№1212
Бул жолку каарманыбыз ооруп жаткан кызы экөө учурда Түркиядагы клиникалардын биринде экенин айтат. 18 жаштагы кызын ак кан илдетинен айыктыруу үчүн операция жана дарылоодо каражатка муктаж.
“Баары чачы түшүп, тиши канагандан башталды”
– Аты-жөнүм Света Кайкиева, учурда 57 жаштамын. Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Манас айылынын тургунумун. Аталган айылга 15 жыл мурун үй-бүлөбүз менен Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды кыштагынан көчүп келип жашап калганбыз. Жолдошум экөөбүздүн 2 кыз, 1 уулубуз бар. Жолдошум учурда убактылуу иштебейт. Мен ашканаларда ашпоз болуп иштеп жүрдүм.
Кызым Айназик 18 жашта. Кыйынчылыктын баары 2024-жылы Айназиктин ооруп калышы менен башталды. Дене табы улам көтөрүлүп, чачтары түшүп баштап, тишин жууганда бүйлөлөрү канап жатты. Кан тамырлар жарылган жер канталап калат го, денеси ошондой болуп көк ала болуп кетти. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып бардык. Текшерип көрүшүп “курч кармаган миелоиддүү лейкоз (ак кан)” деген диагноз коюшту. Ооруканага жаткырып, 8 ай дарыланды. Үйгө чыгарганда ашып кетсе 1 апта туруп эле, кайра оорусу күчөп ооруканага түшүп калып жатты.
“Балам донор болду”
– Дарылоодо кандын рак клеткаларын өлтүрүү максатында жасалуучу химиялык терапияны 5 ирет алды. Анан кайра анализ тапшыртты эле, дарылоо жардам бербегени аныкталды. Онколог врачтар чет мамлекетке алып барып, сөөк чучугун алмаштыруу керек экендигин айтышты. Ошентип индиялык врачтар менен байланышка чыксак, алар дарылап беребиз дешти.
2025-жылы майда Индияга бардык, операция жасап сөөк чучугун алмаштырышты. Балам донор болду. Операцияга 60 миң доллардан ашык каражат кетти. Ал жакта 3 ай дарылашкан соң чыгарышты, Бишкекке кайтып келдик. Арадан 5,5 ай өткөндөн соң кызым кайра ооруп баштады, көрсө, оорусу кайра козголуптур. Бул жолу Түркиянын Стамбул шаарындагы клиника менен байланыштык. Алар дарылаганга болот, операцияга 127 700 доллар кетет дешти. Мунун 75 миң доллары донорго төлөнөт экен. Анткени бул жолу өзүбүздүн донор болор адамыбыз жок.
“Сөөк чучугун экинчи жолу алмаштыруу керек”
– Учурда Стамбулда, ооруканадабыз. Келгенибизге 1 ай болуп калды. Кызым 2-химиялык терапиядан өтүп жатат. Бул курс бүткөндөн кийин канынын анализинен рак клеткалары чыккан, чыкпаганын текшеришет. Чыкпаса, сөөк чучугун кайра алмаштырышат. Чыкса, химиялык терапиясын улантып алат.
Врачтардын тажрыйбасында 2-ирет сөөк чучугун алмаштыргандан кийин айыккандар көп эле болот экен. Биз ушуга үмүт артып отурабыз. Врачтар айыктырууга кепилдик берип жатышат.
Буга чейин кызымды дарылатуу үчүн мал, буюм-теримдерибизди сатып бүттүк. Туугандар, эл жардам берип жатышты. Айназиктин мектебиндеги мугалимдери, классташтары да жардам беришти. Учурда каражат жетишсиз. 127 700 доллар керек болсо, мунун 31 миң доллары эле чогулду. Эми дагы 96 700 доллар керек болууда. Бул сумманы чогултуу үчүн кайрадан элге кайрылууга аргасызбыз. Орозонун улуу күнүндө кол сунсаңыздар, Кудайым өзү колдоор сиздерди.
Айназик келечекте врач болсом дейт. Бирок азырынча оорудан айыксам деген тилеги башкы орунда турат. Мүнөзү ачык, эч кимге жаман сүйлөбөгөн адептүү кыз. Ушундай кызымдын сакайып, курбуларына кошулуусуна салым кошот деп ишенебиз сизге, замандаш.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
МБанк: 0999 779402
ОптимаБанк: 0999 779402
О!банк: 0999 779402
Элкарт: 9417 6594 4690 4 600
Тинькофф: 7924 8602225
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |