№1211
Илим Калмуратов – театрда да, кинодо да өзүнүн табигыйлыгы, көз карашынын тереңдиги менен айырмаланган инсан. Анын каармандары көбүнчө ички күрөшкө, тандоого, жоопкерчиликке туш болгон адамдар. Маекте жеке жашоосу, театрга болгон ашыктыгы, өзүнүн дүйнө таанымы тууралуу сөз болду.
– Саламатсызбы, Илим ага! Жакында жубайыңыз, актриса Гүлжамал Мамытбековага мелдештен утулуп калып автоунаа алып бергениңиз талкууга түштү. Маекти ушул окуядан баштасак...
– Кутман күн! Ооба, өзүңүздөр социалдык тармактардан көргөндөй, мелдештен утулуп калдым. Анан өзүм бир “жорго” алайын деп топтоп жүргөн акчам бар эле, ошого жубайыма унаа алып бердим. Акылдуу аял да, ошентип мелдештин аркасынан унаалуу болуп калды. Бизди көрүп, тилектерин айтып, батасын бергендерге ыраазычылык айтам.
– Адатта маяна аздыгынан театр актёрлору тиричиликтен кыйналышат деген түшүнүк бар. Бул сиздерге да тиешелүүбү?
– Кайсы жерде жеңил дейсиз. Дегеле жашоо жеңил болот деп эч ким кепилдик берген эмес да. Бакыты да, кыйынчылыктары да болот жашоодо. Турмушта көп нерсени жеңиш керек экен, буюрган ырыскыбызды алууга далалат кылып келебиз. Бирок ишинди сүйсөң, андай кыйынчылыктарды деле көп сезбейсиң. Тиричиликтеги кыйынчылык эч нерсе эмес, чыгармачылыкта чыйырыңды таппай будамайлансаң ошол азап. Элдин баары билгендей, актёрлордо айлык аз, бирок “көбөйбөй жатат” деп наалый бербей, мүмкүн болгон аракеттерди жасап келе жатабыз.
– Актёрлукта өз ордуңузду табуу жеке тажрыйбаңызда кандай болду? Дегеле бул тармакка кантип келип калгансыз?
– Актёрлук кесипке келгенимдин себеби – кичинемден кызыгуум бар эле. Башынан эле ушул жакка ыктадым окшойт. Анткени кичинемден эле так илимдерге жок элем, ата-энем мугалим болчу, башка бир туугандарым да жакшы окушчу. Мен төрт деген баага жетсем сүйүнүп калчу элем. Өзүм кыялкеч, сүрөттү жакшы тартчумун, музыкалык аспаптарда да ойной алчумун. Театрга ушул кесипке жарайт окшойм деп келгем. Анан да балдарынын арасынан чабалыраак, арык экенимди көрүп, ата-энем да ушул жакка багыт беришти. Алгач улуттук филармониянын алдындагы даярдоо студиясына келгем. Ырчы болоюн десем, “үнүн калыптана элек экен” дешти. Комиссияда отургандар “актёрлукка жарайт” деп алып калышты. Бир жылдан кийин боюм өсүп, кыздар кылчайып карашып, адам болуп көзгө көрүнүп калдым окшойт. Мени таптаган агайым “эми актёрлукка тапшырсаң болот” деди. Ошентип Москвадан Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып, окуп бүтүрүп, мекениме кайтып келдим. 2001-жылдан бери театрда, кино тармагында иштеп келе жатам. Андан тышкары жогорку окуу жайларда фехтование, ритмика деген сабактарды окутам, мугалиммин.
– Театр – бул тирүү организм дешет адистер. Ал жер сиздин жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды болуш керек?
– Кинодон айырмаланып, театрда баары жандуу болот. Эмоциясы да, кайфы да башкача. Актёрлорду кетирбей кармап турган чон дүйнө – ошол тирүүлүк, жандуулук. Мен кандай образ берилсе да ачып берүүгө аракет кылам. Команда менен иштөө ырахат, эгерде бирдей максатты көздөсөк...
– Жубайыңыз менен да театр табыштырганбы?
– Ооба, окууну бүтүп Москвадан келгенимде Гүлжамал да окуусун бүтүп, иштеп жүргөн экен. Алгач Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналган иш-чарага даярданып, чогуу катышып калдык. Карасам, анда мен жактырган мүнөз, жүрүм-турум бар экен. Тамактануу учурунда Гүлжамал “байке, сиз Ак-Талаадан болосузбу, мен да ошол жактанмын” деп калды. Тамашалап, “Ак-Талаанын Бишкегинен болом” дедим. Актёр Аскат Сулайманов “экөөң бир жерден экенсиңер, кыз-жигит болуп албайсыңарбы?” деп ажыкыстанып калды. Ошол жерден сөздөн сөз чыгып, “кыз-жигит болобуз” деп кол алыша мелдешип кеттик, күбөбүз Аскат болду. Тамашадан башталып кеткени менен, олуттуу эле сүйлөшүп жүрдүк, анан баш кошуп калдык. Учурда эки балабыз бар, бактылуу кезди да, түйшүктү да бирдей тартып, жакшы жашап келе жатабыз. Бири-бирибизге кеңеш айтып, чыгармачылыкта да бир багытты көздөй бараткан учурубуз.
– Ойногон каармандарыңызды көп анализдейсизби же табигый күч менен эле ачып бересизби образды?
– Образ берилгенде анализдөө керек болот. Ал кандай адам, күчү жана алсыздыгы эмнеде, кандай кийинет, кандай сүйлөш керек деп ойлонуп отуруп анан таап чыгасың. Иликтегенден кийин анан актёрлук табигый күч ишке кирет. Образды ойлонуп жүрүп ошол каармандын ичинде жашап каласың. Максатка жетиш үчүн актёрлук техника менен машыгасың. Ошондуктан образды алып жатканда тандоо керек. “Мен ушуну элге жеткире аламбы, мен муну түшүндүмбү, жан дүйнөсүн ача аламбы?” деген суроолорду өзүнө берип туруп роль аласың. Эгерде ойной турган каарманынды жакшы түшүнбөсөң, кыйын эле болуп калат.
– Актёрдун элге жакпай калышы – ал үчүн трагедиябы?
– Убактысын коротуп окуса, аракет кылса, бирок иши оңунан кетпей, долбоорго чакыруулар болбой калса, актёр үчүн трагедия эле. Убакыт, жаштык өтүп кетет. Актёр үчүн эң оор мезгил ошо деп ойлойм. Жаштыкты театр да талап кылат, анан ал убагын жакшы роль менен өтпөсө кыйын. Демек, актёрдо иш дайыма болуш керек, бул анын мотору болот.
– Спектаклде купулуңузга толбой калган образдар болобу?
– Болот. Бирок буга чөгүп кетпеш керек. Бир жолу начар болсо, кийинкисинде жакшы болот. Менде да болгон, аракет кылып гана ийгилик жаралат. Убакыттын өтүшү менен актёр тереңдейт, тажрыйба топтойт, жеңилдейт. Кесибин жакшы көргөн актёр “мотор” болуп жакшы иштесе, жан дүйнөсү да ток болот. Ого бетер шыктанып жүрүп отурат.
– Театрда улуу муун менен жаш муундун ортосунда көз караштардын дал келбей калышы канчалык болот?
– Ыкма, жанр, системде эч кандай айырмачылык жок деп ойлойм. Бирок азыркы учурда технологиялык жактан жаштарга бир топ жеңил. Ал эми жалпысынан алганда жаштык деген бир керемет учур да. Алардын энергиясы, каалоосу күчтүү болот. Ал эми улуу муунда чоң тажрыйба бар. Ошондуктан бул эки нерсе эриш-аркак болгондо күчтүү спектакль, күчтүү командалар пайда болот.
– Балдар жөнүндө сурайын. Уулдарыңыз сиздин жолуңузду улантууну тандашса, колдойсузбу?
– Тандоосун сыйлайм. Өздөрү кызыкса, бул тармакка пайда келтирерин билсем, каршылык жок. Ата-эне болгондон кийин балдарыңдын дараметин билесиң да. Алып кете алабы же жокпу, байкайсың. Балдарымдан чыгармачылыктын учкунун көрүп калсам, колдойм.
– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |