№1211
Екатерина Андреева. Бул ысымды бумер, миллениал муунунун өкүлдөрү жазбай тааныйт. Анткени смартфондор кеңири жайыла элек кезде, адамдар көбүнчө маалыматты сыналгыдан көрүп жүргөндө Екатерина Андреева орус телеканалдарынын жүзү болчу. Болчу дегеним туура эмес болуп калар, азыр да башкы жаңылыктарды чагылдыруу менен көптөгөн үйлөрдүн “коногу”. 30 жылдан ашуун өмүрүн телевидениеге арнаган мыкты айым макалабыздын каарманы.
Туулган жери: Орусия, Москва
Туулган жылы: 1961-жыл (1965), 27-ноябрь
Жылдыз белгиси: жаачы
Бою: 175 сантиметр
Кесиби: алып баруучу, диктор, редактор
Алып барган берүүлөрү: “Утро”, “Добрый вечер, Москва”, “Большие гонки”, “Новости”, “Время”
Талашка түшкөн дата
Екатерина айымдын туулган жылы боюнча эки вариант бар. Биринчисинде 1961-жылы туулган деп жүрсө, экинчисинде 1965-жыл делет. Бул талаш суроо боюнча Андреева өзү маалымат берип, маектеринде 1965-жылы туулганын айтат. Ал эмес, Википедия маалымат булагы менен талашып, андагы 1961-жыл деген вариантты өчүрүү талабын койгон. Бирок Википедия тарап айрым архивдик жана расмий документтерде, ошондой эле журналисттин мурдагы маектеринде 1961-жыл деп көрсөтүлгөнүн айтып өчүрүүдөн баш тартып келишет. Ошондуктан Екатерина Андрееванын туулган жылы дагы деле 2 вариантта жайылган.
“Адам билимге тойбошу керек”
"Адам билимге тойбошу керек" дейт диктор айым. Бул накыл сөздү өз практикасында колдонгону байкалат. Мектепти бүткөндөн кийин юридикалык факультетке тапшырып, окуусу менен катар Башкы прокуратурага референт кызматына орношуп алган. Бирок өмүрүнө коркунуч туудурган окуя катталып, ошондон кийин юридикалык кесиптен баш тартып, тарых факультетине которулуп кеткен. Бул тармакта докторлук диссертация да жактаган. Андан кийинки кадам дикторлордун мектебине болду, жаңы кесип, жаңы тармакты өздөштүрүү, квалификациясын жогорулатуу максатында көптөгөн окуулардан өткөнүн айтат.
“Муздак жүздөр телеге алынбайт”
“Сенин жүзүң муздак, эмоция жок экен. Муздак жүздөр телеге алынбайт...” дешкен ага. Бирок анын диктор болуу күрөшү токтоп калган жок. Бир нече сынак, кастингдерден кийин 1992-жылы алгачкы жолу “Утро” жана “Добрый вечер, Москва” берүүлөрүн алып бара баштаган. Андан кийин экономикалык кабарларды чагылдырууга өттү, эмне жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнүү үчүн экономика жаатында да окуу курстарына барган. Популярдуу “Большие гонки” спорттук шоу-берүүсүнө да алып баруучу болгон. Ошентип тажрыйба топтоп отуруп мамлекеттик башкы каналдарда башкы жаңылыктардын (“Новости”, “Время”) дикторлугуна чейин жетти. 1992-жылдан бери уланып келе жаткан 34 жылдык карьерасында алып баруучу, диктор, редакторлук кызматтарды аркалап келе жатат.
Ал жаңылыктардын өзөгүн, башкы жаңылык кайсы болушунан бери өзү түзүп, даярдап чыгат, башка дикторлордой даярын окуп койбойт. Муздак жүзү менен болсо да көрөрманга жагып, олуттуу стиль, минимум аксессуар, классикалык чач жасалга, расмий иш стилиндеги кийим, мыкты дикция, токтоо мүнөзү менен эфирге чыккан Андреева 2010-жылдан бери Орусиянын эң популярдуу алып баруучуларынын катарында.
Эфирдеги каталар
Ката кетирбеген адам барбы, албетте, жок. Екатерина Андреева профессионалдык карьерасында түз эфирде 3 жолу гана ката кетиргенин айтат. Анын бири коомчулукка кеңири тарап, “мем” болуп кеткен. Кандай ката деп кызыгып кеттиңизби? Анда айталы, түз эфирде жаңылык окуп жатып, “террористтер” деген сөздүн ордуна “трактористтер” деп айтып алган.
Жашоого болгон көз карашы
Екатерина айым мотивациялык тренингдердин автору. Коомдо болуп жаткан окуяларга көз карашын ачык билдирет. Айрымдары:
•Өлкөдөгү пенсия курагын жогорулатуу боюнча мыйзамды колдоп чыккан.
•Жаштардын, өзгөчө өспүрүмдөрдүн нааразычылык акцияларына катышуусуна терс көз карашта. Алар убактысын ар тараптан билим алууга, кругозорун кеңейтүүгө жумшаса дейт.
•Мамлекеттик телеканалдын ар бир кызматкери мамлекеттик саясатты колдошу керек деген ойдо. Орусия-Украина тирешинде Орусияны колдогону үчүн бир катар мамлекеттердин “кара тизмесине” кирген.
•Өзү телевидениеде иштегени менен, үйүндө телевизор көрбөйт. “Эмне үчүн телевизор көрбөгөнүмдү түшүндүрөм. Анткени азыркы күндө экрандардан көрсөтүлүп жаткан агрессиянын деңгээли менин ден соолугума коркунучтуу. Мен өзүмдү абдан жакшы көрөм, ошондуктан экрандагы агрессия ден соолугумду бузушуна жол бербейм”.
Эмнеге кызыгат?
- Мектепте окуп жүргөндө спортко кызыкчу. Баскетбол ойноп, олимпиадалык резерв мектебинде окуган. Чоңойгондон кийин кызыгуулары өзгөрдү. Азыр тарыхка кызыгат. Ошого жараша антиквариат нерселерди коллекциялайт. Коллекциясында Франциянын канайымы Мария-Антуанеттанын желпигичи (веер), Иосиф Сталин колдонгон вилка жана Наполеон Бонапартка таандык буюмдар да бар.
- Атасы кичинесинен шахмат үйрөтүп, бул оюндун акыл-эсти өстүрүүгө салымы чоң экенин айтканы бар. Буга Екатерина айым толугу менен кошулат. Аны шахматтан жеңүү үчүн тер төгүү керек.
- Баса, Екатерина айым бир нече тасмага (“Звезда”, “Про любовь-2”, “”Чувство Анны” жана башка) да тартылган. “Өзүм актёрлукка кызыкпайм деле, болгону режиссёрлордун талабынан улам тартылып коём” дейт.
Жаштыгынын сыры
Кичинесинен олбурлуу, сөөк-саактуу кыз болчу. Азыр да бат толуп кетет, андыктан дайыма спорт менен машыгып, диета менен тамагын көзөмөлдөп турат. Консерва, колбаса, кондитердик азыктардан баш тарткан. Газдалган, таттуу суусундуктар, алкоголь, кофе, сүт да ичпейт, таза суу жана көк чай ичкенди жактырат. Муздаткычында жер-жемиш, жашылча, балык эти басымдуулук кылат.
60 жаштын кырынан өтүп кеткен айым пилатес, йога, тайцзицюань менен машыгат. Аптасына 9 ирет спорт залга барат. Саякаттаганды, китеп окуганды, театрга, операга барганды, классикалык музыка укканды жактырат. Мына ушундай жашоо образы Андрееванын жаштыгынын, сулуулугунун булагы болуп эсептелет.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |