Кытай жарандарына визасыз режим киргизилиши мүмкүнбү?   

№1212

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим ишке киргизилиши мүмкүнбү? Бул маселе 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бул маселе боюнча талкуу болгонун маалымдады. Маалыматка таянсак, азыркы учурда пилоттук негизде Кыргызстанга Кытайдын айрым административдик аймактарынын жарандары гана визасыз кире алышат, алар: Гонконг жана Макао райондору. Калган аймактарынын жарандарына кадимки виза тартиби иштейт. Чиновник Кытай коңшу өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режимди ишке киргизгенин белгиледи.

– Кытай Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Бүгүн Кыргызстан дагы бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бирок биздин талап – визасыз режимдин эки тарапка бир убакта киргизилиши. Кытай тарап биринчи Кыргызстан киргизишин талап кылууда, буга биз макул эмеспиз,- деди Имангазиев.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо