АТАГЫ АФРИКАГА ЧЕЙИН ЖЕТКЕН "АТТИҢ АЙ" ЫРЫ КАНТИП ЖАРАЛГАН?

№1212

Аттиң ай, аттиң ай,

Армансыз жаштык, ай.

Өмүрүң өтсө да,

Алтындай шаттык, ай... деген саптары бар ыр акыркы апталарда социалдык тармактарда өзгөчө популярдуулукка жетти. Африканын Руанда өлкөсүндөгү чыгармачыл балдар ырдап чыккан соң бул ырга көпчүлүктүн көңүлү кайрадан бурулду. Тилдери так келбесе да бул кыргызча ырды африкалыктардын шаңдуу маанайда ырдап жатканы кызыгуу жаратты. Төмөндө ушул ырдын жаралуу тарыхына токтолобуз.

Динара Акулова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Ырды китептен тапкам”

– 1999-2000-жылдар болсо керек, борбор калаабызга чоң концерт берүү алдында тургам. Аталган ырды китептен таап алгам. Ал кезде Кубик Калыков менен иштешчү элем, ага барып “мага жакшы ыр жазып берчи” деп текстти бердим. Обонун жазганда сөзү толук эмес эле, кайырмасынын сөзүн Кубик Калыков жазды. Ыр ошол учурдун табитине ылайык  жазылды деп эсептегем, бирок кийин бир топ ырчылар ырдап чыгышты. Бирок оригиналы ошол боюнча калат да, ага баары бир жетпейт. Андан бери 20 жылдан ашуун убакыт болуптур, жаштар ырдап жүрүшөт. Ырдын экинчи өмүрү жаралып жатканына кубандым.

 

Кубик Калыков, ырчы, куудул: “Бул обонду атайы Динарага ылайыктап жазгам”

– Ал кезде 2000-жылдар болсо керек эле, Динара Акулова дүңгүрөп турган учур. Концерт берем деп камданып калыптыр. Мага кайрылып “элди шаңданта турган, жакшы ыр жазып бериңизчи” деп калды.  Ошондо атайы Динарага арнап обон жазгам, анткени бир ырды жаратып жатканда аны ким ырдайт, кандай ырдайт көз алдыга элестетип туруп чыгарасың да. Бир китеп алып келиптир, ал көрсөткөн ырда муундары обонго туура келет экен, андан алып куплеттерин алмаштырып, кайырмасын жазып, обон чыгарып бергем. Ачыгын айтсам, мен акындардын китебине, ырына карап обон чыгара албайм. Муундары туура келип эле төп келип калбаса, көп учурда андай кыла албайм. Ыр жазган акындар көп китептерин беришкен, бирок обон чыгара албай койгом. Менде биринчи идея чыгат, анан обон жаралат, анан текстти ойлорумду ошого отургузам. Ырларымды ошондуктан менден башка ырчылар ырдай алышпайт (күлүп). Өзүмдүн диапазонума ылайыктап чыгарып коёт окшойм да. “Аттиң ай” ырын көп эле ырчылар ырдашты. Убагында хит болгон, калп айтпасам, онго жакын ырчы ырдады окшойт. Ошончо жылдан кийин минтип африкалык балдардын кайра жандантып жатканына кубанычтамын.

 

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “Африкалык балдар менен клип тартам” 

– Мага бул ырды “ырдабайсыңбы” деп апам сунуштаган. Бирок төрт жыл мурун болгон окуя эле, концерт берүү алдында тургам. Ошол убакта колум тийбей калып, быйыл авторлорунан уруксат сурап ырдап чыккам. Апамдын табитине аябай ишенем, анткени ал айткан ырлар мага жарашып калат, элге алынып кетет. Ырдап чыкканыма эки айдай эле болду окшойт.  Аябай берилип, оңдоп-түздөп жатып ырдап чыккам. Анан африкалык балдар ырдап чыгышып, ырга экинчи өмүр тартууланды. Алар мени “келип кетиңиз” деп социалдык тармактардан чакырышты. Аябай кубанып кабыл алдым. Барып, алар менен кошо ушул ырга клип тартып келсем деп максат кылдым. Бирок азыр дүйнөдө орчундуу окуялар орун алып жаткандыктан токтоп турабыз. Апрелде барып келсек деп сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз шоу чөйрөсүндө мындай окуя, мен билгенден биринчи жолу болуп жатат. Челлендж баштаганда Кыргызстандын жети облусу катышса дегем, андан ашып чет өлкөгө чейин кеткени толкундатты.

“Алтын өмүр”

Сөзү: Оңолбек Соорбаев

Обону: Кубик Калыков

 

Алтындай жаштык өмүрдө,

Армансыз өтсөк эмне?

Көңүлдө кайгы болбостур,

Кошулсаң сүйгөн теңиңе.

Күмүштөй жаштык өмүрдө,

Күйүтсүз өтсөк эмне?

Жаркырап жанар жылдызың,

Жанашсаң сүйгөн теңиңе.

 

Кайырма:

Аттиң ай, аттиң ай,

Армансыз жаштык, ай.

Өмүрүң өтсө да,

Алтындай шаттык, ай.

 

Жаштыктын гүлүн терели,

Жаштыктын сүйүү белеги.

Жаркының жанда болбосо,

Жашоонун барбы кереги?

Махабат гүлүн терели,

Махабат жаштык белеги.

Жалжалың жанда болбосо,

Жашоонун канча кереги?

 

Жашырбай жаштык илепти,

Жараткан берсин тилекти.

Жалжалым, өзүң дарыла,

Жарадар болгон жүрөктү.

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо