Иран 5 өлкөнүн кемелерине Ормуздан өтүүгө уруксат берди   

№1214

Иран достук мамиледеги өлкөлөрдүн кемелеринин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшүнө уруксат берди. Бул үчүн кемелер коопсуздук талаптарын сактап, Тегеран менен макулдашуусу керектигин чет элдик басылмалар жазышууда. 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи мындай мүмкүнчүлүк Кытай, Орусия, Индия, Ирак жана Пакистанга берилгенин билдирди. Калган өлкөлөрдүн кемелерине аталган кысык жабык бойдон калууда.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт. АКШ менен Израилдин кол салуусунан кийин Иран аталган кысыкты жаап, ондогон кемелерге чабуул жасалып, миңдеген кемелер өтө албай туруп калган. Дүйнөлүк мааниге ээ бул кысыктын айынан бир катар өлкөлөрдө күйүүчү май тартыштыгы жаралып жатканын ЖМКлар кабарлашты. Мисалы, Улуу Британиянын айрым аймактарында дыйкандарга дизель майын сатууга чектөө киргизилгени тууралуу маалыматтар чыкты. 

Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос өлкөдө күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыялады. Эл аралык басылмалар энергетикалык кризис Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам мунайдын баасынын кескин көтөрүлүшү менен байланыштуу экенин жазышты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо