№1212
(Башы өткөн сандарда)
“Убагында сага колдоо көрсөтүп, жаныңда боло албаганыма кечир” деп колумду бекем кармады. Жакындарым ошондо бирикти. Акчабыз жетпей, өз кезегибизди башкага алдырып жибердик. Андан кийин операция марттын бирине жылдырылды. Ошол убакка чейин жакындарым болушунча тытынышты. Алардын берген акчасы менин дарыма эле кетип жатты. Менин пайызга акча берген адамдарым качып кетишти. Больницада жатып тааныштарым аркылуу издеттирдим. Түп тамыры менен жок. Аргасы кеткен эжем “үйүңдү сатабыз” деди. Мен караманча каршы турдум. Кызыма деп көгөрүп турсам, эжем алдыма чөгөлөй калып:
– Сиңдим, бир сөздү угуп койчу! Данекке үй эмес, эне керек, ЭНЕ! Бизге сен керексиң, жан бир тууганым. Мен сени жоготсом, жашай албай калам. Эмнеге убагында айткан жоксуң?! Эмнеге айтпадың?! Сөздү укчу, сатасың!- деп ыйлады. Мен өз оюмдан кайткан жокмун. Көгөрүп туруп алдым. Көп өтпөй байкем акча таптым деп сүйүнчүлөдү. Кайдан алганын сыр бойдон калтырды. Эми дарыланып, март айын гана күтүп жатам. Менден дагы байкем, эжем катуу күтүштү. Мен, тескерисинче, коркуп жаттым. Балким, бул сапар мен үчүн акыркы сапар болоттур?
10.02. ХХХХ. Кыйналып жатам. Кээде туруп аба жетпей кетип, өлүп каламбы деп коркуп барып кайра өзүмө келем. Аз калгандай сезип жатам. Эжем байкушум жанымда жатат. Ыйлай бергенинен көздөрү шишип калыптыр. Башынан бир сылай өттүм. Мен ага ыраазымын! Энемди көрбөсөм да, мага энелик сезимди кандай болорун көрсөттү. Ата-энем асмандан карап, ыраазы болушса керек. Себеби мен ыраазымын. Эжем бар, мен кызыма эч кабатыр болбойм. Эмнеге баары тез болуп кетти? Жакшы эле жүрүп, бир мүнөттө баары өзгөрүп кетти. Эмнеге? Же мен өзүмдү таштап жибердимби. Жакшы эле жүрбөдүм беле? Врачтан сурасам:
– Бул ушундай түшүнүксүз оору. Сизге билип, дарыланганга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Менин жалгыз иним көз алдымда жадырап-жайнап күлүп жүрүп эле бир күнү кете берди. Кийин билдик. Бул дарт менен көп жылдан бери ооруп, ал ичтен күчөп, ушул акыбалга келгенде билдик,- деди. Башкы врач ачык адам. Биз менен ачык сүйлөшөт, көңүлүңө карабайт. Болгонун болгондой бетке айтып коёт:
– Биз сага кепилдик бере албайбыз. Баары Жараткандын колунда эми,- деген. Көнүп деле калдым. Терезеден күндө короону карап, терезени ачтырып таза абадан тойбой улам-улам жутам. Мурда баркын билбеген нерселер, азыр мен үчүн өтө баалуу болуп жатат. Адилет... Ал мага келип кетти. Ыйлады. Эркектин ыйлаганын көрдүңөр беле? Мен көрдүм. Ал үнсүз ыйлады. Мен ага эч нерсе дей албадым. Үнсүз гана башын алдыма коюп жаткан, анын башынан сылап отурдум. Күндөлүгүмдү Адилетке менден эстелик катары калтырууну чечтим. Кичинемде жазуучу болгум келчү. Ал тилегиме жеткен жокмун. Бирок... Мен өз баянымды калтырган кичине чийме калтырып жатам. Ал жазууну баары окубаса да, Адилет окуп турсун. Ал мени эркек катары түшүнүшү керек. Менин эркин аял экенимди бир гана ал түшүнөт. Мен өкүнөм... Өкүнөм, күндөлүгүм. Туура эмес жолдо бара жатканымды билип туруп, ошол жолго кадам таштадым. Мен билгем... Бирок ошентсе да өзүмдү токтото албай койдум. Мен үчүн жашоо, эркектер, акча азарт болду. Кумардын алдында алсыз жан экенмин. Эмне кылайын? Азыр баары кеч. Өкүнөм... Мени окуп жаткан адам билсин, мен өкүнөм кылган иштериме. Колумдан келсе, баарынан кечирим сурайт элем. Бирок алар мени кечиришер беле?..
14.02. ХХХХ. Бүгүн күндөлүгүм, сени менен коштошом. Коркуп жатам. Түшүмө ар нерсе кирип, жүрөктүн үшүн алып жатат. Коркуп турам. Сени эч кимге бергим келген жок! Бирок каза болуп калсам, күндөлүгүм тебелендиде калып калабы деп корком. Ошондуктан сенин барактарыңды толтуруп алып, аз күндө жакын адамга айланган башкы врачыма сени тапшырып, Адилетке берүүсүн суранам. Анан бүтөт. Бирок бир шарт менен – эгер мен бул операциядан ийгиликтүү чыксам, анда күндөлүгүм, сен кайра менин колума тиесиң. Анда баары жакшы болот. Эх... Данегим келип бүгүн мага ырдап берди. Түшүнгөн жокмун. Бирок ошол учур мага жагып турду. Айланамда айланчыктаган туугандарым. Кандай гана бактылуумун! Эгер жалгыз болсом эмне болот эле?! Күндөлүгүм, сенин барактарың дале түгөнө элек. Дагы көп жазышым керек эле. Балким, бул жакшылыктын белгисидир? Балким, кайра келип, сени колума алып калаттырмын. Негедир бүгүн маанайым ачык, денем оорубай, колдорум ийге келип калыптыр. Жакшылыктан үмүт үзбөйм. Мен жашашым керек. Баары жакшы болот. Унутуп кала жаздадым! Айым келди. Сүйүндүм. Кубандым. Ал кокустан бирөөдөн угуп калыптыр. Мени алаксытып көп нерсени айтып берди. Бекзаттын аялынын ичи чыгып калыптыр. Төрөөрүнө аз калган го деп божомолдоду. Дагы көп нерсени айтып берди. Эң башкысы экөөбүз бири-бирибизди кечириштик. Мен ыраазымын! Мага азыр ар бир адамдын көңүлү керек болуп турат. Колдоо күтүп жатам. Ал мен үчүн баалуу болуп турат. Күндөлүгүм, кош... Жок! Көрүшкөнчө десем туура болот. Мен айыгып келем. Көрүшкөнчө!..
БИЗДИН КҮНДӨР
Бул аял арабызда жок. Билишимче, операцияга жетпей эле каза болду. Күйөөм классташы болгондуктан, аны акыркы сапарга узатууга барды. Андан кийин көпкө кыйналып жүргөн. Көрсө, иштин баары башкада жаткан тура! Бул күндөлүктү окубай деле койсом болмок! Кокусунан жолдошумдун эски, текчеде илинген дипломатын ачып калдым. Бул учурга чейин билчү эмесмин. Жөн гана ручка издеп жатып, колума күндөлүк туш болду. Күйөөм азыр Кытайда. Бирок анын мага кылган кыянаттыгын окуп алып буулугуп жатам. Канчалык кыйналып, ичимден кан жутсам да, мен Адилеттен баш тарта албайм! Ал менин өмүрлүк жолдошум жана мен аны жакшы көрөм. Эң башкысы – жакында наристелүү болобуз. Мен өзүмө сабыр тилеп гана жашап жатам. Бул күндөлүктү жарыялаганымдын себеби, балким, араңарда ушундай ыплас иштер менен алектенип жүргөндөр болсо, ТОКТОТКУЛА дейт элем. Эч качан бирөөнүн бактысыздыгынын үстүнө бакыт кура албайсыңар!
Автор: М. Абдрашид.
03.01.2018-ж.
(Аягы)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |