Президент “депутаттын аброюн депутат өзү түшүрүүдө” дейт

№1212

Президент Садыр Жапаров 11-мартта парламентте кызматка жаңы дайындалган айрым министрлердин анттарын кабыл алды. Ант берүү аземинен кийин Жапаров борбордук трибунага чыгып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутат Эрулан Көкүлов парламент парламентке окшобой калганын, депутаттардын аброю түшүп, министрлер аларды тоготпой жатканын айтып арызданды. “Жумуш менен барсак, министрлердин кабылдамасында күтүп отурабыз” деп арызданды депутат. Буга жооп кылган президент депутаттардын аброюн депутаттар өздөрү түшүрүп жатканын белгиледи.

– Депутаттардын кадырынын түшүп кетиши министрден же президенттен эмес, ар бир депутаттын өзүнөн. Майда-чүйдө маселелерди көтөрүп, болор-болбос бир нерсе менен элдин алдында уят болуп жатсаңар, эл кантип сыйлайт? Депутат деген орчундуу маселелерди көтөрүшү керек, эл, мамлекет үчүн жалпы маселелерди көтөрүшү керек”,- деди Жапаров.

Эскерте кетсек, Эрулан Көкүлов жосунсуз жоруктары үчүн ар дайым талкууга түшүп келет. Жакында анын МАИ кызматкерлери менен талашып-тартышканы тууралуу маалымат дагы чуу жаратты.

Президент депутаттарды мыйзамсыз иштерден алыс болууга чакырды. 

– Жакында Жогорку Кеңеште бир окуя болду, аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар “тиги тарап, бул тарап” деп бөлүп-жарууга аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Урматтуу депутаттар, элдин элегинен өтүп, шайланып келген сиздер ушинтип жатсаңыздар, анан карапайым эл каякка барат? Ошондуктан мындар ары андай терс иштерди жасабайлы. Андай бөлүнүп-жарылуу мамлекетке коркунуч жаратат,- деди өлкө жетекчиси.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо