№1212
Кытай кинематографиясындагы суроо-талапка ээ актёрлордун бири, көптөгөн бийкечтердин жүрөк оорусу болгон келбеттүү мырза Чжан Лин Хэ балалыгында кино тармагына аралашуу тууралуу такыр ойлончу эмес. Бирок тагдыр аны бул тармакка жетелеп келди, демек, бекеринен эмес деп бул кесипти сүйүүгө, жан дили менен берилүүгө аракет кылуу керек деген ойдо актёр. Кытай киносунун жарык жылдызынын жашоосуна саресеп салдык.
Аты-жөнү: Чжан Цзя Вэй
Псевдоними: Чжан Лин Хэ
Туулган жери: Кытай, Уси шаары
Туулган жылы: 1997-жыл, 30-декабрь
Жылдыз белгиси: текечер
Бою: 188 сантиметр
Билими: Нанкин университети, электротехника жана автоматизация факультети
Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Дева Холмс”, “Куньнин сарайынын тарыхы”, “Орхидея менен азезилдердин падышасынын айрылуусу”, “Баарынан мыкты”, “Алча янтары”, “Сүйүү үчүн кайра жаралуу” жана башка
Спорт: спорт залга үзбөй барат, сууда сүзүүнү жактырат
Музыкалык аспаптар: саксофондо жана барабанда ойнойт
Геймер: компьютердик оюндардын фанаты
Амбассадор: дүйнөлүк Gucci, Chopard жана башка бренддердин жүзү
Окумуштуу болгусу келчү
Ата-энесинин тилин уккан, ашыкча тентек кылбаган, мектепте мугалимдердин сүймөнчүгү болуп жакшы окуган идеалдуу бала... Бул сыпаттоолор Лин Хэге тиешелүү. Дал ушундай бала болчу. Анан да чоңойгондо окумуштуу болом деген сөздү көп айтар эле. Убакыт менен жарыша ою да өзгөргөн бала так илимдерге жакын болуп, айрыкча математика, физика дегенди “семичкедей чагып” калган. Мектепти аяктагандан кийин ата-энеси кубануу менен баласын Нанкин университетинин электротехника (инженер-ширетүүчү) бөлүмүнө киргизип келишкен.
Окшош күндөр жакпай...
Университетте окуп жүргөндө жигитти кесибине байланыштуу бир катар ойлор кыжалат кыла баштаган. Ага күнүгө эртең мененки саат 9дан кечки 5-6ларга чейин иштөө перспективасы жакпайт эле. Мындай графикте бири-бирине коёндой окшош күндөр өтөрүн байкап, эмнени өзгөртсө болот деп ойлогон.
Элестетиңиз, азыр ал актёр болбогондо Кытайдын бир бурчунда ушундай келбеттүү мырза ширетүүчү болуп иштеп жүрмөк, көпчүлүк анын талантын байкабай калмак, кыздардын “крашы” болмок эмес, балким болмок, бирок аз санда.
Кокустук
Актёрдук кесипке келип калуусу жөн гана кокустук. Көчөдө сейилдеп жүргөн Лин Хэни шоу-бизнес чөйрөсүндө иштеген агент көрүп калып, дароо жанына барып актёрлук талантын сынап көрүү сунушун айткан. Эзели бул темада ойлонбогон жигит дендароо абалда эле. Анын үстүнө ата-энеси актёр болуусуна такыр карама-каршы болгон. Бирок табиятынан өжөр жигит аларга көнгөн жок, жаңы чөйрөгө мурдун салып көрүү кызык болду. Ошон үчүн ал бул жаатта өзүн сынап көрөйүнчү деген.
21 жашында кошулду
Кино талаасына алгач актёрдук курстардан окуп, аз да болсо түшүнүк алгандан кийин кошулду. Тагыраагы, 21 жашында дебюттук, болгондо да баш каармандын ролун алып, “Дева Холмс” (2020-жылы) аттуу тарыхый сериалда ханзаада Цинин образын жараткан. Биринчи эле ролу ийгиликтүү болуп, сериал экранга чыгары менен Чжан Лин Хэ атактуу болуп ойгонгон. Техникалык окуу жайдын студенти чыгармачыл чөйрөгө кошулуп, акырындык менен гана киного болгон кызыгуусу ойгонгонун айтат. Айрыкча ага түрдүү мүнөздөгү, түрдүү тагдырды башынан кечирген каармандарды ойноо жаккан. “Актёрлуктан тажабайт экенсиң, ар кимдин жашоосун жашап көрүү мүмкүнчүлүгү бар” дейт. Учурда анын кино куржунунда ондогон популярдуу тасмалар бар.
2026-2027-жылдары...
Актёр болгон күчүн, убактысын жумушуна арнап, тынымсыз эмгектенип жаткан учур. Анын быйылкы жана кийинки жылдын башына пландалган, экранга чыга турган долбоорлорунун тизмеси да даяр. 2026-жылдын биринчи жарымында “Жалынга айланды” аттуу кызыктуу долбоор чыгат. Ал эми учурда “Нефриттин артынан кууп” сериалы жаңыдан экранга чыгып жатат. 2026нын аягы же 2027-жылдын башында “Атак-даңкка карай жол” жана “Түбөлүк ишеним” сериалдары пландалган.
100 килограмм
Чжан Лин Хэнин камера сыртындагы жашоосуна көз салсак, ал киного чейин салмагына көңүл бөлбөгөнүн айтат. Убагында 100-120 килограмм салмак менен жүргөн учуру болуптур. Шоу-бизнеске аралашкандан кийин агенттиги анын келбетин, салмагына чейин (70 килограммдан ашып кетпегенге аракет кылат) көзөмөлдөп турат. Андыктан диета кармаганга туура келет дейт.
Күлбөйт
Байкасаңыз, дээрлик бардык эмгектеринде Чжан Лин Хэнин 32 тишин көрсөтүп каткырып күлгөнүн көрбөйсүз. Кинодо эле эмес, башка иш-чаралардан деле жылмайып гана койбосо, ачылып күлбөйт. Мунун жагымсыз себеби бар. Лин Хэ күлгөндө көзүнүн алдына көптөгөн бырыштар түшүп калат экен. Муну байкаган хейтерлер анын дарегине негативдүү билдирүүлөрдү калтырышкан. Мындан улам актёр эл көзүндө, жумушунда эмоциясын кармаганга аракет кыларын айтат. Агенттиги пластикалык операция кылуу сунушун айткан, бирок актёр ал бырыштар өзүнө жагарын, алардан ажырабасын айтып каршы болуп койгон.
Мүнөзү
Экранда токтоо, көбүнчө интроверт адамдын образын бергенсийт. Өзү болсо чала тааныш же бейтааныш адамдарга оңою менен ачыла албаган интровертмин дейт. Ал эми дос-туугандардын арасында активдүү, отурган жерин шаңга бөлөгөн шайыр, ачык, чыныгы экстраверт адам.
Бай Лу менен...
Кытайдын дагы бир белгилүү актрисасы Бай Луну сиз деле таанысаңыз керек, окурман. Учурунда Лин Хэ менен Бай Лунун бирге жүргөн фото, видеолору интернет желесине тарап, экөөнү кыз-жигит деген сөздөр болгон. Актёрду өзүнөн улуу (Бай Лудан 3 жаш кичүү) кыз менен мамиле курганын сындагандар болгон. Бул боюнча эки тарап тең маалымат бербей, убакыттын өтүшү менен баары дым-дым болду. Андан бери Лин Хэ мырзанын романтикалык мамилелери ачыкка чыга элек.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |