Бизнести негизсиз текшерүү боюнча мораторий 3 тармакка иштебейт 

№1214

Президенттин бизнести негизсиз текшерүү боюнча киргизген мораторийи Салык кызматынын, Бажы кызматынын жана Жарандык авиация кызматынын ишине тиешеси жок. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радиого” маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, аталган кызматтар тиешелүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Бирок башка органдардын текшерүүсүнө 2026-жылдын 31-декабрына чейин тыюу салынат.

Айта кетсек, жыл башында президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерге салык көзөмөлүн жүргүзүүгө тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлык чыгарып, 2026-жылдын 31-декабрына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизилгени кабарланган эле. Ага ылайык, мыйзамсыз текшерүүлөргө, кысымга жана кызмат адамдарынын негизсиз кийлигишүүсүнө уруксат берилбейт. Эгерде бул талаптар бузулса же мыйзамсыз текшерүүлөр жасалса ишкерлер прокуратурага кайрылышса болору эскертилген. 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо