№1212
2026-жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлөрү күтүлүп жаткан мугалимдердин айлыгы боюнча суроолор жаралууда. Парламенттин 11-марттагы жыйынында депутат Рустамбек Советбек уулу айлыгы көтөрүлө турган мугалимдердин тизмесине тарых сабагын окуткан мугалимдер кошулбай калганы тууралуу кайрылуулар түшүп жатканын айтып чыкты.
– Математика, биология, химия, информатика жана башталгыч класстардын окутуучуларыныкы гана көтөрүлөт экен. Андыктан тарых сабагынан берген мугалимдер кайрылып жатышат. Алар 9-11-класстарды мамлекеттик аттестацияга даярдашарын айтышууда,- деди депутат.
12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мындай деди:
– Коэффициенттер эмнеге ар кандай болуп жатат? Мисалы, тарых, география сабактарынын мугалимдеринин коэффициенттери азыраак болуп жатат башкаларга салыштырмалуу. Болбосо баарынын эле жүгү бирдей.
Агартуу министрлиги “1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы окуткан предметине карабастан 100 пайыз жогорулайт” деп маалымат таратты.
Айта кетсек, 1-апрелден баштап мугалимдердин айлыгы 100 пайыз жогоруламакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |