№1212
Ушул суроонун жообун билесизби, окурман? Эмнеге ыйлагандан кийин көздөр шишип калат? Жообу төмөндө.
Кан агымы көбөйөт
Көздөр ыйлагандан кийин эмнеге шишийт? Анткени көздүн сурмаларына карай кан агымы көбөйүп, жаш бездери активдүү иштеп, көздүн айланасындагы назик териде суюктук кармалып калат. Көз жаш терини дүүлүктүрөт, андагы туз сууну өзүнө тартып, шишик пайда кылат.
Негизги себептери
– Кан тамырлар кеңейет. Ыйлаган учурда жүзүбүзгө кан нормадан ашыкча айланып, көздүн тегерегиндеги кан тамырлардын кеңейишине алып келет.
– Жаш бездеринин гиперактивдүүлүгү. Курч эмоция учурунда жаш бездери активдүү иштеп, ашыкча сууну бөлүп чыгарат да, ал суюктук мурун-жаш каналдары аркылуу агып кетүүгө үлгүрбөй калат.
– Туз. Көз жаштын курамында туз бар, ал тери менен көп убакыт контакт болгондо ткандардагы сууну өзүнө тартып, көздүн сурмаларынын тегереги шишип кетет.
– Механикалык себеп. Ыйлап жатканда кол менен көздүн айланасын кармалап, аарчый бергенден тери механикалык түрдө сезгенет, натыйжада шишик пайда болот.
Шишикти кантип кетирүү керек?
• Муздак компресс. Муздак сууга нымдалган чүпүрөк, муздак бадыраңдын кесимдерин көздүн үстүнө бир аз коюп коюңуз. Көп убакытка койсоңуз көзгө, нервдерге суук тийиши мүмкүн, абайлаңыз.
• Муздак сууга бетти жуу. Муздак суу менен бетти жууганда кан тамырлар жыйрылып, калыбына келет.
• Чай. Көк же кызыл чайдын муздаган пакеттерин көзгө басыңыз. Алар сезгенген терини тынчтандырат.
• Гимнастика. Көздү бат-баттан ирмегилеп, ачып-жумуп гимнастика жасаңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |