Жаныбек Наралиев, ырчы: “ДИПЛОМ ТУРГАЙ АТТЕСТАТЫ ЖОК ЫРЧЫМЫН”

№1212

Шоу-бизнестеги жаңы жүздөр менен тааныштырууну улантабыз. Бул жолку каарманыбыз – Жаныбек Наралиев, учурда угармандын көңүлүн буруп турган ырчылардын бири. Ырчылыкка ташталган алгачкы кадамдар, азыркы жашоосу, кыялдары тууралуу сөз кылдык.  

 

– Кутман күн, Жаныбек мырза! Өзүңүздү окурмандарга тааныштыра кетсеңиз...

– Кутман күн! Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылынан болом. Бирок көп жыл Кербен шаарында жашадым. Кичинемден ырга шыктуумун. Таланттын учкуну таятамдан апама, апамдан мага өткөн десем болот.

– Апаңыз да чыгармачыл инсанбы?

– Апам да чыгармачыл инсан. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетте Динара Акуловалар менен чогуу окуган убагында. Музыкалык билими бар, мыкты ырчы болгон. Кербен шаарындагы маданият үйүндө көп жыл директор болуп иштеди. Негизи бийикке жете ала турган таланты бар эле. Буйрук ушундай экен, апамдын каза болуп калганына бир топ жыл болуп калды.

– Сиз чыгармачылыкка качан аралаша баштадыңыз?

– 2-класс кезимде эле ырдап баштадым. 5-6-класстарда айылдагы тойлорго барып ырдачумун. Ырчылык – жашоомдогу эң чоң максатым эле. Кээде тамашалап “эл диплому жок ырчы болсо, мен аттестаты жок ырчымын” деп калам. Анткени ырчылыкка ышкым күчөп, 8-класстын жарымына чейин мектепке барып, кийин барбай койдум. Апам, директор, эжейлер суранып жүрүштү “аттестатыңды алып кетчи” деп. Ошого да барбай койдум. Аным үчүн азыр өкүнүп калам. Окууга такыр эле кызыкпай, ырдасам эле болду деп өжөрлөнүп туруп алгам.

– Абдан эле эрте аралашкан экенсиз да бул тармакка?  

– Агайларыбызды ээрчип кеттим, бала элем да. Аппараттарды көтөрүп алып, “ырда” десе эле ырдап жүрө бериптирмин. Акча менен деле ишим болбоптур. Муну айтпай деле койсом болмок, бирок чындык ушундай. Сөз чынынан бузулбайт деген кеп бар эмеспи. Сахнада жүргөн көп ырчылар алгач тойлордо ырдап, кийин Бишкекке келип “кабак ырчысы” болуп, анан окуганы окуп, диплом алып ырчы болушту да. Менде деле ошондой болду, болгону билим албадым.

– Чоң сахнага биринчи жолу качан чыктыңыз анан?

– Чоң сахнага чыгууга эми кадам таштап турабыз. Мен чоң сахнага чыгууну – өзүмдүн жеке концертимди берүү деп түшүнөм. Ал эми түз маанисинде чоң сахнага 2018 -жылы чыктым. Ал да кайгылуу окуя менен коштолот. Апам рак оорусуна кабылып калып, дарылануусуна акча топтоо үчүн кайрымдуулук концертин уюштургам. Ошондо биринчи жолу Спорт сарайында ырдагам. Элден айланса болот, акча топтолуп, апам дарыланган. Бирок ажалга айла жок экен. 8 бир тууганбыз, учурда айылга барган сайын атама барып турам.

– Үнүңүз жакшы экен, вокалдан сабак албасаңыз, демек, тубаса өзгөчөлүк окшойт... 

– Ооба, тубаса деп айтса болот болуш керек. Эч жерден билим алган жокмун, вокалдан устатым болгон жок. Өзүм эле аракет кылып жүрүп, таптап алдым десем болот. Апам ырчы   болгондуктан кантип ырдаш керек экенин айтчу, башка эч кимден деле сабак алган жокмун. Бирок кийин устат күттүм.

– Устатыңыз ким?

– 2015-жылы Бишкекке келип, жакшы бир ыр жаздырсам дедим. Ошондо Мирлан Ниязовдун колуна келип түштүм. Азыркыга чейин ал кишинин тарбиясы менен келе жатам... Башында өз алдымча 1-2 ыр жаздырып, бирок көңүлүмө туура келген жок. Сураштырсам, жакшы музыкант деп анын атын айтышты. Издештирип, телефон чалып, анан кезиктик. Жолуккандан кийин жакшы иштешип кеттик. Тарбия дегенде чыгармачылык жаатта эле эмес, ага катары жөлөп-таяп, жакын адамындай жардам берип келет. Ыраазымын...

– Устатыңыз тууралуу дагы эмнелерди айта аласыз?

– Мирлан Ниязов шоу-бизнесте аты белгилүү, орду бийик, баркы бар адам. Бирок көшөгө аркасында деп коёбузбу, элге көп көрүнө бербейт. Устатым тууралуу бир нерсе айтып кетейин. 5 жыл улуттук консерваторияда окуган досум бир жолу чогуу отурганда “устатыңа бир ыр жаздырайын дедим эле” деп калды. “Макул” деп ээрчитип бардым. Тиги 5 жыл бою окуган бала таң калат десеңиз. “Ушундай гармонияларды алат экен, барабандардын үнүн минтип айкалыштырабы?” деп оозу ачылып калды. Ошондон кийин мен “окуп биле турган нерселерди билип алыптырмын, эми окуп эмне кылам” деген ойго келдим. Анткени устаттын жанында жүрүп үйрөндүм да.

– Кудайберген Кутуевдин “Сүйүү балы”  деген ырын ырдап чыктыңыз. Көптөр “оригиналына эң жакын ырдаптыр” деп мактап жатышат. Бул ырды кантип тандап калдыңыз?

– 2021-жылдан тартып ретро стилге өттүм. “Сүйүү балын” мага чейин 99 ырчы ырдаптыр, мен жүзүнчүсү боло берейин деп ырдап чыктым. Менин ырдаганым элге жагып калды. Себеби көбү “ха-а” деп кайырмасында кыйкырчу кульминациялык жерин аттап кетишиптир. А мен ошол жерин татаал болсо да өжөрлөнүп бир сааттай “ха-халап” отуруп ырдаган элем.

– Пландарыңыз кандай?

– Учурда элдин баарын “шок” кылып, Улуттук филармонияда концерт берүү алдында турам. 4-апрелде, буюрса, эл алдына чыгам. “Бул баланы эл тааныбайт” деген сөздөрдү да угуп жатам. Мен негизи 20 жылдан бери ырчылыктын жолунда келе жатам. Бир эмес, эки альбом жаздыргам. Эмгектенип иштеп келе жаткандыктан, жакшы деңгээлде концерт бере алам деп ишенем.

– Кыздарды кызыктырган суроо акыркысы болсун, бойдоксузбу?

– Ооба, бойдокмун. Жашым 33тө, мүнөзүм жаман эмес (күлүп). Кыздарга жүрөк да, үйдүн эшиги да ачык.

– Ийгилик сизге! Концертти жакшы өткөрүп алыңыз.

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо