№1214
2010-жылдары “Кош чака кармап колуңа, кечинде сууга келчи элең” деген саптары бар “Кош чака”, “Той ыры”, “Апакем” деген ырлары менен эл оозуна алынган ырчы, обончу Рысбек Токтобаев эсиңизде чыгар. Ырчы кийин сахнадан алыстап кеткен эле. Азыркы тапта кайрадан чыгармачылыкка жең түрө киришип, күйөрмандарын кубантууда.
– Рысбек мырза, жакшы чыгып келатып эле сахнадан көп жылга алыстап кеттиңиз. Мунун себеби эмнеде болду?
– Шоу-бизнеске аралашпай калганыма 14-15 жылдай болуп калды. Үй-бүлөм менен Кара-Суу районунун Питомник айылында жашап, дыйканчылык менен алектенем. Атам жылкыга жакын адам эле. Андан калган жылкылардын тукумун үзбөй, жылкы да багып келем. Асыл тукум жылкы ферма да түптөгөн болчумун, атамдын көзү өткөндөн кийин жылкыларга деле кызыкпай калдым. Учурда 4-5 эле жылкы бар.
Сахнадан алыстап кеткенимдин себеби – атамдын ооруп-сыктабай жүрүп эле кокустан каза болуп калышы болду. Атанын орду бөлөк эмеспи, аска-зоом урагандай болуп абдан оор тийди. Эч ким менен сүйлөшкүм да, эч жакка баргым да келбей калды. Көпчүлүктөн алыстап кеттим. 3-4 жыл өзүмө келе албай жүрдүм. Апам бир күнү “балам, бул дүйнөгө эч ким түркүк болбойт. Ырдап жакшы чыгып калдың эле, ошол жолуңду улант, элге аралаш” деди. “Болуптур, апа, айтканыңызды кылайын” дедим. Бирок ырдабай жүрө бердим. Билинбей арадан жылдар өтүп кетти.
– Ошентсе да акыры кайттыңыз... Чыгармачылыкка кайтууга апаңыздын кеңешинен башка дагы эмне түрткү берди?
– Өткөн жылдан тарта кайра шоу-бизнеске аралаша баштадым. Айылда 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата “Ыр кесе” өтө турган болуп, уюштуруучулар, айыл башчысы болуп үйгө келишти. Келгендер “Айыл өкмөткө караштуу 13 айылдын таланттуулары катышкан “Ыр кесе” өтөт. Ырдап катышып бер” дешти. “Жаңы ырларым деле жок, анын үстүнө көптөн бери ырдабай калгам” дедим. Алар болушпады. Эшигимдин алдына ошончо адам келип суранып жатса “жок” дей албадым. Ошентип Дамирбек Токтосунов агабыз ырдап жүргөн “Ыр кесени”, анан өзүмдүн “Жылмайып койчу бүгүн да” деген ырымды ырдамак болдум. Аранжировкаларын жасатып, катыштым. Эл коштоп, колдоп турушту. “Ыр кеседен” кийин жакшы ой-пикирлерин айтышты, “ырдап чык” дешти. Ушул нерсе мага дем берди. Эргүүм козголуп, ырдагым келе баштады.
Анан 6 ыр жаздырдым, алардын ичинде эскилери бар, жаңыдан “Жок дебе” ырым чыкты. Учурда “Жок дебе” ырым жакшы кабыл алынып жатат. “Күтөм сени” элге сиңип калган ыр, азыркыга чейин ырдап келишет. Мен өзү 2005-жылы ырдап чыккам. 2012-жылга чейин ырдап жүрүп, жогоруда айткандай, атам каза болгондон кийин ырдабай калгам да. Учурунда аздыр-көптүр күйөрман топтогон экенмин. Кайра ырдап чыгып баштаганымды жакшы кабыл алып, колдоп жатышат. Элге рахмат!
– Алгачкы ырлар, элге таанылуу, толкундануулар тууралуу сөз кылбасак болбос. “Кош чака”, “Той ыры”, “Апакем” ырларыңыз хит болгон доорду сагынасызбы?
– 2007-2008-жылдары “Ал өзү ким болду?” деген ырым радиолордон көп берилип, оозго алынды. Анан “Апакем” жана “Кош чака” ырларым мени элге таанытып, элге жакшы сиңип кетти. Ошол убактарда үзүрлүү иштедим. Башка да бир топ ырларды жараттым. Менимче, бардык ырчылар эле популярдуу болгон учурун сагынат, ошол доорго баргысы келет. Менде деле ушундай. Андай популярдуулукту кайра жаратуу кыйын. Бирок ошол учурларды кайра кайталайын деп аракет кылып жатам.
– “Кош чака” ырыңызга жаңы клип тарттырдыңыз. Учурда жакшы көрүлүүдө. Бул ырдын жаралуу тарыхы кандай?
– Ыр лейлектик Эсен Кудайбердиев деген аганыкы. Ал ырды качан жана эмнеден улам чыгарганын билбейм. Ырдап чыгууну убагында мага Эсен аке өзү сунуштаган.
– Обондоруңуз, кайрыктарыңыз өзгөчө экени байкалат. Бул жаатта обончулар кандай пикирлерди айтышат?
– Көп эле ырчы, обончулар “сенин ырдоо стилиң, обондоруңдун кайрыктары башкача” деп айтып калышат. Мактагандар менен кошо анын тескерисин айткандары да болот. Мени колдогондорго рахматымды айтам.
– Жалпы канча ыр жараттыңыз? Өнөр куржунунда элге тартуулана элек эмгектер көп элеби?
– Репертуарымда 70-80дей ыр бар. Алардын арасында оозго алынып ырдалып кеткендери, ырдалбай калып кеткендери да бар. Мындай нерсе бардык ырчыларга тийиштүү. Элге чыга электери да бир топ. Баарын тизмектеп жазып койгом. Жакында дагы 2-3 ырды жаздырсам деп турам. Клиптерим 10дон ашык. Өзүм фортепиано менен гитарада ойной алам. Атайын музыкалык билимим жок, Кудай берген талант менен элге өнөр тартуулап келе жатам.
– Шоу-бизнестин өйдө-ылдый, ысык-суугун көрүп калдыңыз. Ырчылардын арасында сизге чын дилден күйгөн, ийгилигиңизге сүйүнгөн адамдар барбы?
– Популярдуу болуп турган кезимде мага күйгөн, ийгилигиме сүйүнгөн адамдар болгон. Бирок убакыт баарын таразалап, өз ордуна коёт экен. Ар кими өз жолу менен кеткен. Азыр “булар” деп ысымдарын так айтып, көрсөтө албайм. Шартка, убакытка жараша адамдардын мамилеси өзгөрөт экен.
– Мурунку маектериңизде “балык уулоого кызыгам, көк бөрү тартам” деген экенсиз, азыр да булар хоббиңизби?
– Ооба. Мисалы, балык уулоо мээни эс алдырат. Көк бөрүгө кичинемден кызыгам, азыр да тартам.
– Кээде өзүңүздү сырттан карап турасызбы?
– Ооба, кээде өзүмдү сын көз менен карап, жасап жаткан иштериме баа берип турам. Жараткан обондорум элдин жүрөгүнө жетип жатабы деп өзүмө суроо салып, жообун издейм. Бул мага өзүмдүн кемчиликтеримди байкап, оңдоого жана чыгармачылыкта жоопкерчиликтүү болуума түрткү берет. Обончу катары угармандын сезимин түшүнүү абдан маанилүү. Өзүмдү сырттан баалап турганым – бул ыр аркылуу элдин жүрөгүнө жетип турсам дегеним. Чыгармачыл адам үчүн мындай ички талдоо изденүүнүн эң керектүү жолдорунун бири деп ойлойм.
– Ырчы үчүн стиль дагы маанилүү эмеспи. Кийинүү стилиңизди өзгөртүү боюнча ойлор барбы?
– Ооба, бар. Бүгүнкү күндө көрүүчүлөр ырчыларды үнүнөн сырткары сахнадагы образы, кийинүү маданияты аркылуу да баалап калышты. Бирок өзүм негедир жасалгалуу стилди жактыра бербейм. Жөнөкөйлүк, табигыйлык, ички маданият мен үчүн 1-орунда турат. Кийим адамды кооздоп турса жакшы, бирок ал ырың менен обонуңдан ашып түшпөшү керек. Башкысы – көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткен ыр деп ойлойм. Сахнадагы образ ошол өнөрдү толуктап турчу нерсе.
– Инсан катары алсыз жана күчтүү тарабыңыз эмнеде?
– Бардык адамдар сыяктуу менин да күчтүү жана алсыз жактарым бар. Күчтүү жагым – эмгекчилдик, жоопкерчиликтүүлүк, кандай иш болбосун жан дилим менен жасаганым. Алсыз жагым – кээде өзүмө абдан катуу талап койгонум. Майда кемчиликтерди да чоңдой кабыл алып, түйшөлүп кетмейим бар. Негизгиси – күчтүү жактарды бекемдеп, алсыз жактарды жеңе билүү адамды алдыга жетелейт, өстүрөт.
– Жашоодон кандай олуттуу сабак алдыңыз ушул кезге чейин?
– Чыгармачылыгымдын 15 жылдай токтоп калганы мен үчүн чоң сабак болду. Убакытты текке кетиргендей сезим жаралды. Бирок ошол тыныгуу мага тажрыйба, сабыр, жана жашоого башкача көз караш берди. Азыр убакыттын баркын тереңирээк сезип, ар бир жаңы ырым, күйөрмандарым менен жолугушуу мен үчүн белек болуп жатат. Ошондуктан мен ошол канааттанбаган учурларды өкүнүч эмес, түрткү берген мезгил катары кабыл алам. Эң башкысы – токтоп калбай, кайра жол таап алдыга кадам таштоо.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Үй-бүлө мен үчүн ыйык жана жашыруун сандык сыяктуу. Анын баалуулугун сөз менен жеткирүү кыйын. Апам, бир туугандарым, уул-кыздарым бар. Алар менин байлыгым. Алар мага күч-кубат, дем берет. Сахнадагы ийгиликтеримдин артында дайыма ошолордун колдоосу турат.
– Маегиңизге рахмат! Сизден жакшы ырларды күтөбүз.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |