№1214
“Оскар-2026” кино сыйлыгын тапшыруу аземинде 13 номинацияга коюлуп, анын 6сын жеңип алган триумфатор – “Кармаш артынан кармаш” тасмасы болду. Режиссёр Пол Томас Андерсондун саясий сатирасы эмнеси менен өзгөчөлөндү? Жазуучу Томас Пинчондун «Вайнленд» романын экрандаштырып, үй-бүлөлүк драма, саясат жана комедия элементтерин аралаштырган режиссёрдун эмгегин кино адистер минтип жогору баалашты.
Тарткан өлкө: АКШ
Чыккан жылы: 2025-жыл, 26-сентябрь
Жанры: боевик, драма, триллер
Режиссёру: Пол Томас Андерсон
Башкы ролдордо: Леонардо Ди Каприо, Шон Пенн, Бенисио Дель Торо жана башкалар
Узактыгы: 2 саат 41 мүнөт
Бюджети: 130-175 миллион доллар
Топтогон каражаты: 209,7 миллион доллар
Эмне жөнүндө?
Пэт менен Перфидия “French 75” аттуу револициялык топтун мүчөлөрү. Алар аскерий жайларда камалган мигранттарды бошотуу, саясатчылардын кеңселерин өрттөө, банктарды тоноо жана башка саясатка каршы иш-аракеттерди жасашат. Ошондой кыймылдын бир күнү Перфидия Стивен Локжо аттуу офицерди кемсинтип коёт. Кийинчерээк Пэт менен Перфидия кыздуу болуп, ага Шарлин деген ысым ыйгарышат. Бирок Перфидия үй-бүлөлүк жашоого, эне болууга даяр эмес эле. Андыктан револициялык ишмердүүлүгүнөн баш тарткысы келбейт. Көп өтпөй ал кармалып, түрмөгө түшөт. Ал эми Пэт кызын алып качып кетет.
Арадан 15 жыл өттү. Баягы Пэт ичкиликке берилген адамга айланат. Кызынын баскан-турганын катуу көзөмөлдөп, эч кандай смартфон же башка гаджет колдонуусуна тыюу салып жүрөт. Бирок өспүрүмдөр бир айтканга көнүп калчу жандарбы? Жок. Пэттин кызы да атасына айтпай телефон алып жүрөт. Баягы кек сактап калган офицер канча жыл өтсө да бул революциялык топтун аркасынан түшүп, аягы Пэт менен Шарлинди табат...
Заманбап классик
Учурдагы заманбап мыкты режиссёрлордун катарынан орун алган Томас Андерсон 55 жашта. Классик режиссёрлордун арасында беделдүү орду бар Андерсондун тарткан тасмалары 14 ирет “Оскарга” талапкер болгон. Анын ичинде “Мыкты режиссёр” номинациясына 4 ирет коюлган. “Оскардан” сырткары BAFTA, “Алтын глобус” жана башка сыйлыктардын саны андан көп. Анын “Нефть” тасмасын XXI кылымдын мыкты драмасы дешет. Андан сырткары “Магнолия”, “Буги стилиндеги кечтер” фильмдери да аны улуу режиссёрлордун катарына кошкон эмгектер.
Андерсон жыл сайын кино тарта бербейт. Акыркы жолу мындан 7 жыл мурун тарткан экен. Анан эми минтип 2025-жылы кайрадан өзү жөнүндө кабар берди. Бергенде да атактуу жазуучу Томас Пинчондун “Вайнленд” романынын негизинде “Кармаш артынан кармаш” тасмасын тартты. Режиссёрдун айтымында, романдан жалпы идея гана алынган, ал эми убакыт, андагы иш-аракеттер, жана албетте, визуалдык көрүнүштөр өзгөртүлгөн.
Кайсы номинацияларда жеңди?
“Оскар” кино сыйлыгында 13 номинацияга коюлуп, алардын арасынан 6 номинацияда жеңүүчү аталды:
1. “Мыкты фильм”
2. “Мыкты режиссёр” (Пол Томас Андерсон)
3. “Экинчи пландагы мыкты актёр” (Шон Пенн)
4. “Мыкты сценарий” (Пол Томас Андерсон)
5. “Мыкты монтаж” (Юргенсен)
6. “Мыкты кастинг” (Кассандра Кулукундис)
Леонардо Ди Каприого 20 миллион доллар
Тасмага корогон бюджет 130-175 миллион доллар болсо, анда башкы ролду ойногон актёр Леонардо Ди Каприонун гонорары 20 миллион долларды түзгөн. Тасмага корогон каражат Андерсондун карьерасындагы эң кымбат бюджет болуп саналат. Тартуу иштери 2024-жылдын башында жүргөн.
Леонардо Ди Каприо да жыл сайын тасмага тартыла берчү актёр эмес. Ал мааниси терең гана сценарийлерге макул болорун айтат. Пол Андерсон менен “Буги стилиндеги кечтер” тасмасында эле иштешкиси келип, бирок ордуна “Титаникти” тандап кеткен. Ошентсе да режиссёр менен иштешүү тилеги ишке ашып, “Кармаш артынан кармашка” тартылды. Көпчүлүк сынчылар Пэт (кийин Боб деп өзгөртүп алат) Леонардо Ди Каприонун карьерасындагы күчтүү ролдордун катарына кирди деп эсептешет.
Эмне үчүн “Оскарга” татыктуу?
1. Күчтүү сценарий. Заманбап жашоодогу реалдуулук, саясаттын коомдун талабына, жашоосуна туура келбеген, карама-каршы чыккан иш-аракети, ага каршы турган коом жана башка маселелер чагылдырылган.
2. Күчтүү актёрдук курам. “Оскарда” “Мыкты актёр” номинациясына Леонардо Ди Каприо да талапкер болгон, бирок жеңишти “Грешники” тасмасында эгиздердин ролун жараткан актёр Майкл Б. Жорданга алдырып жиберди. Ошентсе да “Экинчи пландагы мыкты актёр” сыйлыгы “Кармаш артынан кармаштагы” офицер болгон Шон Пеннге ыйгарылды.
3. Күнүмдүк жашоодогу күрөш. Режиссёр адам күнүгө күрөшүп жашай турганын, ар бир үй-бүлөдө, ар бир адамда күрөшүүчү нерсеси бар экенин айткысы келген.
4. Мыкты кастинг. Тасмада башкы каарман болобу, экинчи пландагыбы же массовкадагыбы, айтор, баары идеалдуу тандалган. Ошондуктан “Оскарга” жаңы кошулган “Мыкты кастинг” номинациясында жеңишке жетип, бул номинациядагы эң биринчи статуэтка “Кармаш артынан кармаштыкы” болду.
5. Леонардо Ди Каприо. Анын каарманы жашоого, убакытка, көз ирмемге жараша түрдүү өзгөрүүгө туш болгонун жакшы ачып берген. Алгач бир нерсе өзгөртсөм деген кумар, адреналин менен жүргөн адам убакыт өтүп жашоодон тажаган, эч нерсе кызыксыз, ошол эле учурда тынчы жок, жамандык күткөн адамга айланат. Анын образында бир эле учурда трагедия да, комедия да бар. Негизгиси ал кызы үчүн баарына даяр ата!
6. Шон Пенн. Офицердин образы да көрөрманга кызыктуу. Жийиркенүү, коркуу жаратат, ошол эле учурда психикалык жактан жаракаты бар, комплекстери көп, боор ооруй турган да каарман. Аны көргөндө да бир туруп жиниң келет, бир туруп күлкүң келет.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |