БУУ: Ар бир төртүнчү кыргыз жакырчылыкта жашайт    

№1214

Кыргызстанда калктын орточо 26 пайызы жакырчылык чегинде жашайт. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан жарыяланган 2026-жылдын март айындагы отчётто айтылат.

Изилдөөгө ылайык, өлкө жарандарынын 41 пайыздан ашыгы толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүк таба албайт. Ошондой эле калктын 75 пайызы жашоо шартын сактап калуу үчүн терс ыкмаларды колдонууга аргасыз. Мисалы, карыз алуу же саламаттык сактоого кетчү чыгымдарды кыскартуу. Эң оор абал Баткен облусунда байкалууда, бул аймакта жакырчылык деңгээли 40 пайыздан ашат.

Өлкөдө жетишсиз тамактануу маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калып жатканы да белгиленет. Беш жашка чейинки балдардын 21 пайызында аз кандуулук (анемия) аныкталган.

– Экономиканын өсүү ыргагы жогору болгонуна карабастан, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу алсыз бойдон калууда. Мунун негизги себептеринин катарына эмгек мигранттары жиберген акча каражаттарына көз карандылык, айыл чарбасынын өзүн-өзү камсыздоо деңгээлинин төмөндүгү, азык-түлүк жана күйүүчү май бааларынын өсүшү, ошондой эле климаттык коркунучтар кирет,- деп жазылат маалыматта.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо