ОРЕО ЖАНА ДУБАЙ ШОКОЛАДЫ ЧИЗКЕЙКИ

№1214

Чизкейк англис тилинен которгондо “сыр торту” дегенди билдирет. Назик, жумшак даамы менен тарткан чизкейктин негизин быштактуу сыр менен коюу сүт түзгөндүктөн калориялуу жана белокко бай. Кондитердик дүкөндөрдө, конок тосууда популярдуу болгон сыр тортунун түрлөрү көп. Алардын эки түрүнүн рецебин сиздерге сунуштайбыз. Чизкейктер жакшы болушу үчүн кондитердик сабактардан рецеби алынды. 

 

СЫРТКЫ КОРЖУ

Керектелүүчү азыктар (18 диаметрдеги көлөмгө):

Ун – 120 грамм

Кумшекер упасы – 60 грамм

Жүгөрү крахмалы – 30 грамм

Каймак май (72%) – 75 грамм

Какао – 13 грамм

Жумуртка – 1 даана

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Кургак азыктардын баарын бириктирип аралаштырабыз да, каймак май кошуп аралаштырып үбөлөнгөн масса даярдайбыз. Жумуртканы чегип камыр жууруйбуз. Камырды целлофан баштыкка салып, муздаткычка 10-15 мүнөт коёбуз.

2. Камырды 0,5 миллиметр калыңдыкта жайып, 180 градуста ысып турган электр мешинде 10 мүнөт бышырабыз.

3. Бышкан корждон 240 грамм алып, 30 грамм каймак май кошуп чопер же блендер аркылуу майдалоо керек. Муну кол менен мыкчыса биригет.

4. Бисквит бышыруучу кондитердик тегерек форманын диаметрин 18ге коюп, астына төшөлмө салып, фольга менен түбүн, капталдарын бекем каптайбыз. Буга майдаланган коржду салып, бирдей калыңдыкта түбүн, бортун жасайбыз. Бортунун бийиктиги 4-4,5 сантиметр болот. Тоңдургучка 20 мүнөткө салабыз. Бул чизкейк коржун алдыда жазылган бардык чизкейктерге колдонобуз.

 

ОРЕО ЧИЗКЕЙКИ

Керектелүүчү азыктар:

Быштактуу сыр – 400 грамм

Кумшекер – 60 грамм

Коюу сүт (33%) – 110 грамм

Шоколад – 30 грамм

Орео печеньеси – 7-8 даана

Жумуртка – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөлмө температурасындагы быштактуу сырга кумшекерди кошуп аралаштырабыз. Соңунан коюу сүттү кошуп аралаштырабыз. Бул кремди үчкө бөлөбүз.

2. Бир бөлүгүнө жай отто эриген 30 грамм шоколадды кошобуз.

3. Экинчи бөлүгүнө 3 орео печеньесин кол менен сындырып кошобуз. Үчүнчүсүнө эч нерсе кошпойбуз.

4. Тоңдургучтагы чизкейк коржун алып чыгып, ага эч нерсе кошулбаган кремди, экинчи шоколаддуу кремди, үчүнчү орео кошулган кремди салабыз. Ар бирин тегиздеп салуу кажет.

5. Электр меши 150 градуста ысып турушу керек. Мештин ортоңку көзүнө темир решётканы киргизип, ошол решёткага чизкейкти коёбуз. Андан кийинки көзүнө табага 400 грамм суу куюп киргизип, 1 саат 50 мүнөт коюп бышырабыз.

6. Бышкан соң муздаткычта 8 саатка салабыз.

Алып чыгып, каалаган крем түрлөрү жана орео печеньеси менен кооздоп коёбуз.

 

ДУБАЙ ШОКОЛАДЫ ЧИЗКЕЙКИ

Керектелүүчү азыктар:

Быштактуу сыр – 350 грамм

Коюу сүт (33%) – 60 грамм

Кумшекер – 65 грамм

Жумуртка – 1 даана

Шоколад – 150 грамм

Катаифи – 3 тоголок даана

Мисте пастасы – 100 грамм

Глазурь үчүн:

Шоколад – 60 грамм

Өсүмдүк майы – 15 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Быштактуу сырга кумшекерди кошуп аралаштырабыз. Анан коюу сүт менен жумуртканы кошуп бир массага келгенче аралаштыруу кажет.

2. Шоколадды мискейге салып, жай отто эритип алабыз. Жогорудагы массага кошуп аралаштырып кремин даярдайбыз.

3. Тоңдургучтагы чизкейктин коржун алып чыгып, кремди тегиз куябыз. Электр меши 150 градуста ысып турушу керек. Мештин ортоңку көзүнө темир решётканы киргизип чизкейкти коюп, андан кийинки көзүнө табага 400 грамм суу куюп киргизип, 1 саат 50 мүнөт аралыгында бышырабыз. Чыгарганда ортосу бир аз былкылдап турушу керек. Бышканда формадан чыгарбастан 5-8 саатка чейин муздаткычка салабыз.

4. Катаифини майдалап, ага мисте пастасын кошуп аралаштырабыз. Муну чизкейктин үстүнө тегиз жаябыз.

5. Глазурь жасоо үчүн шоколадга өсүмдүк майын кошуп жай отто эритип чыгарабыз. Чизкейктин үстүнө куюп айлантып тегиз жаябыз. Муздаткычка сала турабыз. Шоколады катыгандан кийин чыгарып, кесебиз. Бычакты ысык сууга салып, кайра суусун кургатып анан кесүү кажет. Ар бир кескенде ушундай ыкманы колдонсок, түз, тегиз кесилет.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо