№1211
КОЙ
(21.03–20.04)
Аптанын башынан, тагыраагы, дүйшөмбү, шейшемби күндөрдөн сизден тез жооп талап кылынуучу сунуштардын түшүүсү күтүлөт. Канчалык шашылыш болсо да, майда деталдарга чейин көңүл бөлүп текшерип чыкканга аракет кылыңыз. Айымдар мырзалардын көңүл борборуна чыгып, адаттагыдан көп комплимент угуп, сюрприз белектерди алышмакчы. Каржы жаатында өзүңүзгө көбүрөөк коротконго уруксат бересиз. Дем алышта жалгыз калуу сунушталбайт, андыктан алдын ала план түзүңүз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жылдыздар букачарларды тынч жана жемиштүү апта күтөт дешет. Жүрөгүңүздү таарынычтан, акылыңызды керексиз нерселерден тазалаганга аракет кылыңыз. Үйдө колду кармаган, түйшүк жараткан иштер менен көбүрөөк алек болосуз. Түгөйүңүздүн маанайы жок, сизге сыртын салып калганын байкайсыз. Эмоцияга алдырбай жай сүйлөшүүгө аракет кылыңыз, баары оң жагына чечилмекчи. Апта соңу кем-карчыңызды толуктоо максатында базарга барууңуз күтүлөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жумушта сиздин сабырдуулугуңузду текшерген бир нече учур болот. Жаралган негативдүү эмоцияларды үйдөгүлөрдөн чыгарбай, жумушка, спортко бурганга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында көптөн күткөн жагымдуу жаңылык угуп кубанасыз. Бойдоктор бул аптада “аңчылыкка” чыкса, кызыктуу адамга жолугарына толук мүмкүнчүлүк бар. Дем алыш күндөрү энергияңызды кайда короторунузду билбей, көтөрүңкү маанайда жүрөсүз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аптанын башы бир аз оорураак болушу күтүлөт. Буга себеп туугандар ортосундагы пикир келишпестик же финансылык оорчулук болушу мүмкүн. Көп кайгырбаңыз, маселе кандай жаралса, ошондой бат эле чечилет. Аптанын экинчи жарымында бир нече жерден конокко чакыруу аласыз, кайсы биринен жетишпей калбаш үчүн убактыңызды алдын ала пландай жүрүнүз. Дем алышты билимди жогорулатууга, жаңы нерселерди өздөштүрүүгө коротконуңуз жакшы.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Бул аптада жылдыздар арстандарга жакшы колдоо көрсөтүшөт. Кандай кыйын ишти колго алсаңыз да оңой аткарылмакчы. Жумуштагы атмосфера үйдө кайталанбайт, майда пикир келишпестиктер чоң чырга айланып кетиши мүмкүн. Жакындарыңызга ишеним көрсөтүңүз, ошондо маселе чечилет. Үйүңүздө ремонт иштерин баштайм деп турсаныз, баштаңыз, эч кандай тоскоолдук жок. Шылуундарга кабылып, акча уурдатуу коркунучу бар, сак болуңуз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бир чекиттен жылбай жаткан каржылык абалыңызды жакшыртуу үчүн жашооңузду кайра башынан карап чыгуу, өзгөртүү киргизүү керектелет. Жумушта болобу, жеке жашоодобу күтүүсүз сунуш алышыңыз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында үйүңүзгө айттырбай конок келиши күтүлөт. Гардеробду жаңыртуу планыңыз аз санда болсо да ишке ашмакчы. Жаңы таанышуулар келечекте пайдалуу иштешүүгө алып келет. Бойдоктордун фронтунда бул апта тынч өтмөкчү.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул күндөрү мурдатан бери илээшип бүтпөй келе жаткан нерселерди бүтүрөсүз, үйдөгү керексиз буюм-тайымдардан да арылышыңыз мүмкүн. Жумушта көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр күтүлбөйт, кадимки ыргакта өтөт. Жаңы жумуш издеп жүргөндөр жакшы жумушка орношуусу мүмкүн. Батирден башка батирге көчүү, ремонт же кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери да ушул аптада орун алышы ыктымал. Апта соңу тынчтыкты, жалгыздыкты самап каласыз, өзүңүзгө өзүңүз эс алуу уюштуруңуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндар үчүн апта жемиштүү өтөт. Жумуштагы жетишкендигиңиз үчүн көп адамдан мактоо, колдоо сөздөрүн угасыз. Үй шартында эмгектенгендер да жасаган ишинин жемишин көрүшөт. Үйдөгү майда балдардын түйшүгүнөн өзүңүзгө убакыт таппай, кыйналып жаткан болсоңуз, коркпой, уялбай эле жакындардан жардам, колдоо сураңыз, сизди түшүнүшөт. Дем алышта көңүлүнүзгө жаккан адамдардын курчоосунда эс алганыңыз жакшы.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачылар бул аптада өздөрүн чарчаңкы сезиши мүмкүн. Жумуштагылар да, үйдөгүлөр да чарчатып жаткандай абалда болосуз. Олуттуу иштерге жоопкерчилик албай, өзүңүзгө тыным бергенге аракет кылыңыз. Каржы тармагында туруктуулук сакталат. Саякатка чыгууга ыңгайлуу мезгил. Жүрөгү бош адамдар күтпөгөн жерден кызыктуу адамга жолугуусу мүмкүн. Конфликтке баруу мүмкүнчүлүгү жогору, өзүңүздү кармаганга, жөн жерден башкага асылбаганга аракет кылыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жашооңузда бир катар өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Жумушта лидерликти талашпай, сахна артындагы унчукпай иштей берген адамдардын бири болунуз. Бул апта чыгармачылык ишмердүүлүккө, иш сапарларына чыгууга, өзүн-өзү өстүрүүгө ыңгайлуу убакыт. Сизге ден соолукту чыңдоо, иммунитетти бекемдөө жана депрессиядан качуу үчүн физикалык активдүүлүк жетишпей жатат. Тигүү тармагында иштегендердин иши токтоп турган жеринен бир топ алдыга жылышы күтүлөт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Суу куярлар аптанын башын “энергия сактоо” режиминде өткөрүп, толук кандуу ишке кире алышпайт. Бирок сиздеги жоопкерчиликти башка адам албайт, андыктан баары бир өзүңүздү колго алышыңыз керек. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен мамилени бекемдөөгө, жаңы этапка көтөрүлүүгө толук мүмкүнчүлүк сиздин колдо. Жакшы акча табам десеңиз, креативдүү, жаңы идеяларды ишке ашырганга аракет кылыңыз. Колуңуздагы акчаны чала тааныш адамга бергенден абайлаңыз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Аптанын биринчи жарымында сыйкыр аралашкандай бир нече көйгөй өзүнөн-өзү чечилип сизди таң калтырат. Сизге жакпаган, баарлашуу оорчулук жараткан айрым адамдар жашооңуздан чыгып кетиши күтүлөт. Аян түш, белгилерге баам сала жүрүңүз, жакшы нерседен кабар алышыңыз ыктымал. Махабат майданында баары жакшы, түгөйүңүз менен болгон пикир келишпестиктер ачыкталып, оң жагына чечилет. Дем алыш күндөрү үй тиричилик иштери менен өтмөкчү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |