№1212
(Башы өткөн сандарда)
Мен аны көргөндө дайыма түрдүү сезимдерге чулганам. Бир жагынан кыжырым келет, экинчи жагынан ушунчалык кызыгам. Мени мынчалык кызыктырган эркек боло элек болчу. Ал медицина илиминин доктору, профессор, мыкты хирург экенин билдим. Жумушунан тышкары жогорку окуу жайларында сабак берет тура. Жаш көрүнөт, бирок так жашын да билбейм.
Эмнегедир Илимдин басканы, сүйлөгөнү, адамдарга кылган мамилеси мага жакчу эмес. Өзүн өтө ишенимдүү алып жүргөнү текебердиктей сезилчү. Ал эми мен андай адамдарды дайыма жаман көрчүмүн. Жиндилигим кармап, кыйынсынган адамдарды ыза кылгым келчү. Кылчумун дагы. Бирок буга батынмак кайда? Кызыгы, ошол эле учурда табышмактуу бир нерсеси да бар эле. Мисалы, апасынын айтканын дайыма аткарат, бир айтканын эки кылбайт. Бирок жылмайып сүйлөп, аңгемелешип, жок дегенде баарлашып чай ичкенин көрбөдүм. Апасы эмне айтса ийилип ызаат менен укканы менен, андан аябай алыстай сезилчү. Кантип ушундай ападан алыс болсо болот? А балким, адамдар жоготуп алганда гана апалардын баркын түшүнөбү? Мен деле ошондой болбодумбу...
Ким билсин, айтор, Илим мага табышмагын жандыра албаган ребустай эле. А мен ребустарды чечкенди жакшы көргөн адаммын.
ххх
Бир күнү ал мага сүйлөп калды.
– Универге бара турган болсоң, ала кетейин, мен да ошол жакка барам,- деди жай гана.
Мен болсо башымды эптеп ийкеп коюп, башка жакка бурулуп кеттим.
Ал артымдан:
– Ошондо барасыңбы?- деп сурады.
Мен токтоп, аны карап:
– Ооба, барам. Бирок бир аз күтүп турууга болот, менимче. “Аалам өрттөнүп бара жатат, куткарышым керек” десең, кете бер.
– Кандай дедиң?
– Эгерде күтө албасаң, кете берсең болот,- дедим түз эле.
Ал таң кала тиктеп калды.
– Мындай жоопту биринчи жолу угуп жатам...
– Демек, көнүү керек,- дедим мен муздак үн менен. “Сен” дедим атайылап. Менден он жаштай улуу болсо керек, болжол менен. Бирок “сизиң, бизиң” дегим келбеди. Андан да өткөндөгү “китепти мындай окубайт” деп колумдан китепти орой алып койгону үчүн жазаландыра элек болчумун. Өчүмдү алдым. Ичимден бул мамилеге татыктуу болду деп чечим чыгардым. Ал таң кала сулуу каштарын жыйрып койду да, басып кетти. Кетип калса керек деп ойлоп, бир аз убакыттан кийин чыкканымда ал дагы деле машинесинде отуруптур.
– Отур.
– Рахмат,- дедим күңк эте. Ал уккан деле жок, менин ошончо күттүргөнүмө уялгандагы кербезим эле. Экөөбүз үн катпай кетип бара жаттык. “Эркекке мынча сулуу жүздү эмнеге берет дейм да...” деп кайра кыжырым козголуп кетти. Андайда бир нерсени чукулап, тыткылап баштаган адатым бар эле, сумкамды тырмагым менен тыткылап баштаганымды сезбей калыптырмын. Ал байкаптыр, мага бардачогунан кичинекей тегерек жумшак топту алып чыгып карматты.
– Муну кармала, жеңилдеп каласың.
Менин кыжырым келгенин кайдан билип койду? Унчукпай колундагы топту алдым. Чын эле эзгилеп ойногонго жакшы экен.
– Адатта адамдар рахмат айтышат, сени буга эч ким үйрөткөн жок беле?- деди ал жай гана. Мени тиктеп да койбой, жолду карап баратты.
– Жок, эч ким үйрөткөн эмес.
– Көрүнүп турат, а ата-энең эмне кылып жүрүштү тарбия бербей?..
– Атамды көргөн эмесмин, мен кичинемде ажырашып кетишиптир.
– Апаңчы?
– Апам...- деп баратып көздөрүмдөн жашым буурчактап кетти. Ушул учурда гана апакемди аябай сагынып жүргөнүмдү түшүндүм. Ал ыйлаганым токтойт деп бир аз күттү окшойт, мен токтоно албай койдум. Билип турам токтош керек, уялып турам. Бирок ичимдеги буркан-шаркан түшкөн сезимдеримди эч башкара албай жаттым. Ал абалымды түшүндү окшойт, четке токтоду. Суу сатып келди. Ыйлап бүтүшүмдү күттү окшойт. Мен бир топто барып токтодум. Ал колума карматкан жүзаарчы менен бетимди аарчыдым. Мурдум агып, жашым ага аралашып, кебетем келишип турганыма бир аз уялып турдум. Суу берди. Аны ичтим. Ичимдеги бир чоң жүк чыгып кеткендей көңүлүм ачылып, жеңилдеп калдым. Көңүлүм дароо ачыла түштү.
– Рахмат,- дедим бул сапар чын дилден.
– Эч нерсе эмес, негизи рахмат дегенди билет экенсиң да,- деди какшыктай.
– Билем. Болгону кыйынсынган адамдарга көп айта бергим келбейт,- дедим. Ал күлүп жиберди. Биринчи жолу чын дилден күлгөнүн көрдүм. Оозумду ача ага таң калып карап калдым.
– Сен да күлгөндү билет экенсиң, ээ?
– Ооба да.
– Келгениме үч ай болду, биринчи жолу көрүшүм.
Ал жылмая баш чайкап койду.
– Анда чындап тааныша турган убак эми келиптир. Менин атым Илим,- деп колун сунду.
– Тамчы.
– Тамчы...- деди ал кайталап. Ортобузда бир тоскоолдук кулап түшкөндөй жеңил сезилип кетти мамилебиз.
– Апаң качан каза болду?
– Бир жылга жете элек.
– Туугандарың барбы?
– Таякелерим бар, алар мени көзөмөлдөп турушат. Андан тышкары эгизим бар. Бирок аны өмүрү көрө элекмин. Атам менен айылда калган.
– Жалгызмын дечи...
Мен жооп бергим келбеди. Себеби өзүмдү жалгызмын деп эч эсептечү эмесмин. Ар дайым жанымда эң жакыным бардай сезилчү. Бул сөз мага жакпады. Илим машинесин ойлуу айдап бара жатты.
ххх
Күндөр өттүп жатты. Бир күнү бир окуя болуп кетти. Чоң ката кетирип алдым. Казат атанын дарысын алмаштырып алып келип алган экенмин, Гүлай апа аны окубай берип салыптыр. Бир заматта эле деми буулуп, ата кызарып-татарып чыкты. Коляскасында отурган эле, колу-буттары титиреп жатты, сүйлөй албай калды. Коркуп кеттик. Илим дароо керебетине жаткыра коюп, ийне сайды. Андан кийин дарыларды карап туруп кыйкырып жиберди.
– Бул дарынын бул жерде эмне иши бар?
Гүлай апа мени карап, мен аны карап, коркконубуздан оозубузга сөз кирбей калды. Ал мени жинденип тиктеди.
– Сен сатып келдиң беле?
– Ооба-а...
– Карап туруп албайт белең, кана рецепт?
Айтор, мен аябай күнөөлүү болдум. Эч кимдин бетине карай албай бөлмөмө чуркап кирдим. Ушундай да жаңылыштык болобу? Кантип мен алмаштырып алдым? Көрсө, дарыканада сатуучу кыз мага башканы берип койгон экен. Кутусу окшош болгондуктан айырмалабай алып кете берипмин. Кандай болсо да өлдүм дедим. Мындан ары бул жерде кала албайм деп чечип, кийимдеримди чогулта баштадым. Ичимден катуу ыза болуп жаттым. Бирок өзүмдү актай албайт элем. Күтүлбөгөн жерден ал бөлмөмө кирип келди. Дагы урушат окшойт деп туруп калдым.
– Эмкиде жакшылап карап туруп ал, макулбу?- деди жай гана.
– Мен кете берейин...
– Сен бул ишке муктаж эмессиңби?
Эч нерсе дей албадым. Шылкыйып турдум.
– Баарыбыздан ката кетет. Адам андан сабак алганда гана өзгөрөт. Мындан ары жакшы карап каласың. Анын үстүнө атамдын бул дарыга аллергиясы бар болчу. Жанында мен болбогондо, билбейм эмне болмок...
Жүрөгүм катуу согуп жатты. Дегеле бул адам жанымда турганда мен адекваттуу ойлоно албай калам. Азыр да сөз айта албай калдым.
– Сен эч кимиси жок деп жардам берип жатасыңбы?- дедим.
– Сенин эч кимиң жок деп ким айтат?- деди ал.
– Мени коргобо, балким, мен татыктуу эмесмин.
Ал ийинин куушуруп:
– Сен өзүңдү коргоого жетишесиң. Сени көргөндө эле муну сезгем. Сен күчтүү кызсың, Тамчы.
Мен ага жалдырап эле карап калыптырмын. Анын оозунан күчтүү экенимди угуш ааламды багындыргандай сезилди.
– Бирок мен сени дайыма...
Ал жылмайды.
– Мен билем. Сен мени жаман көрөсүң.
– Анда эмнеге жардам берип жатасың?
Ал бир азга унчукпай калды. Анан жай гана айтты:
– Анткени сен жаман адам эмессиң.
Бул сөз жүрөгүмө башкача тийди. Ошол күндөн кийин мен аны башкача көз менен карай баштадым. Ал чындыгында мен ойлогондой текебер эмес экен. Тескерисинче, адамдарга көп жардам берген, бирок анысын эч кимге айтпаган адам болчу. Жүрөгү назик, анан жаралуу эле. Жүрөгү жаралуу адам анын сезимдерине эч кимдин баш багышын каалабайт. Ошондуктан сырт дүйнөгө өздөрүн башкача адамдай көрсөтүшөт. Кайдыгерликтин же текебердиктин, ал эми айрымдар шайырдыктын бет кабын кийип алышат. Мен бул нерселерди аябай жакшы билем. Анткени мен да ошондоймун. Ичимде бороон улуп жатса да, жадырап жүргүм келет. Эч бир жан, адам аттуунун мендеги жараларды көрүшүн каалабайм. Кээде биз узак сүйлөшүп калчубуз. Убакыт өтүп, анын ичинде канчалык терең адам жашап жатканын байкай баштадым.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |