СҮЙҮП ЖЕГЕН КӨЧӨ ДААМДАРЫН ҮЙДӨН ЖАСАҢЫЗ

№1212

УЙГУР САМСАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 450-500 грамм

Каймак май – 250 грамм

Каймак – 100 грамм

Жумуртканын сарысы – 2 даана

Туз, көптүргүч – 1 чай кашыктан

 

Толтурмасы үчүн:

Кой эти – 400 грамм

Пияз – 300 грамм

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Суу – 2 аш кашык

Туз, кара мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Эленген унга көптүргүч, тузду кошуп, үстүнө муздак каймак майды салып кол менен бири-бирине бириктиребиз. Үбөлөнгөн масса даяр болгондо жумуртка, каймакты кошуп камыр жууруйбуз. Камырды целлофан баштыкка салып муздаткычка салып тыныктырабыз.

2. Эт менен пиязды майда туурайбыз. Пиязды жогорудагыдай туз, мурч менен мыжыгып аралаштырып коюңуз. Калган татымалдарды, өсүмдүк майын жана сууну кошуп аралаштырабыз.

3. Камырды 35-40 граммдан бөлүп, тоголоктоп, жаябыз. Орточо жукалыкта жаюу кажет. Толтурмадан 2 аш кашыктан салып, четтерин жабыштырганча кайрып чыгабыз. Үстүнө жумуртканын сарысынан сүйкөп, кара зиреден себелеп электр табасына салабыз.

4. Электр мешин алдын ала 170 градуска ысытып, самсаны 35-40 мүнөткө коюп бышырабыз.

 

ЧЕБУРЕК 

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 500 грамм

Өсүмдүк майы – 3 чоң кашык

Туз – 1 чай кашык

Кайнак суу – 150 грамм

 

Толтурмасы үчүн:

Фарш – 400 грамм

Пияз – 400 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга май менен тузду кошуп, ысык сууну куюп аралаштырабыз. Алгач кашыктын же кондитердик депкирдин жардамы менен аралаштырабыз. Муздай түшкөндө кол менен аралаштырып камыр жууруп, целлофан менен ороп 10-15 мүнөт тыныктырабыз.

2. Көмөч казанга 2 аш кашык майды куюп ысытып, пияз менен фаршты, туз, мурч салып кууруйбуз. Суусу сорулуп кеткенче куурулат. Андан соң муздатканча чыгарабыз.

3. Камырды 10-12 даанага бөлүп, жука жаябыз. Жайымдын жарымына 1 аш кашык толтурма салып тегиздеп, экинчи жарымы менен жаап чекесин бекитебиз. Вилканын жардамы менен четтерине кооздогончо басабыз.

4. Көмөч казанга май куюп, ысыган кезде чебуректерди салып бышырабыз. Биринчи бетинен салганда экинчи бетин да ысык майга матырып же ысык майдан жаба куюп туруу зарыл. Эки тарабынан бышырып чыгарабыз.

 

КОРН-ДОГ 

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 120 грамм

Сүт – 100 миллилитр

Жумуртка – 1 даана

Көптүргүч – 1 чай кашык

Туз – 2-3 чымчым

Сосиска – 10 даана

Упаланган нан күкүмдөрү – 100 грамм

Узун жыгач шпажки – 10 даана

Кууруу үчүн өсүмдүк майы – 500 миллилитр

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканы чегип үстүнө сүт, туз кошуп аралаштырабыз. Анын үстүнө ун менен көптүргүчтү салып аралаштырабыз. Суюк да, коюу да эмес масса болот, үстүн жаап 10-15 мүнөт коё туруу керек.

2. Эни кенен көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, ысытабыз.

3. Сосискалар ным болсо кургактап, шпажкилерге саябыз. Аларды камырга тегиз малып, упаланган нан күкүмүнө оонатып, ысып турган майга салып эки тарабынан кызарта бышырып чыгарабыз. От өтө күчтүү болбошу керек.

Сыр кошуп жасайм десеңиз, сосисканын теңин шпажкиге сайып, теңине ошол өлчөмдөгү катуу сырдан кесип сайып жасасаңыз болот.

 

ХОШАН 

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 500 грамм

Ачыткы – 1 чай кашык

Кумшекер – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз – 1,5 чай кашык

Жылуу суу – 300 грамм

Толтурмасы үчүн:

Сулп эт – 500 грамм

Куйрук май – 200 грамм

Пияз – 400 грамм

Туз, кара мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач камыр жууруп, ачытып коёбуз. Жылуу сууга туз, кумшекер, ачыткы жана 2-3 кашык ун салып аралаштырып, үстүн жаап, жылуу жерге коюп коюңуз, 15 мүнөттөн жарым саатка чейин. Бул опара көтөрүлүп чыгат.

2. Эленген унга опараны жана өсүмдүк майын кошуп камыр жууруйбуз. Камыр боорсоктукундай же андан бир аз жумшагыраак болушу кажет. Жылуу жаап, өзүнөн эки эсе көтөрүлүшүн күтөбүз.

3. Ага чейин толтурмасын даярдайбыз. Пиязды аарчып, майда туурап, туз, мурч себелеп мыжыга аралаштырып коё турабыз. Бул убакта пияз жумшарып, ширесин жакшы бөлүп чыгарат.

4. Этти мантыга туурагандай туурайбыз. Куйрук май андан майда же жука тууралат. Үстүнө  пияз, туз, мурч жана 2-3 кашык суу куюп аралаштырабыз.

5. Ачыган камырды 50 граммдан бөлүп, баарын тоголоктоп, үстүн целлофан менен аба киргизбей жаап, чекесинен алып жая беребиз. Камыр 0,5 миллиметр калыңдыкта болушу керек. 1 аш кашыктан толтурмадан салып, чекелерин ортого кайрып бекитип чыгабыз. Ачык жери калбашы керек, болбосо майга кууруганда ширеси чыгып чачырайт.

6. Даяр болгондорун каскандын майланган табаларына жарым сааттай сала туруңуз. Бул учурда да камыр көтөрүлүп чыгат. Дароо бышырганда камыр жакшы көтөрүлбөй калат. Касканда бууда 40-45 мүнөт бышырабыз. Чыгарып, ысып турган көп өлчөмдөгү майга кызарта бышырып чыгарабыз.

 

 

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо