Өлкөдө ак илбирстин саны 550дөн ашты          

№1212

Кыргызстанда азыркы тапта 550дөн ашык ак илбирс бар. Маалыматты 9-мартта парламенттин комитет жыйынында жаратылыш министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди. Айтымында, кам көрүүнүн натыйжасында илбирстердин саны көбөйүүдө. 

Өлкөдө 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынганы маалымдалды. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалын жакшыртуу үчүн жалпы аянты 792 миң гектарды түзгөн “Ак илбирс коридору” түзүлгөн. Бул аймак Хан-Теңири, Сары-Чат - Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругун жана Нарын облусунун чөлкөмдөрүн бириктирет.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагында илбирстер кескин азайып бара жаткан. 2015-жылы “НАБУ” жаратылышты коргоо уюму өлкөдө 300-350дөй илбирс калганын кабарлаган эле. 23-октябрь – Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү. Бул датага карата Кыргызстанда да ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Мындан 3 жыл мурун Кыргызстанда “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” президенттин жарлыгы чыккан. Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да ак илбирс символ катары тандалды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо