АЛБАРСТЫ БАСТЫ БЕЛЕ? 

№1214

Эл арасында “албарсты”, “албарсты басуу” түшүнүгү жашайт – адам уйкуда жаткандагы кубулуш. Бул ирет белгилүүлөргө “Албарсты басты беле?” деп суроо узаттык. Көпчүлүгү “ооба” деп жооп берди. 

Султан Каримов, Кыргыз Республикасынын  Эл артисти: “Конокко барганда баскан”

– Бала кезимде 2 жолу албарсты баскан. Атама, апама айтсам “келме келтирип жатып жүр” дешкен. Бир жолу үйдөгүлөр менен конокко барып калдык. Уктап жатсам, оор бир нерсе үстүмдөн басып муунтуп жаткандай болду. Кыйналып жатып эптеп ойгонуп, жаткан төшөгүмдү карасам нандын күкүмдөрү бар экен. Сыягы, төшөк салынгандан кийин үй ээсинин балдары ошол жерде нан жешкен окшойт. Ушундан улам болду окшойт деп калгам. Төшөктү күбүп тазалап, келме келтирип, анан тынч уктагам. Азыр деле кээде жатарда көп тоюп алып жатсам, тамак-аш жакшы сиңбегендиктен болот окшойт, уктап жатып кыйналам.

Мухтар Атаналиев, ырчы: “Капкара киши келип басып калган”

– Бала кезде дайыма апамдын жанында уктачумун. Анда 9-класс элем, адаттагыдай апамдын жанында жаткам. Бир маалда аркы бөлмөдөн бирөөнүн басып жүргөн дабышы чыкты. Апама айтсам “жөн укта, эч ким жок” деп койду. Аңгыча тиги дабыш катуулай баштады, апама дагы айттым, бирок жооп болбоду. Сыягы, уктап калган окшойт. Үн катуулай баштады. Анан эшикти ачып кирип, түз эле мага келип басып калды. Кыйкырып жатам “апа, айтпадым беле, мына мени басып калды, бошоткула!” деп. Бирок апамдан жооп жок. Акыры ошол муунтуп жаткан килейген, капкара кишиден эптеп бошонуп кеттим. “Чачынан кармаш керек” деген сөз эсиме келип, чачынан кармадым окшойт. Бир маалда колунан бошонуп көзүмдү ачсам, мени кара тер басып кетиптир. Апам уктап жатат, жарыкты күйгүзүп айтып берсем, "эч нерсе билбедим, кыйкырганыңды да укпадым" дейт. Кыйкырдым дегеним менен, үнүм чыкпаган окшойт. Анан “кишиң кана?” дейт, "тиги чыккан бөлмөгө кайра кирип кетти" дегеним эсимде.

Кутман Жолдошев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Мурда көп басчу”

– Албарсты деген өзү эмне экенин билбейм, бирок мурун көп басчу. Андай учурда кыймылдайын дейсиң, бирок кыймылдамак тургай оозуңдан сөз чыкпай калат. Жанымдагылар билип калып, мени ойготуп же тургузуп жиберишсе деп ичиңден тилеп, жардамга зар болосуң. Бирок алар басырык басканын билмек беле? Акыры өзүң жан далбастап жатып ойгоносуң.

Аксай Муканбет уулу: “Кээде муунтат, калчылдап калам”

– Мени албарсты 8-классымдан бери басып келет. Биринчи жолу басканда жүрөгүм түшүп, апама айтсам, “албарсты баскан турбайбы, келме келтирип жат” деген. Кийин бир жолкусунда басканда келме келтирсем жок болуп кетти, ошондо келме жардам берет экен деп калгам. Кээде жоголуп кетет, кайра пайда болуп калат. Басканда муунтат, калчылдап калам. Муну медицина жагынан карабай, сырдуу көрүнүш катары караш керек окшойт. Албарсты да кишиден кишиге көчөт деп калышат.

Алтынбек Ажалиев, куудул: “Менчик албарстым бар, көп басат”

– Негизи менин “собственный” албарстым бар, көп басат. Көптөн бери жоголуп кеткен эле, бирок кайра пайда болду. 2-3 күн мурун эле басты. Уктап жатсам эшиктен итпи же бир караанбы, айтор, бир нерсе келе жаткандай болот. Коркуп кетем, бирок коргонууга жетишпейм. Келет да басып калат. Кыйналып жатып эптеп ойгонуп, жанымдагыларга “ойготуп койбойт белеңер?” десем, “байкаган жокпуз” дешет. Келинчегим гана кээде байкап калып, түртүп ойготуп жиберет. Албарсты басканда үнүң араң чыгып калат дешет.

Чоң энемдин албарстысы бар болгон экен да, сыягы, ошол мага өткөн окшойт. Бул жөнүндө көп ойлоном, эмне болду экен деп. Жүрөк 1-2 секундга токтоп калып, ошондон болобу деп да коём. Албарсты эмнеден улам басарын деле билбейм, ушуну байкай жүрүш керек экен.  

Кубан Алимов, куудул: “Басарын билип калып оодарылып кетем”

– Мен 7 айлык болуп төрөлгөм, анын үстүнө апамдын 1 “штук” эле баласымын да. Ошогобу, айтор, сезимталмын. Караанга окшош бир нерсе басканы келе жатканын дароо билип калам да, шарт бир капталга оодарылып кетем. Бутумдун учунан өйдө келип тиземе жеткенде баса албай калып, жок болуп кетет.  

Айылчы Орозалиев, куудул: “Бутум жерге тийбей кыйналам”

– Кээде ушундай абал болот, ошол албарсты басканыбы, билбейм. Уктап жатып кыйналам. Көп кабат үйдө тепкичтен чыгып бараткандай болом, анан эле учуп баштайм. Анан жерге түшө албай, бутум жерге тийбей, дем жетпей кыйнала берем. Бир кезде ойгонуп кетем да, жеңилдей түшөм. Жумуш менен ар кандай адамдардын арасында болобуз. Мүмкүн, илешип келип калаттыр. “Нандын күкүмүнүн үстүнө, таза эмес жерге жатып калсам басат” дегендерди да угуп калам.

 

Зияш Турдубеков, актёр: “Башында коркчумун, азыр көнүп калдым”

– Басырык деп коём, мени көп басат. Ар кандай болуп, түсү кубулуп келет. Мисалы, таанышымдын кебетесинде же капкара караан болуп... Башында коркчумун, азыр жакшы тааныштай эле көрүп калдым. Ал келе жатканда жүрөгүм тез-тез согуп белги берет. Басайын деп келе жатканда алгач жакшы эле айтам “кетип кал” деп. Ага көнбөсө сөгөм, ага да болбосо сүрөө окуп баштайм. Ал окутпаганга аракет кылат, акыры окуп бүтөйүн дегенде жоголот. Көбүнчө катуу чарчаганымда басат. Тартуу иштерине ээн талааларда, ташталган үйлөрдө да болуп калабыз. Кээде эски кийимдерди кийип тартылабыз, чет өлкөлөргө барып конок үйлөргө түнөп калабыз. Ушундай учурларда көп басат. Кээде өңү капкара болуп келет, колу-бутун көрөм, моюнумдан муунтуп кыйнайт. Биринчи жолу 24 жашымда баскан, денем такыр кыймылдабай калган, ушунчалык оор болуп. Катуу кыйкыргам, бирок турсам кыйкырганымды эч ким укпаптыр.

P.S: Актёрлор Турусбек Жумалиев, Аскат Сулайманов, Камчы Сарыбаев, Адилет Акматов, куудул Кубик Калыков, ырчы Гүлмира Макелек кызы, Азамат Отунчиев “мени бир да жолу албарсты баскан эмес” деп жооп беришти.

Канымжан Усупбекова 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо