№1214
Бир кезде Жылдыз Тутуева деген ысым Кыргыз эстрадасынын популярдуу жылдыздарынын бири эле. Жагымдуу үнү, харизмасы жана таланты менен сахнанын көркүн ачып, анын ырлары жана клиптери телеэкрандан тынбай көрсөтүлүп турчу. Кийинчерээк Жылдыз айым сахнадан көрүнбөй калган эле. Биз менен баарлашууга убакыт бөлүп, кызыктуу маек куруп берди.
– Саламатсызбы, Жылдыз эже? Атыңызга затыңыз жарашып, бир кезде сахнанын жаркыраган жылдызы элеңиз. Кийин сахнадан көрүнбөй кеттиңиз, мунун себеби эмнеде болду?
– Саламатчылык. Негизинен, чыгармачылыкты таштаган жокмун. Анткени чыгармачылык – бул жөн гана хоббим эмес, менин кесибим. Бул багытта 9 жыл окугам: 4 жыл Күрөңкеев атындагы окуу жайда, 5 жыл Улуттук консерваторияда. Сахнадан көрүнбөй кеткенимдин себеби – дагы бир кесибим бар. 2007-жылдан тарта чек ара кызматкеримин. Ал эми 2013-жылдан бери эл аралык “Манас” аэропортунда паспорттук көзөмөлдөө бөлүмүндө улук кызматкер болуп иштеп келе жатам.
– Чыгармачылыктан алыс тармакты тандаптырсыз. Башка тармакка кетүүгө эмне түрткү болду, ырчылыкта эле кала берсеңиз болбойт беле?
– Чыгармачылыкты толук таштап, башка тармакка өтүп кеткен жокмун. 2007-жылы чек ара кызматындагы ансамблде ырдап калдым. Кийин 2013-жылы ал жактан бөлүштүрүү болуп, “Манас” аэропортунда иштеп калдым. Бул күтүүсүз чечим эмес, жөн гана турмуштагы табигый бурулуш болду. Ар бир адам өз жолун табат эмеспи, буйрук экен. Жалпы багытым – баарын бирдей алып кетүү.
– Сиз популярдуу болуп турган жылдарды эскерип берсеңиз... Көз алдыңызга биринчи эмнелер тартылат?
– Ал жылдарды эстегенде көз алдыма биринчи кезекте жаштык, чыгармачылык жана сахнага болгон чоң сүйүү тартылат. Мен 16 жашымда Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, окуу менен практиканы бирдей алып жүрдүм. Практиканы театрдан өтүп, Жамал Сейдакматова жетектеген жаштар театрында иштедим. Ал учурда бул театр абдан популярдуу болчу. Ошол жерде Асылбек Өзүбеков, Мурат Мамбетов агайларым менен бирге иштеп, актёрдук чеберчилик боюнча тажрыйба топтодум. Ал учурда “популярдуумун” деп ойлочу эмес экенмин. Болгону сахнага берилип, өз ишимди сүйүп аткарчумун. Азыр артка кылчайып карасам, мазмундуу, күчтүү доор болуптур. Жалпысынан ал жылдар чоң мектеп болуп, бүгүнкү жолума бекем негиз болуп калды. Азыркы жумушумдан улуу-кичүү муун таанып калышат. “сизди "Арноо концерттен" көрчүбүз” деп көп айтышат.
– Кесиптештериңиз менен мамилеңиз кандай азыр? Кимдер менен байланыштасыз?
– Ырчылардын көбү менен байланышым абдан жакшы. Динара Акулова, Венера Сатылганова, Нуриса Абазова, Фарида Карбосова, Роза Шакирова жана башкалар менен мамилем жакшы. Көбү менен бир райондо, бири-бирибизге жакын жашайбыз.
– Калың журтка атыңызды тааныта алдыңыз. Элдин кызы болуу көп эмгекти талап кылдыбы?
– Бул жерде талант эле эмес, эмгек да чоң роль ойнойт. Ар бир ырчынын өзүнүн “жылдыздуу учуру” болот экен. Ошол учурду колдон чыгарбаш керек. Мисалы, бир убакта он ыр жаздырсам, ошонун ичинен бирөө гана хит болуп калчу. Анан ошол ырга клип тарттырып, костюмдарды тиктирип, көп эмгек жумшачубуз. Азыр эми антип жан талашуу жок, бир калыпта гана эмгектенип келатам.
– Чыгармачылыктагы чоң ийгилигим деп кайсы окуяны айтат элеңиз?
– 2005-жылы биринчи жеке концертимди бергем. Ушул окуяны айтат элем.
– Жакында жоокерлердин алдында ырдаганыңыз соцтармакта көпчүлүктө кызыгуу жаратты. Бул кайсы иш-чара эле?
– 23-февралда Бишкек мэриясы тарабынан концерт уюштурулуп, ошого чакырышкан. Тематикага ылайык алгач “Мекен” деген чыгармамды аткардым. Залды карасам, жалаң жаш жоокерлер экен. Андан кийин шаңдуу ырларды аткарып, маанайын көтөрүүгө аракет кылдым. Өзүм да энергия алып, аларды кошо шыктандырып, дем бердим окшойт. Ал көз ирмемдердин видеосун соцтармакка жүктөдүм. Кийин комментарийлерди карасам, жалаң жакшы сөздөр жазылыптыр. Бул мени абдан кубандырды.
– Сизде азыркы учурда кандай максаттар жашайт?
– Бардык адамда максат болот. Максат деле убакытка жараша бөлүнөт экен. Мисалы, мурунку максаттарга жеттим, эми кийинки максаттарга жетүүгө аракет кылам. Мамлекеттик кызматтан ардактуу эс алууга чыктым, бирок дагы эле иштеп жатам. Чыгармачылыкта болсо жаңы чыгармаларды жаратуунун үстүндөмүн.
– Кандай ырларды көбүрөөк жактырасыз жана эмне үчүн?
– Шаңдуу ырларды жакшы көрөм. Концерттерде көрүүчүлөргө жакын болуп, аларды бийлеткенге аракет кылам. Көрүүчүлөрдүн маанайын көтөргөнгө умтулам.
– Жаңы ырларды жаздыруу, жеке концерт берүү боюнча ойлоруңуз барбы?
– Ооба, оюмда бар. Жаңы ыр жаратуу оңойго турбайт. Ошондуктан кээ бир аткаруучулар башка бирөөнүн ырын аткарышат же эски ырларды жаңылап иштеп чыгышат. Мен андайды жактырбайм. Ошондуктан алдын ала эч нерсе айтпай турайын.
– Ата-энеңиз кайсы кесиптин ээлери?
– Атам сүрөтчү-жасалгалоочу. Апам ооруканада балдар бөлүмүнүн медайымы болуп эмгектенген. Ар дайым бизди колдоп, багыт берип келишет.
– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз...
– Баткендин Лейлек районуна келин болгом. Белгилүү “Биз” тобунун жетекчиси Бактияр Токторов бир тууган кайнагам. Жолдошум Касым Токторов – “Биз” тобунун солисти. Турмуш курганыбызга 25 жыл болду, эки кызыбыз бар. Улуусу 24 жашта, Дубайда туризм тармагында иштечү, жакында келди. Кичүүсү 15 жашта, учурда 9-класста окуп жатат. Жолдошум аялзатын сыйлаган, үй-бүлөгө камкор, мээримдүү ата.
– Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү кыйынчылык жаратпайбы сиз үчүн?
– Анчалык деле кыйын эмес. Анткени ар бир нерсенин өз орду бар. Эгер менин убактым болбой калса, үй иштерине жолдошум же кыздарым жардам беришет. Бизде “сен жаса, сенин ишиң” деген нерсе жок. Мисалы, кээде жумушумда кечки нөөмөт болуп калат. Андайда үйгө кеч келип, эс алышым керек болот. Ошондой учурларда бири-бирибизди түшүнүп, жардам берип турабыз. Жолдошум, кыздарым менен эки тармакты бирге ала кетүү кыйын деле эмес. Мектепте орус тилинде окугам, кээде кыргыз тилинен кыйналып калсам, жолдошум жардам берет.
– Чечим чыгарууда элдин пикирин эске аласызбы?
– Албетте, элдин пикирин эске алам. Бирок акыркы чечимди ички сезимиме таянып кабыл алам.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |