№1211
Ош облусунда кейиштүү кырсык катталды. 19-февраль күнү Ноокат районунун Көк-Бел айылында 21 жаштагы келин үйүнөн асынган абалда табылды. Жакындары келин өз жанын кыйды дегенге ишенбей жатышат. Анткени келин окуя болордон 4 саат мурун апасына жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу кабар берген. Окуянын чоо-жайы тууралуу келиндин апасы бизге маалымат берди.
“Жакында дипломун колуна алмак”
– Аты-жөнүм Уулча Орунбаева, учурда 44 жаштамын. Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылында жашайбыз. 3 уул, 2 кызым бар эле. Минтип 1 кызымдан айрылып, кан жутуп отурам. Кызым Айжаңыл 2025-жылы январда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айылындагы жигитке сүйлөшүп жүрүп турмушка чыккан. Экөө баш кошкондон бир айдан кийин Орусиянын Москва шаарына иштегени кетишкен. Ошол жакта иштеп жүргөндө кызым телефон чалып, 3 айлык кезде боюнан түшкөнүн айткан эле. Себебин сурасам, “өзү эле түштү” деп ыйлап, толук жооп бере албай койгон. Кийин дагы бир чалганда “бул жактан кетким келип жатат, силерди сагындым” деген эле. Кызым Ош мамлекеттик университетинин базасындагы институтта 2 жыл окуп, анан Орусияга кетеринде сырттан окуу бөлүмүнө которулган болчу. Жалпы 3 жыл окуп, мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп чыкмак. Ошого былтыр ноябрь айында мамлекеттик сынак тапшырууга Орусиядан келген.
“Шакектерин, телефонун алып, үйдөн кууган”
– Жолдошу Москвадан декабрь айында келген. Бул арада Айжаңыл биздин үйгө айылдап келет. Экөөбүз отурганда кызым “үйдө болбогон жерден уруш чыкты. Күйөө балаңыз алтын шакектеримди, чөнтөк телефонумду алып коюп, “үйүңө жогол” деди. Кара-Сөгөткө кетмек болуп үйдөн чыгып, айылдын борборуна бардым. Ал жактан мени кайнагам көрүп, апасына “келин бул жакта жүрөт” деп чалыптыр. Кайненем “келинчегиңди таап алып кел” дептир жолдошума. Ошентип жарым жолдон күйөөм кайра үйгө алып кетти” деп айтып берген.
“Бөйрөк тушунда тактар бар, моюну тытылыптыр”
– Ошондон көп өтпөй бул каргашалуу окуя болуп жатат. 2026-жылдын 19-февраль күнү үйдө отурсак, жолдошума кызымдын өкүл атасы чалып “кызыңар ооруп жатат, тез келгиле” деп калды. Эмне болуп кетти деп санааркап, жолдошум экөөбүз 1 саат жол жүрүп Көк-Белге бардык. Барсак, үйдө адамдар да, унаалар да көп. Жолдошум экөөбүздү көрүп ал жерде тургандар бизди курчап, “пендечилик, кызыңыздан айрылып калдык” дешти. Нес абалга түшүп, уккан кулагыбызга ишенбей калдык. Үйүнө кирип барсак, кызыбыздын ээгин таңып, бетине шейшеп жаап жаткырып коюшуптур. Шейшепти ачсам ич кийимдери жок. Бөйрөк тушунда көк ала тактар бар экен, моюну тытылып кетиптир. Муну көрүп катуу стресске түшүп, кайнагама телефон чалып чакырганга үлгүрүп эле эсим ооп жыгылдым. Биздикилер барып милиция жана “Тез жардамды” чакырышыптыр. Эсиме келгенимде кызымды “соттук медициналык экспертизага беребиз” деп алып кетишти. Эртеси кызымдын сөөгүн өзүбүздүн айылда жерге бердик.
“Күйөө балаңыз дагы урду деп СМС билдирүү жазган”
– Биздин талап – тергөөчү, медициналык эксперттин кызматкерлери жана сот баарын акыйкат текшерип, күнөөлүүнү мыйзамга ылайык жазага тартып бериши. Кызым өз өмүрүнө кол салчу жан эмес болчу. Биздин шектенүү күйөө балабызга кетип жатат. Сыягы, ал өлтүрүп, анан асып койгондой. Анткени кызым каргаша болгон 19-февраль күнү кечки саат 6 чамасында мага “Апа, эмне кылып жатасыз? Күйөө балаңыз дагы урду” деген СМС билдирүү жиберген. Ошондон 4 саат өткөндөн кийин өкүл атасы “ооруп жатат, келгиле” деп чалып жатпайбы... Кызымдын ал СМС билдирүүсү менде сакталуу.
Тергөөчү азыркы тапта тергөө жүрүп жатканын, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкса, тергөө бүтсө, анан жыйынтык кандай болору билинет деп жатат. Кызым ачык-айрым, бирөөгө жамандыгы, жаман сөзү жок, оор басырыктуу кыз эле. Ушул март айында дипломун алып, мугалим болуп ишке чыгам деп жаткан. 1 айлык боюмда бар деп сүйүнүп жүрөт эле...
Ош ОИИББ: “Тергөөнүн жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет”
Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы каргашалуу окуя боюнча буларды маалымдады:
– Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 2026-жылдын 20-февраль күнү маалымат түшкөн. Анда Ноокат районунун Көк-Бел айылынан 2005-жылы туулган А.А. аттуу жарандын асынып каза болгону кабарланган. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жыйынтыктар чыкса, укуктук баа берилет.
Адилеттүү иликтөө чакырыктары айтылууда
Келиндин кайын журту тарап азырынча каргаша боюнча комментарий бере элек. Коомчулукта бул окуяга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан адилеттүү иликтөө жүргүзүп, калыс баа берүү чакырыктары айтылып жатат.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |