№1212
Өзүн Гүлмира деп тааныштырган каарманыбыз “тубаса оорукчан 3 адамды багып келем. Алардын экөөсү эгиз балдарым болсо, бири иним. Өзүм дагы 3-топтогу майыпмын. Бишкекте бир сарайды оңдоп үй кылып жашап жатам. Жардамга муктажмын” дейт. Калганын өз баяндоосунан угалы.
“Үй-бүлө түйшүгүн эрте тарттым”
– Аты-жөнүм Гүлмира Базарчиева, 53 жаштамын. Аксы районунун Кара-Суу айылынан болом. 6 бир тууганбыз, мен экинчисимин. 8-классты бүткөндөн кийин кесиптик окуу жайда окуп, кондитердик кесипке ээ болгом. Ошол учурда атам каза болуп калды. Апамдын 6 баласы менен кошо тиричиликти алып кеткенге кудурети жетпей кыйналды. Агам үй-бүлөсү менен өз алдынча бөлүнүп чыгып кетти. Ошондо мен айылга бардым, бир үй-бүлөнүн түйшүгү моюнума түштү.
Апам бозо кайнатып берет, аны базарга алып барып сатып, керектүүлөрдү алып келем. Айылдыктардын огородунда кетмен чаап, үйүн актап дегендей түрдүү иштерин кылып, эмгек акыма картошка, ун жана башкаларды алып күнүмдүк тамак-ашты табам.
“Балдарым да оорукчан болуп калышты”
– Турмушка Аксынын Жаңы-Талап айылына чыктым. 5 ай жашап, мен кош бойлуу кезде ажырашып кеттик. Кайненем өгөй эле, батыра койбоду. 2010-жылы эгиз уулдуу болдум. Төрөгүчө иштеп жүргөнүмдүн зыяны тийдиби, айтор, балдарым 5ке чыккыча сүйлөгөн жок. Эгиздеримдин бири оорулуу болгонго аны Кербенге, Жалал-Абадга, Бишкекке алып барып текшерттим. Жыйынтыгында “тубаса акыл-эси өспөй калган” деген диагноз коюп, 1-топтогу майыптыкка чыгарып беришти. Аны атайын мектепте окутуу үчүн кийин Бишкекке көчүп келүүбүзгө туура келди. Ал мектепти аяктап, учурда кесиптик лицейде жыгач устачылыкка окуп жатат.
Экинчи балам айылда апамдын колунда калып, 1-класста да чулдурап сүйлөп жүрдү. Кийинчерээк гана тили жакшыраак чыкты. Анын ичинде грыжасы бар эле, ага операция жасаттым. Талма оорусу бар, ал уулумду да майыптыкка чыгарышкан.
“Бул сарай бузулуп кетсе, кайда жашайбыз билбейм”
– Бишкекке келгени 7 батир алмаштырдык. Бир таанышым бирөөлөргө караштуу ички дубалдары бузулган, документи жок сарайды таап берди. Банктан насыя акча алып, аны оңдоп-түзөтүп ошол жерде жашап жатабыз. Насыя акчадан кутула элекмин. Документи жок болгондуктан бул тегеректеги эски ушундай үй, сарайларга кошулуп “снос” болуп кетсе, кайда жашайбыз деп отурабыз.
2020-жылы айылдагы даун синдрому менен туулган, сүйлөй албаган 1981-жылкы иним шишип кетти. Апам “текшертчи” деп мага жиберди. Текшертсем, 2 бөйрөгү иштен чыкканы калыптыр. Аны 1 жыл дарылаттым. Бирок болбоду, 1 жылдан кийин гемодиализ аппаратына өткөрүштү. Учурда ал иним да менин колумда, эки күндүн биринде гемодиализге алып барам. Сыртка чыкты дегиче көрүнгөн жакка басып жоголуп кетет. Ошого аны карап, иштей албай үйдө отурам. Иним ичегинин грыжасынан да жапа чегет. Приступ болгон сайын ооруканага алып барам. Ага да операция жасатып беришим кажет. Мындан 2 жыл мурун апамдын көзү өтүп кетти. Ошентип азыр 3 майыпты кийинтүү, багуу, керектүүлөрүн алып берүү менин моюнумда. Ачка, дарысыз калбайлы деп кээде базардан бир нерселерди арзаныраак ала коюп, үстүнө кошуп сатып тыйын-тыпыр таба калам. Өзүм да 3-топтогу майыпмын, кулагымдан.
Элден жардам сурап чыгып жатканым ошондуктан. Биз үйгө муктажбыз. Жер тилкеси болсо деле жакшы болмок. Аксыдагы айыл өкмөттөн жана Бишкек мэриясынан жер тилке сурап кайрылгам, жооп жок. Иниме операция жасатууга, дарыларыбызга, тамак-ашыбызга каражатыбыз жок.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
МБанк: 0778 419 292
Сбербанк:+7922 0044166
Банк Компаньон:
4361 5390 2247 9606
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |