ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-марттан 22-мартка чейин

№1212

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул апта сиз үчүн ылдамдык режиминде өтүп жаткандай сезилет. Окуялар сиз пландагандан, күткөндөн да тездик менен өнүгүп жатканын байкайсыз. Жумушуңузда капыстан бурулуш болушу мүмкүн – алган сунуш алгач кооптуу көрүнгөнү менен, ойлоно келгенде кирешени көбөйтүүгө жаңы кадам болушу ыктымал. Романтика жаатында сүйүктүүңүздүн мурда байкабаган сапатын көрүп таң каласыз. Үй тиричилигинде жаңыртуу, оңдоп-түзөө, иретке келтирүү иштери орун алышы мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Толкунданып, кабатырланып, айтор, курч эмоционалдык абалда турганда эч кандай чечим кабыл албаңыз. Аптада максаттарыңызга саресеп салып, кайсы бирин өзгөртүүнү ойлошуңуз мүмкүн. Каражат тармагында пайдубалыңыз бекемделет, буга жаңы каржы булагынын пайда болушу себеп болмокчу. Жеке жашоодо бардыгы өз нугунда уланат. Жакын адамыңыз менен ачык жана терең сырдашуу мамилени бекемдейт. Дем алыш күндөрү күтүүсүз окуялар болбойт, баары сиз пландагандай өтөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздерди маалыматка бай апта күтөт. Жумушта, окууда, жеке жашоодо болобу жаңы маалыматтарды угасыз, окуйсуз, үйрөнөсүз. Айтор, өзүңүзгө пайдалуу көп нерсе аласыз. Сүйүү талаасында бойдокторду жеңил флирт күтөт, бул нерсе олуттуу мамилеге жетеби, сизден, маанайыңыздан, аракетиңизден көз каранды. Каржы тармагы туруксуз болмокчу, техникага байланыштуу күтүүсүз чыгашалар болушу ыктымал. Апта соңун жакшы маанайда тосуп аласыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бөйөндөр бул күндөрү өтө сезимтал адамга айланышат. Айланасындагы адамдардын маанайын, алардагы өзгөрүүлөрдү байкаган көрөгөчтүгүңүз ойгонот. Карьералык тепкичте аздан болсо да көтөрүлүү байкалат. Финансы жаатында колдоо күтө берсеңиз болот. Бирок ойлонбогон нерселерди сатып алуудан алыс болуңуз. Жеке мамилелерде коргоого жана колдоого, сүйүүгө муктаждык күчөйт. Апта соңу көптөн бери көрүшпөгөн адам менен жолугушууңуз мүмкүн.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Алдыда жандуу, активдүү күндөр күтүп турат. Эл алдына чыгып сүйлөө, көптөгөн адамдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү чыгышы ыктымал. Жашоого жаңы нерселерди киргизүүгө ылайыктуу апта. Баш көтөрбөй иштеген эмгегиңиздин акыбети кайтып жумушта да, жеке жашоодо да ийгиликтер коштойт. Аптанын экинчи жарымында көптөн бери самаган буюм колуңузга тиет. Жакшы санаалаштарды чогултуп, конок күтүүгө туура келет. Аллергия дарты тынчыңызды алышы мүмкүн.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Балдарыңыз сиздин жардамга муктаж болот, баш тартпаңыз. Финансы тармагында тобокелдикти талап кылган ишке туш болушуңуз ыктымал. Көптөн бери көңүлүңүздү өйүтүп келген көйгөйлөрдү дос-тууган менен бөлүшсөңүз, өзүңүз да жеңилдеп, маселеңиз да чечилүү жолуна түшмөкчү. Сүйүүдө кол бошобогондуктан улам сүйүктүүңүз менен сиздин ортодо боштук жаралышы мүмкүн. Кеч боло электе мамилеге көңүл буруңуз. Финансы тармагында капчыгыңыз калыңдап кубанасыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Документ иштерин артка жылдыра бербей, так бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Антпесе үстүңүздөн текшерүү келип, олчойгон айып пулга жыгыласыз. Жашоого өзгөртүү киргизүү каалоосу жаралып, жаңы жумуш издөө варианттарын карашыңыз мүмкүн. Сапарга чыгам деп турсаңыз, жолуңуз шыдыр болот. Каржылык тармакта туруктуулук сакталат. Ошентсе да чоң нерсе алам деп насыя алуудан качыңыз, төлөй албай кыйналасыз. Дем алыш күндөрү жагымдуу атмосферада өтөт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бойдоктор жашоого болгон көз карашы өзүнүкүнөн такыр айырмаланган адамга жолугуп, ага болгон кызыгуусу ого бетер артат. Бул апта сизден “эртең, анан” деген кайдыгерликти кечирбейт. Андан көрө чечкиндүү кадамдарды жасасаңыз, жумушта да, жеке жашоодо да ийгиликке жетесиз. Үй-бүлөлүк жагдайларга же тиричиликтеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу финансылык коромжуга туш болушуңуз мүмкүн. Апта соңу билим жаатындагылар үчүн кубанычтуу кабар менен коштолот.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Сүйүү талаасында ички туюмга ишениңиз, ошондо жаңылбайсыз. Мамиленин келечеги, сүйлөшүүдөн кийинки кадам тууралуу сөз болушу мүмкүн. Анан да жаачылар үчүн бул апта – кыймылдын убактысы. Балким, иш сапарына же саякатка чыгасыз. Же болбосо өнөктөштөр менен жолугушуулар, иш-чараларга, конокко барасыз. Финансы тармагында минуска кетпейсиз, ошол эле учурда ашыкча да таппайсыз, ортолук сакталмакчы. Бирөөгө шашылып сөз бергенден качыңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Иштеген ишинен, жасаган кадамынан жыйынтык чыгаруучу мезгил. Башкаларга өзүңүздүн компетенттүүлүгүңүздү далилдегиңиз келет. Сүйүүдө чыдамкай болуңуз, түгөйүңүз сиздин колдоого муктаж болуп жатышы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымын ден соолукка кам көрүү менен өткөргөнүңүз жакшы, анан да үй-бүлөңүз менен бирге болуңуз. Жумушта шашылыш документ толтуруп же презентация жасашыңыз мүмкүн. Финансы тармагы жогорулап кубанасыз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Жашооңузда көптөн бери кабарсыз кеткен эски достор же туугандар кайрадан пайда болушат. Алар менен сүйлөшүү жагымдуу көз ирмемдерди эске салып, маанайыңыз көтөрүлөт. Жумушта мурдагы ыкмалар эскиргенин байкайсыз, натыйжа көрүү үчүн изденүү керектелет. Аптанын экинчи жарымында түгөйүңүз менен түшүнбөстүк жаралып, “чарт-чурт” болуп кетиши мүмкүн. Принципке тура бербей, биринчи өзүңүз кадам жасап элдешүүгө аракет кылыңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Балыктар үчүн эскинин эшиги жабылып, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бойдоктор түгөйүн алыстан күтпөй, айланасындагы адамдардан издегени туура. Өзүңүзгө көптөн бери жагып жүргөн нерсе алгыңыз келип, бирок кымбаттыгынан “алсамбы же баасын актабайбы” деген ойго кептелишиңиз мүмкүн. Келбетиңизге өзгөртүү киргизүү максаты жаралат, сулуулук салонуна баш багууңуз ыктымал. Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен табият коюнуна чыгуу сунушталат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо