Абидин Темиров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “СҮРДҮҮ КӨРҮНГӨНҮМ МЕНЕН, СЕЗИМТАЛ АДАММЫН”

№1212

Белгилүү обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абидин Темировдун чыгармачылыкта баскан жолу жөнүндө пикир алыштык. Таланттын үрөнү, устаттардан алган сабактары, жүрөк тереңинен чыккан керемет обондор, инсан катары ой толгоосу жана башкалар тууралуу ой бөлүштү. 

 

“ЭРГҮҮСҮЗ ОБОН ЖАРАТУУ КЫЙЫН”

Каарманымдын ар бир сөзүндө терең философия катылып тургандай сезилди. Узаткан ар бир суроомо бир аз ойлонуп, токтоолук менен жооп узатып жатты. Абидин аганын айтымында, анын обондору ар дайым жүрөктөн жаралат. Санга эмес, сапатка басым жасоо маанилүү деген ырчылардан. Адатта теманы тандап, ошого жараша текст издей турганын белгилейт. Ал эми кээде, тескерисинче, обон биринчи жаралат.

“Адегенде кандайдыр бир кайрыктар келет. Ошол замат кагазга түшүрүп жазып калбасаң, унутулуп кетиши мүмкүн. Эргүүсүз чыныгы кайрык жаратуу кыйын. Ошондуктан чыгармачыл адамда изденүү токтобошу керек. Ал эми күчтүү чыгармалар көбүнчө турмуш сыноолорунан кийин жаралат. Ар кандай оор учурлар адамды бышырат, такшалтат. Чыгарма дагы адамдагы сезимден жаралат”,- дейт Абидин ага.

“ЫР – АВТОР МЕНЕН АТКАРУУЧУНУН ЖЕМИШИ”

Бүгүнкү күнгө чейин каарманым 50гө жакын обон жараткан. Элге тартуулана элек чыгармалары дагы бар экенин айтат. Андан тышкары дагы 50дөй классикалык чыгармалары кагаз бетине түшүрүлүп, бирок белгилүү бир себептерден улам тытылып, өрттөлүп кетиптир. Абидин ага ал себептерди айтып берүүнү каалабады, мен дагы кайра-кайра сурагандан кармандым. Жабык эшик жабык бойдон эле калганы туурадыр, балким.

Абидин Темиров ырдын хит болушу композиторго гана эмес, аткаруучуга да байланыштуу экенин белгилейт. Айрым чыгармалар эстрада же башка жанрларда анчалык билинбесе, симфониялык оркестр аркылуу жаңыча ачылат. Кээ бир жылдызы жанбаган обондорду ырчылар элге жеткирип, хитке айландырып коюшат. Композитор өзү жеткиликтүү аткара албаган ырды башка бир аткаруучу мыкты ырдап коюшу мүмкүн экенин да айтып өттү каарманым. “Ыр – автор менен аткаруучунун ортосундагы ишенимдин жемиши”,- дейт ал.

“САБЫРДУУ БОЛБОСОҢ, БУЛ ЖАШОО КЫЙЫН”

Абидин Темиров агабыз чыгармачылыктын жолунда белгилүү бир катар устаттардан таасир алган. Токон Чалапинов, Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшпаев, Кудайберген Темиров, Жолдошбек Мамажанов, Эльвира Гареева жана башкалар. Мектепти аяктап, Фрунзеге келгенде Муратбек Бегалиев, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков сыяктуу обончулардын чыгармачылыгын көрүп таасирленгенин, шык бергенин айтат.

Турмуш жалаң гана бактылуу көз ирмемдерден турбайт эмеспи. Обончу агабыз башынан өткөн татаал учурларды эскерди:

“Бул өмүр чоң сыноолордон турат. Көптөгөн кыйынчылыктардан өттүк. Чоң кыйынчылыктарда сабырдуу, чыдамкай жана кечиримдүү болбосоң, ал кыйынчылыктар өнөр адамы үчүн чыныгы сыноо болуп калышы мүмкүн. Бул жөн эле кыйынчылык эмес, өнөр жолунда узакка баруунун, күчтүү жана тең салмактуу болуунун негизги сабагы”,- деди ырчы мырза.

“ЖАНЫБЕК АЛЫКУЛОВДУН ЭМГЕГИ ӨЗ УБАГЫНДА БААЛАНБАЙ КАЛДЫ”

Абидин ага ырчы, обончу гана эмес, таланттуу пародист дагы экени көпчүлүккө маалым. Чыгармачылыктын бул багытында кандай эмгектенгени тууралуу да айтып берди.

“Куудул, пародист Жаныбек Алыкулов менен чогуу пародист болуп иштеген жылдарым мени курчутуп, такшалтып, жаңыча ой жүгүртүүгө үйрөттү десем жарашат. Ыраматылык Жакем экөөбүз бир топ тамашалуу чыгармалардын үстүндө иштештик. Мени жакшы жагына өзгөрттү, шыктандырды ал киши. Бир топ сатиралык чыгармаларды жараттык. Жаныбек Алыкуловдун эмгектери өз учурунда бааланбай калганы өкүндүрөт. Мамлекеттик наамдар адамдын көзү тирүүсүндө берилсе жакшы болмок. Жаркылдап бул дүйнөгө бир келди да, кете берди”,- деди маектешим кейигени билине.

“КИЧИНЕКЕЙ ЭЛЕ НЕРСЕ КӨҢҮЛДҮ ООРУТУШУ МҮМКҮН”

Башкалардын берген баасы го түшүнүктүү, обондоруна суктангандар да, мактагандар да көп. Ал эми Абидин Темиров өзүнүн чыгармачылыгына өзү кандай баа берери кызык. Улуу муундагы таланттарга таандык сапат – өздөрүн өздөрү мактай албайт. Абидин агабыз да чыгармачылыгына кыргыздын залкар инсандарынын жана элдин берген баасы сыймык экенин белгилейт. Мүнөзүнө токтолсок, көпчүлүк өнөр адамдарындай эле сезимтал экенин жашырбайт.

“Чыгармачыл адамдар табиятынан назик болушат. Мен сырттан токтоо, сүрдүү көрүнгөнүм менен, ичтен сезимталмын. Кээде кичинекей эле нерсеге көңүл ооруп калышы мүмкүн”,- деди жылмая.

“УЛУТТУК КОЛОРИТ МААНИЛҮҮ НЕРСЕ”

Өнөр ээси кыргыз болуп жаралгандан кийин улуттук колоритти сактоо ар бир ырчы үчүн чоң жоопкерчилик деп белгилейт. Анын айтымында, бүгүнкү күндө музыка ар кандай багытта өнүгүп, батыштын стили менен да аралашып баратканы байкалат. Жаш муун жаңы ыкмаларга кызыгып, заманга жараша өзгөрүүлөр болуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошол эле учурда ал жаш ырчыларга кыргыз ырларынын өзөгү – сөзү, маңызы кыргызча бойдон калышы керектигин эскертет. Анткени улуттук өзгөчөлүк сакталганда гана чыгарма өзүнүн чыныгы баалуулугун жоготпой, элдин жүрөгүнө жетет.

“ИШКЕРЛИККЕ ДА УБАКТЫМ БӨЛҮНҮП КАЛДЫ”

Ырчы агабыз чыгармачылык менен ишкерликти чогуу алып кетүүгө аракет кылып жатканын айтат. Кандай болгон күндө да инсан жөнөкөй бойдон калышы керектигин да кошумчалай кетти. 

"Чыгармачылыкка гана эмес, ишкерликке да көбүрөөк убактым кетип калды. Жалаң эле айлык маяна менен чоң ийгиликтерге жетишиң кыйын. Ишкерликтен чоң акча таап, чыгармачылыкта алгылыктуу иштерди жасайм деген аруу тилектерди, ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңип кетип жатат. Буюрса, эл үчүн кызматыбызды кыла беребиз",- деп сөзүн жыйынтыктады элдин жүрөгүнөн орун алган көптөгөн мукамдуу ырлардын автору.

 

Мээрим Дербишалыева

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо