БАЛДАРДАГЫ МИТЕ КУРТТАР

№1212

“Адам организминде жашачу мите курттардын балдарда 4 түрү көп жолугат. Алар баланын канын сорот, алсыратат, ууландырат” дейт маектешим – педиатр Алтынай Абдисаламова. Төмөнкү материалда балдардагы мите курттар тууралуу маалымат беребиз.

 

ЭХИНОКОКК

Кайда жашайт?

Боор, өпкө, өт жолунда.

Кандай курт?

Жазы тасма курт, булар жараткан оору “эхинококкоз” деп аталат. Узундугу 2-7 миллиметр. Денеси баш, моюн жана 3-4 муунактан турат. Акыркы муунакта 1000дей жумурткасы бар жатыны жайгашкан.

Кайдан жугат?

Карышкыр, чөө, түлкү, иттин ичке ичегисинде жашашат. Жумурткалары жетилгенде акыркы муунагы заң менен кошо үзүлүп түшөт. Жумурткалар чөп, кулпунай, жашылча, суу, балдар ойногон аянтчага түшүшү мүмкүн. Иттин жүнүнө жабышат. Бала итти сылаганда жуктуруп алат. Жашылчаларды, көк чөптөрдү жуубай жегенде, булганган колду жуубай же чала жууп тамактанганда ичке кирет да, оору жаралат. 

Зыяны

• Жумурткалар ичке киргенден соң кан менен барып кайсы органда кармалып калса, ошол жерде өсүп-жетиле баштайт. Мисалы, өпкө, мээ, өт баштыкчасы жана көбүнчөсү боордо. Жумурткалар акырындап личинкага айланышат.

• Дарт ичине суюктук толгон ыйлаакча түрүндө өнүгөт. 

• Эхинококкоздо ыйлаакчанын өлчөмүнө карап дарылап же операциялык жол менен айыктырышат. 

Белгиси

• Боор чоңоё баштайт.

• Оору өтүшүп кетсе циррозго айланат.

• Ыйлаакча өт суюктугу агуучу каналчаны бүтөп калса, суюктук кайра денеге тарап, дене, көз саргаят, заара кызарат, заң агарат.

• Илдет өпкөдө жаралса жөтөл, кан түкүрүү келип чыгат.

 

ЧҮЧӨК КУРТТАР 

Кайда жашайт?

Ичке ичегиде.

Кандай курт?

Узундугу 2-12 миллиметрге чейин келген ичке жумуру курт. Жашоосунун узактыгы 2-4 апта. Булар жараткан дарттын аталышы – энтеробиоз.

Кайдан жугат?

Чүчөк курттар түнкүсүн көтөн чучук аркылуу сыртка чыгып, анын айланасында жумуртка таштап өлөт. Анын бул кыймыл-аракети кычышууну жаратат. Тырмаганда тырмак ичине жумурткасы кирип кетсе, ал буюмдарга, анан ошол буюмдар же кол аркылуу оозго кирет. Ошентип адамга кайра жугат.

Зыяны

Өттүн холецистит оорусу жаралат.

Белгиси

• Көтөн чучуктун айланасынын кычышуусу.

• Көбөйүп кеткенде ич түйүлтүп оорутат. Ошондуктан сокур ичегинин белгилерине окшошуп кетет.

 

АСКАРИДА 

Кайда жашайт?

Ичке ичегиде. Кызыл өңгөч аркылуу жылып өпкө-бронх системине чейин кирип кетиши мүмкүн.

Кандай курт?

Денесинин узундугу 15-40 сантиметрге жеткен курт. Бул жараткан оору аскаридоз деп аталат. Ургаачысы 1 суткада эле 240 миңдей жумуртка тууйт. 

Кайдан жугат?

• Аскарида таштаган жумурткалар заң менен сыртка чыгат. Алар жашылча, жерге түшкөн жемиш, укроп, көк пияз сыяктууларга түшүп калса, алар таза жуулбай колдонулса, тамак-аш менен кошо жутулат. Жумурткалар канча бир убактан кийин личинкага айланышат.

• Чымындардан жана ит-мышыкты кармалагандан. 

Зыяны 

• Көбөйүп кеткенде 1 суткада адамдын 0,5 литр канын, кан менен кошо андан адамга керектүү заттарды (витаминдер, микроэлементтер) соруп алуу менен адамды анемияга, авитаминозго учуратат.

• Кээде боорго, көзгө, мээге өтүп кетишет.

• Өт жолунда туруп калганда өт суюктугун начар өткөрүп, өт суюктугу денеге сиңип, дене саргаят.

• Аппендицит, панкреатит, боордун абцессин жаратышы мүмкүн.

• Ичегини жаралантат.

• Көбөйүп кеткенде ичегини бүтөп калып, операция жасалат.

Белгиси

• Өпкөгө барып туруп калганда бронхторду сезгентип жөтөлдү, демигүүнү жаратат.

• Үндүн кырылдашы.

• Бронхит же пневмониянын белгилери.

• Беттин, көздүн айланасынын шишиши, ичтин катышы.

ЛЯМБЛИЯ

Кайда жашайт?

Ичегиде.

Кандай курт?

Абдан кичинекей курт. 2-4 айга чейин жашайт. Булар жараткан оору лямблиоз деп аталат.

Кайдан жугат?

Булганган суу, тамак-аш, кир кол аркылуу жугат.

Зыяны

Холецистит, рефлюкс-эзофагит оорусун (ашказандагы тамактын оозго куюлушу) жаратат. Бирде ич өтсө, бирде ич катат.  

Белгиси

Теринин кычышуусу, өзгөчө таттуу азыкты жегенде жана таттуу суусундук ичкенде.

 

АДАМДА МИТЕ КУРТ БАР ЭКЕНИНИН ЖАЛПЫ БЕЛГИЛЕРИ

• Дене таптын көтөрүлүшү.

• Шалдыроо, көңүл айлануу, кускунун келиши.

• Тамакка табиттин жоголушу, арыктоо.

• Иммунитеттин төмөндөшү, чачтын түшүшү.

• Уйкунун качышы, кыжырдануу.   

• Теринин кычышуусу, аллергия.

• Ойлоо, кабыл алуу, эс-тутумдун начарлашы.

• Уктап жатканда тишти кычыратуу.

 

ДИАГНОЗ КОЮУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮЛӨР

• Заң, кандын анализи.  

• Кырып алуу ыкмасы (чүчөк курттун бар экенине шек болсо, көтөн чучуктун оозунан).   

• Зонд жуткуруу (лямблияда). 

• Ички органдардын УЗИси.

• Өпкөнүн флюорографиясы (өпкөдө жокпу деп текшерилет)

• Магниттик-

резонанстык томография.

 

ДАРЫЛОО ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР КЕРЕК?

• Канды тазалоочу сорбенттер (активдештирилген көмүр, диабетиктер үчүн чыгарылган жасалма кант). 

• Мите куртту жок кылуучу дарылар. 

• Витаминдер, микроэлементтер. 

• Диета (таттуу, ачуу, туздуу болбойт 3 айга чейин).

• Фитотерапия. Бул 1 ай ичилет. Мисалы, ит мурун компоту, жүгөрү чачыгынын кайнатмасы, ашкабак уругу.

АЛДЫН АЛУУ ЖОЛДОРУ

• Тамактануу алдында, ойногондон жана дааратканага барып келгенден кийин колду самындап жуу. 

• Жашылча-жемиштерди таза жууп колдонуу.

• Бирөөнүн сүлгүсүн колдонбоо.

• Ич кийимди бат-бат алмаштыруу.

• Булганган тамак-ашты жеп-ичпөө.

 • Ооруган малдын боорун тамак-ашка колдонбоо жана башка.

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо