3D

№436 11-17-март, 2011-жыл

ДУБАЛГА СҮРӨТ ТАРТУУ
Ду­бал­дарга сүрөт тар­туу живопистин бир түрү болуп саналат жана ана­морфоз деген аталышка ээ. Ана­­мор­фоздо 3 өл­чөм­­дү (нер­се­нин бийик­ти­ги, туу­ра­сы, узундугу) бе­рүү жөн­­дөм­дүүлүгү башкы ролду ойнойт жана жыйын­ты­гында адам көргөн көзүнө ишенбегендей сүрөт жаралат.
Бул ирет калифорниялык сүрөтчү Жон Пьюнун дубал живописи боюнча сүрөттөрүнөн жарыялайбыз.
Үстүңкү сүрөттөгү китеп окуп отурган кыз да, астыңкы сүрөттөгү эс алып жаткан бала менен уй да сүрөткө кошо тартылганын айта кетели.

ТАБЫШМАКТУУ СҮРӨТТӨР
Табышмактуу сүрөттөрү менен дүйнөгө даңкы чыккандардын бири – мексикалык сюрреалист сүрөтчү Октавио Окампо («сюрреализм» – «реалдуулуктан алыс» деген мааниде). Анын сүрөттөрү маанисинин жашыруун экендиги менен өзгөчө. Анткени бир эле сүрөттү канчалык кунт коюп караган сайын анын ичинен жашырылып коюлган дагы бир же бир нече сүрөттү таап чыгууга болот.
Октавио Окампо 1943-жылы Мексиканын Селая шаарында дизайнерлердин үй-бүлөсүндө төрөлүп-өскөн. Анын көп сүрөттөрү учурда музейлерде сакталуу. Кээде заказ менен да сүрөт тартат. Мисалы, АКШнын президенти Жимми Картердин портретин тартып, ал эми ырчы Шердин альбомунун сыртын кооздогон.
Бүгүн Октавионун бир сүрөтү берилди. Сыртынан караганда бир гана кишинин сүрөтү тартылгандай болгон бул эмгектен бардыгы болуп 9 адамды табууга болот. Эмесе, аракеттенип көрүңүз. Болбосо, алдындагы сүрөткө карап санын чыгарыңыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
12.03.2011. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында коргон козуно ишенбей кетет экенсин,жанынан корсок кандай болот экен.
14.03.2011. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tan kalychtuu/sonia
18.03.2011. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артындагы майда чуйдолорун жакшы коро албай койдум
04.04.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен
10.06.2011. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласынын колунуа эмнелер кана келбейт ээ.
18.12.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super uwuncha kyzyktuu eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо