№1212
Кыргызстанда 450дөй бар
Кыргызстанда кезигүүчү индия чүткору Кызыл китепке киргизилген.
Жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарында. Зоолог окумуштуулар жаныбарлардын бул түрүнүн табигый мекени Индия деп эсептешет. Индиядан тышкары, Азиянын түштүгүндө, анын ичинде Кыргызстан, Казакстанда, Түштүк-Чыгыш Азияда, Дагестан өлкөсүндө кездешет. Учтуу ийнелери, тикенектүү куйругу бар сүт эмүүчү жана кемирүүчү жаныбар. Кыргызстанда Аксы районундагы Сары-Челек коругуна жакын аймакты, Ала-Бука, Чаткал өрөөндөрүн байырлайт. Чүйдүн айрым жерлеринде бирин-серин кезигет. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылкы маалыматы боюнча, өлкөдө 452 чүткор бар.
Салмагы 15 килограммга чейин
Түнкү жашоо образын карманат. Жемиш дарактары кездешкен, булактары бар суюк токойлорду, токой четиндеги ачык талааларды, бадалдуу аймактарды жердейт. Чоңдорунун денесинин узундугу 50-70 сантиметрге, салмактары 15 килограммга чейин жетет.
Аскалардын жаракаларында, үңкүрлөрдө, ийиндерде жашайт. Ийинин өзү казат жана анын узундугу 18 метрге чейин жетет. Өсүмдүктөр жана алардын даны, дарактардын кабыгы, жашылча, жемиш жана майда кемирүүчүлөр (чычкан, арс чычкан, келемиш), жыландын балдары менен азыктанат. Организминде минералдар жетпей, ийнелери өспөй баштаганда жаныбарлардын сөөгүн кемирет. Коркунуч туулганда ийнелерин үрпөйтүп коргонот, ийнелерин атып да жибере алат.
10-15 жыл өмүр сүрөт
Жазында жупташып, ургаачылары 2-4 баласын жарыкка алып келишет. Жаңы туулганда ийнелери жумшак болот да, бир канча күндөн кийин катып, учтуу боло баштайт. Июнга чейин баласын сүтү менен багат. Ал кезде баласы өзүнүн көлөмүнүн жарымындай болуп калат. Анан өз алдынча жашап, тамак таап жегенге өтөт. Жыныстык жактан 2 жашка чыкканда жетилет. Жаратылышта 10-15 жыл, колдо 20 жылга чейин өмүр сүрүшөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |