРДЫ ЫРДАГАНДЫ КӨБҮРӨӨК ЖАКТЫРАТ?
– Көбүрөөк англис тилиндеги ырларды ырдаган жагат.
КАНЧА ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨЙ АЛАТ?
– Кыргыз, орус, немис жана англис тилдерин билем.
БАШКА ЭЛДИН ЫРЛАРЫН КЫРГЫЗЧА КОТОРУП ЫРДОО МАДАНИЯТКА САЛЫМ КОШУУБУ ЖЕ ЭКСПЕРИМЕНТПИ?
– Чыгармачылык мага эксперимент эмес. Максатым – кыргыз тилин, маданиятын дүйнө жүзүнө жайылтуу. Орусиядагы Jony аттуу ырчы ырыма лайк басып, комментарий жазган. Кавер аткара берсем, кыргыз тилин дүйнө жүзүнө таанытууга, демек, кыргыз маданиятына кичине болсо да салым кошот болушум керек.
ӨЗҮ ТЕҢДҮҮ ЖАШТАРГА КАНДАЙ КЕҢЕШ АЙТАТ?
– Ийгилик талант менен гана келбейт. Тартип, эмгек жана изденүү керек. Көбүрөөк китеп окуш керек, өзүңдүн үстүңдөн иштешиң зарыл. Кыйынчылыкка чыдоо да жеңишке алып баруудагы маанилүү нерсе.
АЛДЫГА КАНДАЙ МАКСАТТАРДЫ КОЙДУ?
– Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө кыргыздын атын чыгарган ырчылардын катарына кошулгум келет. Сапаттуу чыгармаларды жаратып, элге пайдалуу болсом дейм. Кавер тармагында гана эмес, өзүмдүн автордук чыгармаларым менен да таанылгым келет.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |