Адилет Азимов, ырчы: “ТОЙ ЫРЛАРЫН ЫРДАГЫМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ”

№1212

Ырчы Адилет Азимов чыгармачылык тыныгуудабы? Эмне үчүн сахнадан көп көрүнбөй калды? Алдыда кандай пландары бар? Сиз билген таланттуу ырчы мырзаны кепке тартып, ушул жана башка суроолорго жоопторду алдык.  

– Кандайсыз, Адилет мырза? Бир аз көрүнбөй кеткендей болдуңуз, эмне иштер менен алексиз? 

– Кудайга шүгүр, жакшы жүрөбүз. Ачыгын айтсам, чыгармачылыгым бир аз токтоп турду. Эмнеге байланыштуу десеңиз, илхом келбей жатат окшойт. Болбосо студияга барам, ыр жаздырайын дейм, бирок ырдай албайм. Ушундай болуп 1-2 жыл өтүп кетти. Анан алып баруучу катары да өзүмдү сынап көрдүм, бактыга жараша, жакшы өздөштүрүп кеттим. Жашоомдо ушундай нерселер болуп жатат. Быйыл ырчы катары менде чоң өзгөрүү болот деп ишенип турам. Көңүлүмө отурган 4-5 ыр даярдалууда. Эми эргүү башталды окшойт.

– Эмнеден улам эргүү качты деп ойлойсуз?

– Себеби көп, анын баарын айта албайм. Айтсам, эл туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Эң кичинекей себеби – батирден батирге көчүп жүрүп, ой бир жерге топтолбой калды окшойт. Үйлөрдүн да энергетикасы болот эмеспи, жүрөк тынчтык таба албай, ой чачырап жатты. Быйыл, буюрса, бир нукка түшүп калгандаймын.

– Жашооңузда бир маанилүү чечим кабыл алып, ал чечим сизди түп тамырынан бери өзгөрткөн окуя болду беле?

– Болгон. Андай чечим – жубайым менен үйлөнүп калганым болду. Капысынан болду, чынында өзүбүз деле күткөн эмеспиз. Сүйүү кары-жашка карабайт экен, өзүмдөн 5 жаш улуу айымга үйлөнүүм менен хейтерлердин талкуусуна жем таштаганбыз. Азыр деле жазып жиберишет. Бирок биз башка ырчыларга көч башы болуп бердик окшойт (күлүп). Жаш айырмачылык менен Элзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим баш кошушту. Анан Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева үйлөндү. Бул жагынан жол баштап бердик десем болот.

– Бул чечимиңиз туура болгонуна канчалык ынандыңыз?

– Толук эле ынандым. Ушул чечимди кабыл алып Заринага үйлөнгөнүм туура эле болуптур деп калам. Бирок кээде казан-аяк кагышып кеткен убактарда өкүнүп кетем деп койбоюнбу (күлүп). Жубайым мага жакшы жөлөк-таяк болуп келе жатат. Тойго барсам, алдын ала сүйлөшүп койгон болот, барам, ырдайм, кетем. Акчасын да алдын ала алып койгон болот (күлүп). Кээде айрым нерселерди ал мага үйрөтүп, кээде мен ага үйрөтүп, айтор, эриш-аркак жашап келатабыз.

– Ырчылар көп, бири таланты менен, бири хайп менен, бири харизмасы менен күйөрман топтоодо. Сизди эмне айырмалап турат?

– Мактангандай болуп калбайын, бирок мен сынактар менен өзгөчөлөнгөн ырчымын. Кыргызстандын желегин көп жерде желбиреттим деп сыймыктануу менен айта алам. 2012-жылы эл аралык “Ысык-Көлдө Кадыр түн” деген аталыштагы сынак болгон. Андан экинчи орунду ээлеп, көп өлкөлөрдөн чакыруу алгам. Биринчи сынактан уткан акчама автоунаа сатып алгам, ал кезде студент элем. Бир топ сынактарга катышып, гран-при алган учурлар болду. Казакстан, Орусия, Түркия, Башкортостан, айтор, бир топ чет өлкөгө бардык. Эмнегедир Кыргызстандагы сынактарда эле экинчи орунду алып калып жаттым. Анткени “чет жактан келген конокторду сыйлайлы” деп эле экинчи орунду берип коюп жатышты окшойт. Ырчылар да өз ара бөлүнөт эмеспи, бизди сынакка көп барган ырчылар деп коёт.  Андан тышкары үндүн тембри, диапазондун кеңдиги менен айырмаланам деп ойлойм. Бирок моюнга алыш керек, акыркы учурда той ырларын жаздырып эле жүрүп алдым. Чыгармачылык изденүү анча болбой калды. Эми андай даңгыр-дуңгур ырларды таштап, жан дүйнөмө жаккан гана ырларды ырдайм деп жатам.

– Той ырларын жаздырып деп калдыңыз... Тойлордон жакшы эле киреше таптыңызбы анан? 

– Ачык айтсам, укмуш болгон жок. Кадимкидей эле тиричилик менен жүрөбүз, бирок Адилет Азимов деген ырчынын баркы кетип калгандай сезилди жеке өзүмө. Жеңил-желпи ырлар менен алек болуп калганыма бир эсе капа болдум. Анткени кичинемден музыкалык билим алгам да, билимдин да акысын берүү керек. Бала кезден бери сахнадамын, анткени ата-энем чыгармачыл адамдар.

– Сынактар жөнүндө сүйлөшсөк. Ырчылар сынакка атын таанытуу үчүн катышабы же өлкө намысы деппи? Же таймаштагы адреналин үчүнбү?

– Ушунун баары бар. Мен мурда өзүмө жана үнүмө аябай ишенчүмүн. “Мендей  ырдай алган ырчы жок” деп ойлочумун. Убакыттын өтүшү менен адам өзгөрүп, бара-бара “жеңилип калсамчы” деген ойлор келе баштайт экен. Анын үстүнө эл аралык сынакка барууга жаш курагым да өтүп кетти. Албетте, жаш курак эсепке алынбаган деле сынактар болот. Мисалы, орусиялык телешоулордо ал нерсе эске алынбайт. Сынакка катышсам деген ойлор азыр деле бар, бирок үндү тапташ керек. Атты кандай тапташ керек болсо, ырчы да сынакка ошондой тапталып барышы кажет. Тура калып эле “катышам” деген болбойт.

– Элдин назарында ким көбүрөөк кармалат, музыкалык билими бар ырчыбы же билими болбосо да таланты күчтүү ырчыбы?

– Бул эми Кудайдын буйругу. Тубаса таланты барлар да бар, айрымдар акчанын күчү менен чыгып кетишет. Бирок билими барлар элдин назарында көбүрөөк сакталса керек. Эң жок дегенде кийин балдарга сабак берип иштесе деле болот. Бирок мен сабак бергенге даяр эмесмин, болбосо "вокалдан сабак бер" деп көп жерге чакырышты. Баш тарттым. Билими жок болсо ырчы унутулуп калат. Мисалы, Кудайберген Кутуев агабызды айтсак болот. Азыр кайда, эмне кылып жүрөт эч ким билбейт.

– Ата-энеңиз тууралуу айта кетсеңиз...

– Апам жогорку билимдүү актриса, жакшы ырдайт. Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинде гран-прини утуп алган. Үнү аябай коңур жана кооз. Атам деле ошол чөйрөдөн, бир топ музыкалык аспапта ойнойт. Кичинемден аларды көрүп чоңойгон үчүн ырчылык меники деп эсептедим. Кошумча билимим – юрист, бирок ал тармак меники эмес экен. Ата-энемдин мага чоң салымы – музыкалык жолго салып окутуп койгону болду. Бир карындашым бар, жалгыз уулмун.

– Чыгармачыл адамдардын мүнөзү назик келет эмеспи, ошондой окшойсуз...

– Ооба, көп нерсени башкача кабылдайм. Таарынып калам, кайра тез эле жазылып кетем. Боорукермин, бул сапатымды пайдаланып кетишет. Көпкө чыдайм, бирок сабырдуулугумду алсыздык деп түшүнүп алгандарга катуу “силкинем”. Ошентип жаман көрүнүп калам кээде.

– Үйдө кандай атасыз?

– Кызым жаңы төрөлгөндө көп жакындай албадым, анан колго алганымда эзилип баштадым. 31 жашымда ата болдум. Азыр аябай ширин кези. Аты Алсу, 3 жашта, мага аябай жакын. Тили толук чыга электе эле ырдап баштады. Байкашымча, үнү жакшы болот. Чоң ата, чоң энеси, ата-энеси ырчы болсо, кайда бармак эле. Чоңойгондо көрөбүз, кайсы кесипти тандаса да колдойм.

– Маегиңизге рахмат! 

 

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо