Анапия Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ЫР АЙРЫМДАРГА БИЗНЕС, А МАГА БАЛАМДАЙ”

№1212

Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анапия Райымбекова менен кеңири баарлаштык. Маек арасында ырчы айым өзүнүн аян түшү тууралуу да айтып берип, кызыгуу жаратты. Ал кандай түш экенин билгиңиз келип жатса, маекке көз чаптырыңыз, окурман. 

 

– Анапия айым, саламатсызбы? Угушумча, сизде ырчылык гана эмес, акындык өнөр да бар турбайбы?                               

 – Үйдө бир туугандар баарыбыз кичинебизден китепке жакын өстүк. Тамак ичип отурганда да бир колубузда китеп болор эле. Атам Кадыркул сөзмөр, ырчы, жамакчы, акын киши болгон. Атамдын, анан китептин таасири тийип 9-классымдан тарта ыр жаза баштадым. Ата-эне, сүйүү, мекен тууралуу жаздым. Ошондогу бир чоң блокнот ырларым азыр деле бар, сакталуу. Азыр кээде гана чиймелеп калбасам, убактымдын көбү обон жаратууга кетет.                               

– Обончулук – өзгөчө өнөр чынында, бул тармакка эң алгач кайсы жылдары кайрылдыңыз?                            

 – 1996-жылдан баштап кайрылдым. Азыр обондорумдун жалпы саны 50дөй. Өзүмдөн тышкары аттуу-баштуу ырчылар да ырдап жүрүшөт. Токтобек Асаналиев “Сен бар үчүн”, Чырмаш Төрөбеков “Туулган жердин таасири”, Улан Качкыналиев “Бар бол Кыргызстаным”, “Сүйүү курултайым” деген ырларымды аткарып жүрүшөт.                          

– Кандай учурда, кантип жаралат обондоруңуз? Ойлонуу, толгонуу, изденүү...                                         

– Адам болгондон кийин ата-эненин эмгегин, апанын ак сүтүн актоого аракет кылат экенсиң. Апама арнап 2 ырга обон чыгардым. Сөзү Лариса Асанбековага тиешелүү “Жаным апама” деген ырга обон жараткандан кийин “муну сизге арнап чыгардым” деп апама комуз менен ырдап бергем. Угуп, кубанып, сөзүнүн мааниси да мыкты экен деп алкап, батасын берди. Ошондон кийин 3 ай өтпөй 71 жашында көзү өтүп кетти. “Эне барда” деген ырымды укпай калды. Бир күнү вотсапптан бир ырдын тексти келип калды. Окусам, маңыздуу ыр экен. Ошол кезде бир жакын адамым таарынтып коюп, капа болуп жүргөм. Тексттин мааниси жан дүйнө абалыма төп келип калды. Обон чыкты. Көрсө, ырдын автору Гүлбүбү Байбугубаева экен. Ошол ыр менен тиги адамга ичимдеги таарынычымды айтып алдым, сыйлашып жүрөлү дегенди билгиздим.               

– Көптөгөн залкар инсандар менен замандаш болуп, айрымдары менен бирге иштешип да калдыңыз. Сизге кимдер, кандай таасир калтырды?                              

– 40 жылдан бери Улуттук филармонияда иштеп келем. Айтсам, өтө көп. Мисалы, Дилбар, Лира (ред.: бир тууган Райымбековалар) үчөөбүз Асанкалый Керимбаев агайдын жанында көп жүрдүк. Кайда концерт бербесин бизди кошуп алчу. Агайдын өзүнүн ырларын ырдап чыксак, аккордеондо коштоп берип, бапыраңдап аябай кубанчу. Үчөөбүз 1998-жылы Рыспай Абдыкадыров агайдын концертине катышып калдык. “Бир туугансыңарбы, үчөөңөр тең ырдайсыңарбы?” деп аябай таң калды ал киши. Бизди концертинде ырдатып, батасын берген. Кызыгы, көзү өтүп кеткенден кийин түшүмө кирди. Түшүмдө мен сахнада ырдап, Рыспай агай аккордеону менен коштоп жатат. Көрсө, ошол түш аян катары кириптир, ошондон кийин обон чыгарып калдым го дейм.             

– Азыркы обондуу ырлардын тексттери купулуңузга толобу же толбойбу?                 

– Чынында, көбүнүн тексти начар. Жаш акындар жазганы үчүнбү, айтор, тексти жеңил. Бирок андай ырлар тойлордо жакшы өтөт тура. Өзүмө келсем, сөзүнүн мааниси терең, көөнүмө толчу ыр таппай кыйналам. Үйдөгү ыр китептерден издейм,  акындардан сураштырам. Табылып калса сүйүнөм. Айрымдар ырга бизнес катары карашат, ырдап акча таап алайын деп. А мен жараткан обондорума, ырдаган ырларыма өзүмдүн баламдай мамиле кылам. 

– Жан дүйнөңүз чарчаган учур болобу? Эс алуунун кандай түрүн жакшы көрөсүз негизи?                                            

– Менде андай учур болгон жок. Ушул убакка чейин чарчаганды эч билбептирмин. Өз ишимдин фанаты экенмин, көрсө. Азыр деле чарчабайын дейм, бирок жаш курак өзүнүкүн алат экен. Быйыл жазда, жайында мекенибиздин кооз жерлерине барып, эс алуу менен кошо эргүү алсам дейм. Баса, мен дайыма жазды сагына берем. Негедир жаз келсе эле тилектерим ишке ашып, кубаныч, жакшы окуялар боло тургандай сезилет. Ушул себептен 15 жыл мурун “Сагындым жазды” деген ырга обон чыгаргам. Өзүм ырдап, клип тарттыргам. 

– Дайыма күлүп-жайнап жүрүүңүздүн сыры эмнеде?                                           

  – Мен апамды тарткан жоош, жумшак, дайыма күлүп жүргөн, ак көңүл жанмын. Кээде ак көңүлдүгүмдүн, ишенчээктигимдин айынан татыксыз бирөөлөргө ишенип жакшы мамиле жасап алам. Бирок анын жамандыгы башыма таяк болуп тиет. Көрө-көрө көсөм болот демекчи, көсөм болуп баратам. Азыр таарынбоого, урунуп-берине бербегенге аракет кылып, жүрөгүмө андай жүктү көтөрткүм келбей калды.                      

 – Чыгармачылык жолуңузда бут тосуулар, артка тартуулар канчалык көп болду?               

– Укмуш болгон. Убагында 10 жыл Карамолдо Орозов атындагы оркестрде солист болуп ишдедим. 1996-жылы бирге иштегендердин арасынан жолумду тосуп, жашоомо балта чаап, мени жок кылгысы келгендер болду. Кимдер экенин өздөрү билишет. Көтөрүмдүү, чыдамдуу болгонум үчүн баарын жеңдим. Бирок убагында стресс болуп, катуу кыйналдым. Андай кыйынчылыктардан өтпөсөң, анда жашоонун баркын деле сезбейсиң го дейм.                   

– “Үч-Теректин 3 кызынын” эл билбеген кандай өзгөчөлүктөрү бар?                      

– Мен тамакты жакшы жасайм. Дилбар тиричиликке тың, бүйрө, эмгекчил. Лира экөөбүз бир аз жалкообуз. Менин кол өнөрчүлүккө да шыгым бар. Кийим тигем, түймө түйөм. Сиңдилерим кийимдерин оңдотуп тиктиргенге алып келип калышат. Узчулук өнөр мага чоң энемден өткөн. Аны айланчыктап, кол кабыш кылып жүрүп  көп нерсени үйрөнүп алганым жакшы болуптур.                                      

– Жан дүйнөңүздү ачып, бүт сырыңызды төгүп айта ала турган адамыңыз барбы?                                       

  – Андай адамым жолдошум эле, анын көзү өтүп кетти. Бир тууганыңа бир туугандай, сырдаш курбуңа сырдаштай жан дүйнөңдү ачасың. Бирок азыр болгон нерсени болгондой төгүп айта ала турган адамым жок. Өзүм менен өзүм сырдашам. Сатпай турган ишенимдүү курбу тапкам ушундай.

– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...                     

– 3 уулум бар. Улуусу Улукбек, келинчеги экөө чыгармачыл адамдар. Келиним да ырчы. Улукбек музыкант, үйлөмө аспапта ойнойт. Аккордеон менен ырдап, тамадалык да кылат. Азат уулум валторнист, музыкант. Үйлөмө валторна аспабында ойнойт. Учурда аскердик оркестрде иштейт. 40 жашымда көргөн уулум Эмир быйыл окуусун бүтөт, программист болуп чыгат. Анан чет өлкөгө кетип окуусун улантып, иштейм деп жүрөт. Мага ушул балдарым, бир туугандарым жана обондорум энергия берип турат.  

 

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо