№1211
Кыргыздын макал-лакабы укмуш. Бир баракка жазылчу ойду кыска бир сүйлөм так, даана түшүндүрүп берет. Бул жолу белгилүү инсандарга макал айтып, алардын маанисин сурап көрдүк. Кызыктуу жооптор айтылды.
“ЖАКШЫ ТАЗ БАШЫН, ЖАКШЫ АЯЛ АШЫН ЖАШЫРБАЙТ”
Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
– Адам жамандыгынан таз болбойт, чачынын жоктугу – анын өзгөчөлүгү. Жакшы адам ачык болот, ошондуктан “Кудайдын буюрганы” деп, таздыгын элден жашырбайт, кемчилигинен, өзгөчөлүгүнөн уялбайт. Таз болуудан анын аброю кемип калбайт. Ал эми жакшы аял Кудайдын бергенине шүгүр кылып, келген коногунан тамагын жашырбайт. Конок күтүү маданиятын сактап, сый-урматын көрсөтөт. Андай адам өзү да башкаларга конокко барганда сыйлуу, сөзү өтүмдүү болот.
“КЕДЕЙДИ КӨЧКӨНДӨ КӨР”
Аксай Муканбет уулу, ырчы:
– Үй-бүлө көчкөндө бир кашык, бир чөмүч менен көчпөйт да. Бир бөлмө үйдө жашаса деле бир унаа жүк чыгат. Ошончо буюм-тайымы бар экенине көчүп жаткандар өздөрү таң калышат. Мен дагы көчүп көргөм, ошондуктан бул абалды жакшы билем. Үйлөнүп, искусство институтунун жатаканасында 4 жыл жашагам. Ал жерден батирге көчкөнүбүздө кичинекей 1 бөлмөдөн эмнелер гана чыккан жок дейсиз. “Кедейди көчкөндө көр” деген – адамдын топтогон буюмдарынын көлөмүн жана жашоосунун кандай экендигин билдирген макал. Көбүнчө керексиз буюмдарды сактай берүүнүн маанисиздигин көрсөтөт. Илгери 1 ат же 1 эшеги бар кедейдин көчүүгө бир топ убактысы кеткен. Ошондо буюмдары ар жерде чачылып, “кедейди көчкөндө көр” деген сөз ошондон чыккан.
“АЧ КӨЗДӨН КАРЫЗ СУРАБА, СУККА КАРЫЗ БЕРБЕ”
Айпери Кулбаева, ырчы:
– Ач көз, сараң адам оңою менен карыз бербейт же ар нерсени айтып, жүрөгүңдү оорутуп кыйнап берет. Бергенден кийин да доомат кыла берет. Ал эми сук адам алганын кайтаргысы келбейт. Бергенинди сурасан “эми ошону унутуп эле койбойсуңбу” дегенсип кайра сени ыңгайсыз кылат. Кадыр-баркыңды тебелейт. Ошондуктан ач көз, сук адамдардан алыс болуп, мамиле курбаган жакшы.
“БАЛАЛУУ ҮЙДӨ СЫР ЖОК, ООРУЛУУ ҮЙДӨ ЫР ЖОК”
Мадин Итикеев, тамада:
– Балдардын жан дүйнөсү таза. Куулук-шумдук, жаап-жашыруу дегенди билишпейт. Ошондуктан үй ичиндеги сырды, көргөн-билгенин, ата-энесинин өз ара сүйлөшкөн сөздөрүн башкаларга айтып салышат. Мисалы, туугандары, тарбиячысы, мугалими бир нерсе десе, айтып салышат. Ал эми үйдө бирөө ооруп жатса, ал жерде шаттык, кубаныч, ыр-күлкү болбойт. Баары оорулуунун абалына тынчсызданып, маанай түшүп турат. Ошондуктан “оорулуу үйдө ыр жок” деп айтылып калган.
“ОБУ ЖОК КАТЫН ОРСОК УЙ СААЙТ”
Каныбек Разыков, куудул:
– Мен ушул макалды тойдо конокторго чечмелетип көрмөк болгом. Бирок чечмеленишин өзүм алгач интернеттен издегем. Көрсө, торпогун салып ийитпей эле уй саай баштаганды “орсок уй саайт” деп коюшат экен. Орсок дегени бир калыпта эмес, тегиз эмес дегенди билдирет. Ошого, менимче, аял уйдун эмчегин бирде жай, бирде катуу тарткылап саагандан улам образдуу түрдө айтылып калган болушу мүмкүн.
“ЖЭЭН ЭЛ БОЛБОЙТ, ЖЕЛКЕ ТАЗ БОЛБОЙТ”
Мунара Султанова, ырчы:
– Жээн деген жээн бойдон калат. Ал “кимдин баласысың, урууң ким?” десе, таятасынын атын айтпайт, өз атасынын атын, уруусун айтат. Ошого каны бөтөн, бөлөк өстү деген мааниде. Ал эми баштагы чач түшсө гана “таз” деп айтылат. Желкедеги түк түшсө таз деп айтылбайт. Элибизде бул макалга жооп сыяктуу айтылган макал да бар: “Жээн эл болот – тагасы бай болсо, желке тон болот – жегени май болсо” деген. Жээн эл болот, эгер тага журту бай, кыйын, кадырлуу болсо жана жээнин ымыркай кезинен бакса. Жээнди кичинесинен таптап жүрүп “эл” кылып алышат.
“ЖЕЛМОГУЗДУН ЧОҢУНАН ЭМЕС, КИЧИНЕСИНЕН КОРК”
Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:
– Жашоодо болгон көрүнүштөргө каймана түрдө берилген мүнөздөмө. Айкын көрүнгөн, ачык коркунучка караганда, билинбеген коркунуч жана аны жараткандар кооптуу дегенди билдирет. Мисалы, сенин жетекчиң, текшерүүчү органдардын башчылары өздөрү эмес, алардын кол астында иштеген майда кызматкерлер кооптуу. “Бөрк ал десе, баш алгандар” ошолор. Сага үстөмдүк кыла турган “шефиңдин” бийлиги бар, жаман бир иш кылсаң андан келчү коркунуч ачык. Алардын жардамчыларынан келчү коркунуч, жамандык белгисиз, күтүлбөгөн жерден болот. Ошондуктан “желмогуздун чоңунан эмес, кичинесинен корк” дешет.
“ПЕЙИЛИ ТАР АДАМ КЕҢ ИДИШТЕН АШ ИЧЕ АЛБАЙТ”
Элмира Тагаева, актриса:
– Пейили тарлардын колу да тар, сараң болушат. Бул жадакалса бычмачылыктан да билинет. Алар кийимди да тар тигишет экен, муну өз көзүм менен көрүп тан калгам. Андайлардын үйүнө барсаң дасторконундагы тамак-аштар да кичине идиштерге салынган болот. Ошондуктан “Пейили тар адам кең идиштен аш иче албайт” деп айтылат. Алар башкалардын да ашын аяй беришет. “Байдын ашын байкуш аяптыр” деген сөз ошондон чыккан. Пейил оңолсо, баары оңолот. Кыргыз – коноктор үчүн деп этин, чучугун, курут-майын сары майдай сактап койчу эл. Биз азыр ошол сыпатыбыздан кетип баратабыз, ушул нерсе өкүндүрөт.
Адамдын ички дүйнөсүнүн тардыгы, сараңдыгы, көрө албастыгы, майдачылдыгы анын жашоодогу кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануусуна жол бербейт.
“ЧОҢ ҮЙДӨГҮ КҮЛСӨ, КИЧИ ҮЙДӨГҮ ЫРСАЯТ”
Алтынбек Ажалиев, куудул:
– Илгери байлардын бир нече аялы болгон. Ошого жараша байбиченин үйү чоң үй, токолдорунуку кичи үй деп аталган. Байбиченин үйү үй ээсинин башкы үйү болгондуктан ал жакта коноктор тосулуп, эл мыктылары акыл-кеңеш жүргүзүшкөн, маселе чечишкен. Дасторкон үстүндө сөздөн сөз чыгып күлүшсө, аларга кызмат кылып жүргөн кичи үйдөгүлөр угуп жылмайышкан. Чоң үйдүн ээси башчы деп сыйлангандыктан, ал күлсө кошомат кылгандары жасакерленип, кошо күлүп ырсайганга аргасыз болушкан.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |