Экс-министр пара алууга шектелүүдө         

№1212

Дайындалганына 1 ай боло электе өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов кызматтан бошотулду. Президенттик администрация билдиргендей, Шамырканов пара алган деп шектелүүдө. 

– Жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби – ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө. Аталган министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан. Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, анын айтымында, министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген. Ал президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган. Башкы прокуратурага арызда айтылгандар тастыкталганын билдирди,- деди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

Урматбек Шамырканов 19-февралда министр болуп дайындалган эле. Ага кылмыш иши козголуп, териштирүү уланууда. Анын ордуна Канатбек Чыныбаев министрликтин башчысы болуп дайындалды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо